Сандар 35:1—34

  • Лебилерге шаар бөлүп берүү (1—8)

  • Баш калкалай турган шаарлар (9—34)

35  Жахаба Мусага Жерихонун тушунда, Мааптын Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө,+ дагы мындай деди: 2  «Ысрайыл элине айт, өзүлөрүнө тийген үлүштөн лебилерге жашай турган шаарларды,+ алардын тегерегиндеги жерлерди беришсин.+ 3  Ал шаарларда лебилердин өздөрү жашайт, ал эми алардын тегерегиндеги жерлер чарба иштери үчүн колдонулуп, малы менен башка жаныбарларына жайыт болот. 4  Лебилерге өздөрү жашай турган шаарлардын тегерегинен жер бериш үчүн шаардын дубалынын төрт тарабынан тең 445 метрден* эсептегиле. 5  Ошентип, шаардын ар бир тарабынан: чыгыш, түштүк, батыш, түндүк тарабынан 890 метр* эсептегиле. Шаар ортосунда болот. Бул жерлер анын тегерегиндеги жайыт болот. 6  Лебилерге кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши качып барып,+ баш калкалай турган 6 шаар,+ андан сырткары, дагы 42 шаар бөлүп бергиле. 7  Ошентип, аларга бардыгы биригип 48 шаар тегерегиндеги жерлери менен кошо берилсин.+ 8  Ал шаарларды ысрайыл элинин үлүштөрүнөн бөлүп бергиле.+ Саны көп уруудан көбүрөөк алгыла, саны аз уруудан азыраак алгыла.+ Ар бир уруу өзүнө тийген үлүштүн көлөмүнө жараша лебилерге шаар бөлүп берсин». 9  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 10  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Силер Канаан жерине барыш үчүн Иордан дарыясынан өткөнү жатасыңар.+ 11  Баш калкалай турган шаарларды өзүңөргө ыңгайлуу жерден тандагыла. Кимдир бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган киши ошол шаарлардын бирине качып барат.+ 12  Ал жамааттын* алдында соттолгонго чейин өлгөн кишинин кунун кууган адамдын+ колунан өлүп калбашы үчүн ошол шаарлардын бирине качып барып, баш калкалайт.+ 13  Силер бөлүп бере турган ошол 6 шаар ушундай максатта колдонулат. 14  Баш калкалай турган ал шаарлардын үчөөнү Иордандын ушул өйүзүнөн,+ үчөөнү Канаан жеринен бергиле.+ 15  Ал 6 шаарга кимдир бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган киши, ал ысрайылдык болобу, ысрайыл элинин арасында жашаган бөтөн жерликпи+ же убактылуу жер которуп келген кишиби, ким болбосун, качып барып, баш калкалай алат.+ 16  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү темир бир нерсе менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын.+ 17  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү таш менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын. 18  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү жыгач бир нерсе менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын. 19  Киши өлтүргүчтү өлгөн адамдын кунун кууган киши өлтүрсүн, аны жолуктурган жеринен өлтүрсүн. 20  Эгер кимдир бирөө жек көргөн кишисин түртүп жибергенде же аны көздөй атайлап бир нерсе ыргытканда,+ ал өлүп калса, 21  же экөө уруша кетип, аны колу менен уруп жибергенде, ал өлүп калса, урган киши өлүм жазасына тартылсын. Себеби ал — киши өлтүргүч. Өлгөн адамдын кунун кууган киши аны жолуктурган жеринен өлтүрсүн. 22  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү жаман көргөндүктөн эмес, байкабай түртүп кетсе же арам ою жок эле аны көздөй бир нерсе ыргытып жиберсе,+ 23  же көрбөй үстүнө таш түшүрүп жиберсе, анан ал киши өлүп калса, бирок өлтүрүп алган киши анын душманы болбосо же ага эч кандай жамандык каалабаган болсо, 24  жамаат ушул көрсөтмөлөргө карманып, ал киши менен өлгөн кишинин кунун кууган адамдын ортосундагы ишти териштирсин.+ 25  Анан жамаат киши өлтүрүп алган адамды кун кууган адамдан куткарып, өзү качып барган шаарга кайра жөнөтсүн. Ыйык май менен майланып дайындалган башкы дин кызматчы+ өлгөнгө чейин, ал ошол жерде жашашы керек. 26  Эгер бирөөнү өлтүрүп киши өзү качып барган баш калкалоочу шаардын сыртына чыкса, 27  анан аны өлгөн адамдын кунун кууган киши кармап алып, өлтүрүп койсо, кун кууган киши кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт. 28  Себеби киши өлтүрүп алган адам баш калкалоочу шаарда башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашашы керек. Ал өзүнүн жерине башкы дин кызматчы өлгөндөн кийин гана кайтып барса болот.+ 29  Булар — кайсы жерде жашабагыла, өзүңөр да, укум-тукумуңар да аткарышыңар керек болгон мыйзамдар. 30  Кимдир бирөөнү өлтүргөн адам күбөлөрдүн ырастоосу боюнча+ киши өлтүргүч катары өлүм жазасына тартылсын.+ Бирок эч кимди бир эле күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартканга болбойт. 31  Кимдир бирөөнү өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла, анткени ал өлүм жазасына тартылышы керек.+ 32  Ошондой эле баш калкалай турган шаарга качып барган киши үчүн кун албагыла, ага башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин өз жерине кайтып барганга жол бербегиле. 33  Өзүңөр жашаган жерди арамдабагыла, төгүлгөн кан жерди арамдайт.+ Кан төгүлүп арамдалган жерди кан төккөн кишинин каны менен гана тазартса болот.+ 34  Өзүңөр жашаган жерди арамдабагыла, себеби мен да ошол жерде жашайм. Мен, Жахаба, ысрайыл элинин арасында жашайм“».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «1 000 чыканактан». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «2 000 чыканак». Сыягы, шаардын төрт тарабындагы жердин ар бир тарабынын жалпы узундугу. Бул эсепке шаардын өзүнүн узун-туурасы кирген эмес.
Сыягы, жамааттын өкүлдөрү болгон сотторду билдирет.