Шемуелдин 1-китеби 31:1—13

  • Шабул 3 уулу менен кошо каза табат (1—13)

31  Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп,+ ысрайылдыктар алардан качып жөнөштү. Алардын көбү Гилбоя тоосунда өлдү.+ 2  Пелиштиликтер Шабул менен анын уулдарынын артынан сая түшүп, уулдарын:+ Жонатанды,+ Абынадапты, Малкишуаны өлтүрүштү. 3  Анан Шабулду бутага алып, чабуулун ого бетер күчөтүштү. Ошентип, жаачылар аны катуу жарадар кылышты.+ 4  Шабул куралын көтөргөн жигитине: «Кылычыңды сууруп, мени сайып сал. Болбосо бул сүннөткө отургузулбагандар+ келип, мени сайып, кордоп өлтүрүшөт*»,— деди. Бирок ал коркуп, болбой койду. Ошондо Шабул кылычына сайынып өлдү.+ 5  Анын өлгөнүн көрүп,+ курал көтөргөн жигити да кылычына сайынып, аны менен кошо өлдү. 6  Ошентип, Шабул менен анын 3 уулу, куралын көтөргөн жигити жана кишилеринин баары ошол күнү каза табышты.+ 7  Ысрайылдык жоокерлердин душмандардан качканын, Шабул менен анын уулдарынын өлгөнүн билгенде өрөөндө жана Иордандын аймагында жашаган ысрайылдыктар шаарларын таштап, качып жөнөштү.+ Пелиштиликтер келип, ал шаарларды ээлеп алышты. 8  Кийинки күнү пелиштиликтер өлгөндөрдүн буюмдарын тоногону келип, Гилбоя тоосунан+ Шабул менен анын 3 уулунун өлүгүн табышты. 9  Алар Шабулдун башын кесип, курал-жарагын чечип алышты да, бул тууралуу буркандарынын+ ибадатканаларында жана эл арасында жарыялаш үчүн бүт Пелишти жерине кабар жиберишти.+ 10  Анан анын куралын Астартанын ибадатканасына коюп коюшту, денесин болсо Бет-Шандын+ дубалына кадап салышты. 11  Жабеш-Гилаттын+ тургундары пелиштиликтердин Шабулду эмне кылганын угушканда, 12  жоокерлеринин баары Бет-Шанды көздөй жөнөп, түнү менен жол жүрүштү. Алар Шабул менен анын уулдарынын өлүгүн дубалдан түшүрүп, Жабешке алып келишти. Анан аларды өрттөп, 13  сөөктөрүн+ Жабештеги балгын дарагынын түбүнө көмүп,+ 7 күн орозо тутушту.

Шилтемелер

Же: «аёосуз мамиле жасашат».