Шемуелдин 1-китеби 10:1—27

  • Шабул падыша болуп дайындалат (1—16)

  • Шабулдун падыша болгону элге айтылат (17—27)

10  Шемуел май куюлган идишти алып, Шабулдун башына май куйду да,+ аны өөп, мындай деди: «Жахаба сени майлап, өзүнүн элине жол башчы+ кылып дайындады.+ 2  Бүгүн менин жанымдан кеткенден кийин Бенжемин уруусундагылардын жериндеги Селсактан, Рахилдин мүрзөсүнүн+ жанынан эки кишиге жолугасың. Алар сага: „Сен издеп кеткен эшектер табылды. Эми атаң аларга эмес,+ силерге сарсанаа болуп: “Уулум эмгиче келе элек, эми эмне кылам?” — деп жатат“,— деп айтышат. 3  Андан ары жолуңду улап, Табордогу чоң дарактын жанына барасың. Ал жерден чыныгы Кудайга сыйыныш үчүн Бейтелге+ бараткан үч кишиге жолугасың. Алардын бири үч улак, экинчиси үч нан, үчүнчүсү шарап куюлган чоң кумара көтөрүп бараткан болот. 4  Алар ал-жайыңды сурап, сага эки нан берет, аларды ал. 5  Андан кийин пелиштиликтердин күзөтчүлөрүнүн тобу жайгашкан жерге, чыныгы Кудайдын дөңсөөсүнө, барасың. Шаарга жакындаганыңда Кудайга сыйына турган бийик жерден түшүп келаткан пайгамбарлардын тобун жолуктурасың. Алар пайгамбарлык кылып*, алдыда келаткандар болсо кыл аспапта ойноп, дап кагып, чоор тартып, арфа чертип келатышкан болот. 6  Ошондо сага Жахабанын ыйык руху* таасир этет да,+ сен алар менен бирге пайгамбарлык кылып, башка адам болуп каласың.+ 7  Бул айтылгандардын баары аткарылганда, милдетиңди аткарыш үчүн колуңдан келгендин баарын кыл. Анткени чыныгы Кудай сени колдойт. 8  Андан кийин менден мурда Гилгалга+ барасың, мен да ошол жакка бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганы барам. Мен баргыча, жети күн күтө тур, анан сага эмне кылышты айтам». 9  Шабул Шемуелдин жанынан кетейин деп бурулганда, Кудай анын жан дүйнөсүн өзгөртө баштады. Айтылган жышаандардын баары ошол күнү аткарылды. 10  Ал жактан алар* дөңсөөнү көздөй жөнөштү. Шабулдун алдынан пайгамбарлардын тобу чыкканда, ага Кудайдын ыйык руху таасир эте баштады.+ Ошондо ал тигилерге кошулуп пайгамбарлык кылып* кирди.+ 11  Анын пайгамбарлар менен чогуу пайгамбарлык кылып жатканын көрүп, аны тааныгандардын баары бири-бирине: «Киштин уулу Шабулга эмне болгон? Ал да пайгамбар болуп кеткенби?» — деп жатышты. 12  Ошондо ал жердегилердин бири: «Тиги пайгамбарларчы? Алардын аталары ким эле?!» — деди. «Шабул да пайгамбар болуп кеткенби?»+ — деген сөз ошондон калган. 13  Пайгамбарлык кылгандан кийин Шабул Кудайга сыйына турган бийик жерге барды. 14  Кийинчерээк атасынын бир тууганы аны менен кызматчысынан: «Каякка бардыңар?» — деп сурады. Ал: «Эшектерди издеп,+ таппай койгондуктан Шемуелге бардык»,— деди. 15  Ошондо агасы Шабулдан: «Шемуел силерге эмне деди? Айтып берчи»,— деди. 16  Шабул ага: «Ал бизге эшектердин табылганын айтты»,— деди, бирок анын падыша болору жөнүндө айткандарын айткан жок. 17  Шемуел элди Миспага, Жахабанын алдына чогултуп,+ 18  аларга: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым. Силерди Мисирден, силерге кысым көрсөткөн башка падышалыктардын баарынан куткардым.+ 19  Силер болсо: “Жок, бизге падыша шайлап бер!” — деп, силерди ар кандай жамандыктан, азаптан куткарган Кудайыңарды четке кагып койдуңар.+ Эми өз урууңар, уругуңар* менен Жахабанын алдына тургула“»,— деди. 20  Анан Шемуел баарына уруусу менен келиши керектигин айтты.+ Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү.+ 21  Андан кийин Бенжемин уруусундагыларга урук-уругу менен келиши керектигин айтты. Ошондо матырлыктардын уругу көрсөтүлдү. Акыры, Киштин уулу Шабул көрсөтүлдү.+ Бирок аны издеп, таппай коюшту. 22  Анан Жахабадан: «Ал бул жерге келди беле?» — деп сурашты.+ Жахаба: «Тигине, жүктөрдүн арасында жашынып турат»,— деди. 23  Алар чуркап барып, аны алып келишти. Шабул келип, элдин ортосуна турганда, баары анын ийнинен келди.+ 24  Шемуел бүт элге: «Жахабанын кимди тандаганын көрдүңөрбү?!+ Элдин арасында мындай эч ким жок»,— деди. Ошондо элдин баары: «Жашасын падыша!» — деп кыйкыра баштады. 25  Шемуел элге падышанын укуктарын айтып,+ аларды китепке жазды да, аны Жахабанын алдына койду. Анан элди үйлөрүнө таратты. 26  Шабул да үйүнө, Гибага кетти. Жахаба айрым жоокерлерге түрткү бергендиктен, алар Шабул менен кетишти. 27  Бузуку адамдардын кээ бирлери болсо: «Бул бизди кантип куткармак эле?»+ — деп аны жаман көрүп, ага эч кандай белек беришкен жок.+ Бирок Шабул унчуккан жок.

Шилтемелер

Бул жерде алардын өздөрүн пайгамбарлардай алып жүргөнү, сүйлөгөнү жөнүндө айтылып жатат.
Башкача айтканда, ыйык күчү.
Бул жерде Шабулдун өзүн пайгамбарлардай алып жүргөнү, сүйлөгөнү жөнүндө айтылып жатат.
Сыягы, Шабул менен кызматчысы.
Же: «миңдеген кишилерден турган топторуңар».