КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА
Түшүнө билүү
Түшүнө билүү өз ичине башка бирөөнүн ой жүгүртүүсүн, сезимдерин, баалаган нерселерин, муктаждыктарын эске алууну камтыйт. Түшүнө билгенибиз башкаларга байкалбай койбойт. Эгер кимдир бирөөгө чындап жардам бергибиз келсе, аны түшүнө билгенге аракет кылабыз. Ошондой эле кызматта жолуктурган адамдарга түшүнүү менен мамиле кылсак, Жахабанын сүйүүсүн, камкордугун чагылдырган болобуз. Ошонун аркасында алар Жахабага тартылат (Фп 2:4).
Түшүнө билгенибиз окутканыбыздан эле эмес, кунт коюп укканыбыздан, сүйлөгөнүбүздөн, көз карашыбыздан, жаңсоолорубуздан жана жүзүбүздөн да байкалып турушу керек. Адамга чындап көңүл бурсак, аны түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз. Анын эмнеге кызыгарын, эмнеге ишенерин, жагдай-шартын да эске алабыз. Иш жүзүндө колдонорлук маалымат таап берип, кеп-кеңешибизди айтабыз, бирок өзгөргөнгө мажбурлабайбыз. Эгер айткандарыбызды ал өзү каалап кабыл алса, бул бизге зор кубаныч тартуулайт.
«ШАКИРТ ДАЯРДООДОН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА. ЧЕБЕРЧИЛИГИҢЕРДИ АРТТЫРГЫЛА. ТҮШҮНӨ БИЛҮҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Лили кечиккенде, Ниита аны түшүнөрүн кантип көрсөттү?
-
Лили стресс болуп жатканын айтканда, Ниита ага кантип түшүнүү менен мамиле кылды?
-
Лили өзүнүн тыкан эмес экенин айтканда, Ниитанын аны түшүнөрү эмнеден көрүндү?