Шемуелдин 2-китеби 9:1—13

  • Дөөтү Мепибешетке жакшылык кылат (1—13)

9  Бир күнү Дөөтү: «Шабулдун үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө калдыбы? Мен ага, Жонатанга берген убадама ылайык, жакшылык кылат элем*»,— деди.+ 2  Шабулдун үйүндө кызмат кылган Сиба+ деген киши бар эле. Аны Дөөтү падышага чакырып келишти. Падыша андан: «Сиба деген сенсиңби?» — деп сурады. Ал: «Ооба, мырзам, менмин»,— деп жооп берди. 3  Падыша ага: «Шабулдун үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө калдыбы? Мен ага Кудай жакшылык кылгандай жакшылык кылмакмын*»,— деди. Сиба: «Жонатандын эки буту тең майып* бир уулу бар»,— деди.+ 4  «Ал кайда?» — деп сурады падыша. Сиба: «Ло-Дебарда, Амиелдин уулу Махирдин+ үйүндө»,— деди. 5  Дөөтү падыша ошол замат Ло-Дебарга киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдикинен алдырды. 6  Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дөөтүгө келип, жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылды. Дөөтү ага: «Мепибешет!» — деди. Ал: «Кулуңуз угуп жатат»,— деди. 7  Дөөтү: «Коркпо, мен сага атаң Жонатан үчүн жакшылык кылам.+ Сага чоң атаң Шабулдун бүт жерин кайрып берем. Сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасың»,— деди.+ 8  Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Кулуңузга, мендей өлгөн итке+ көңүл бургудай, мен ким болуп калыптырмын?» — деди. 9  Падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып: «Шабулга, анын үй-бүлөсүнө эмне таандык болсо, ошонун баарын мырзаңдын небересине берем.+ 10  Мырзаңдын небересинин үй-бүлөсү тамак-аштан кем болбошу үчүн, сен уулдарың, кызматчыларың менен бирге анын жерин иштетип, түшүмүн жыйнайсың. Мырзаңдын небереси Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат»,— деди.+ Сибанын 15 уулу, 20 кызматчысы бар эле.+ 11  Сиба падышага: «Улуу урматтуу падышам, кулуңузга эмне десеңиз, кулуңуз ошонун баарын аткарат»,— деди. Ошентип, Мепибешет падышанын уулдары сыяктуу эле Дөөтүнүн дасторконунан тамактанып калды. 12  Мепибешеттин Миха+ деген кичинекей баласы бар эле. Сибанын үйүндөгүлөрүнүн баары Мепибешетке кызмат кылып калышты. 13  Мепибешет дайыма падышанын дасторконунан тамактангандыктан Иерусалимде жашады.+ Анын эки буту тең майып болчу.+

Шилтемелер

Же: «туруктуу сүйүү көрсөтөт элем».
Же: «Кудайдыкындай туруктуу сүйүү көрсөтмөкмүн».
Же: «аксаган».