Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА

Жүрөгүн козгоо

Жүрөгүн козгоо

Жахабага тил алганга жүрөк түрткү бериши керек (Нкл 3:1). Ошол себептен кимдир бирөөнү окутуп жатканда жүрөгүн козгогонго аракет кылышыбыз зарыл. Ан үчүн эмне кылсак болот?

Изилдеп жаткан кишиге Ыйык Китептеги чындыкты үйрөтүп эле тим болбогула. Окуп-билгендери анын жашоосуна, Жахаба менен болгон мамилесине кандай таасир этиши керектигин түшүнгөнгө жардам бергиле. Ыйык Китептеги принциптер Жахабанын бизди сүйөрүн, бизге жакшылык каалаарын, адил экенин кандайча көрсөтүп турарын аңдаганга көмөк кылгыла. Окуп-билгендери ага кандай таасир этип жатканын текшере алышы үчүн, сылыктык менен суроолорду бергиле. Туура эмес көз карашын же жаман адатын таштаса, кандай пайда алары тууралуу ойлонуп көргөнгө түрткү бергиле. Силер менен изилдеп жаткан кишинин Жахабаны чын жүрөктөн сүйөрүн көргөндө кубанычыңар койнуңарга батпай сүйүнөсүңөр.

«ШАКИРТ ДАЯРДООДОН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА. ЧЕБЕРЧИЛИГИҢЕРДИ АРТТЫРГЫЛА. ЖҮРӨГҮН КОЗГОО» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эмне үчүн Ниита Лилиден: «Биринчи күнү сүйлөшкөндөрүбүз жөнүндө ойлонуп көрдүңбү?» — деп сурады?

  • Ал ага Ыйык Китептеги принциптерден Жахабанын аны жакшы көрөрүн билсе болорун кантип түшүндүрдү?

  • Изилдеп жаткан кишинин жүрөгүн козгосок, ал Жахабага жакындоого түрткү алат

    Кудайды жакшы көрөрүн далилдеш үчүн эмне кылса болору тууралуу ой жүгүрткөнгө кантип жардам берди?