Ышая 58:1—14

  • Чын жүрөктөн жана калп эле орозо тутуу (1—12)

  • Өзгөчө рахат тартуулаган дем алыш күнү (13, 14)

58  Ал мага мындай деди: «Болгон үнүң менен кыйкыр, тынч турба! Үнүңдү мүйүз сурнайдай бийик чыгар. Менин элиме козголоңун,+Жакыптын урпактарына күнөөлөрүн айт.  2  Алар адил иш кылган,Кудайынын адилеттүү жолунан чыкпаган эл болгонсуп,Күнүгө жол көрсөтүшүмдү сурашат,Менин талаптарымды билгенине кубанарын айтышат.+ Менден адил өкүм чыгарышымды өтүнүшөт,Өз Кудайына жакындаганына кубангансып:+  3  „Биз орозо тутсак, эмнеге көрбөйсүң?+ Күнөөлөрүбүз үчүн кайгырганыбызды көрсөтсөк*, эмнеге байкабайсың?“+ — деп жатышат. Мен болсо мындай дейм: „Себеби силер орозо туткан күнү өз кызыкчылыгыңарды көздөйсүңөр,Жумушчуларыңарга кысым көрсөтөсүңөр.+  4  Орозоңор уруш-талаш, жаңжал менен бүтөт,Атүгүл башкаларды аёосуз муштайсыңар. Ушинтип орозо тутсаңар, үнүңөр асманга жетмек беле?  5  Туткан орозосу мага жагышы үчүн,Пенде күнөөлөрү үчүн өкүнгөнүн көрсөтүп,Башын камыштай шылкыйтып,Алдына таар жайып, күл төшөнүп эле коюшу керекпи? Ушуну мага, Жахабага, жаккан орозо дейсиңерби?  6  Жок, орозоңор мага жагышы үчүн,Адилетсиздиктин кишендерин,Моюнтуруктун жиптерин чечип салгыла,+Кысымга алынгандарды эркиндикке чыгарып,+Моюнтуруктун баарын талкалагыла;  7  Наныңарды ачкалар менен бөлүшкүлө,+Бей-бечара менен үйү жокту үйүңөргө киргизгиле. Жылаңач бирөөнү көрсөңөр, кийим кийгизип,+Жакыныңардан жүзүңөрдү тескери бурбагыла.  8  Ошондо жарыгыңар таң шооласындай жаркырап,+Заматта айыгасыңар. Адилдигиңер алдыңарда жүрөт,Жахабанын даңкы артыңардан коргойт.+  9  Жахабаны чакырганыңарда, ал жооп берет. Жардам сураганыңарда: “Мен мындамын!” — дейт. Эгер араңардан моюнтурукту жок кылсаңар,Сөөмөйүңөрдү көзөгөнүңөрдү*, кордогон сөздөрдү айтканыңарды койсоңор,+ 10  Өзүңөр каалаганды ачка бирөөгө берсеңер,+Запкы жеген кишинин муктаждыгын канааттандырсаңар,Анда жарыгыңар караңгыда да жаркырайт,Түнүңөр чак түштөй болот.+ 11  Жахаба силерди ар дайым жетектеп,Кагыраган жерде да муктаж болгон нерсеңерди берет;+Силерди күч-кубатка толтурат,Ошондо жакшы сугарылган бакчадай,+Суусу эч качан соолубаган булактай болосуңар. 12  Эчак ураган шаарлар силер үчүн калыбына келтирилет.+ Муундан муунга уранды астында жаткан пайдубалдарды кайрадан тургузасыңар.+ Силерди ураган дубалдарды калыбына келтиргендер,+Боюна эл отурукташа турган жолдорду жаңырткандар деп аташат. 13  Эгер дем алыш күнү, менин ыйык күнүмдө, өз каалооңорду аткаргандан баш тартсаңар,+Ал күндү өзгөчө рахат тартуулаган, Жахабанын ыйык күнү, абдан маанилүү күн деп эсептесеңер,+Керт башыңардын кызыкчылыгын көздөбөй, куру сөздөрдү сүйлөбөй, аны абдан маанилүү күн катары көрсөңөр, 14  Анда мен, Жахаба, силер үчүн зор кубанычтын булагы болом. Силерге тоолор менен адырларды багындырып берем,+Бабаңар Жакып мураска алган жердин түшүмүнөн жедирем.+ Анткени бул сөздөрдү мен, Жахаба, айттым“».

Шилтемелер

Бул орозо тутууну, өзүн-өзү тыюу, чектөө сыяктуу нерселерди билдириши мүмкүн.
Сыягы, бирөөнү жек көрүп же жалаа жаап көзөгөнүн билдирет.