Сандар 31:1—54

  • Мидиандыктардан өч алуу (1—12)

    • Билам өлтүрүлөт (8)

  • Согуштан түшкөн олжого тиешелүү көрсөтмө (13—54)

31  Анан Жахаба Мусага: 2  «Ысрайыл эли үчүн мидиандыктардан+ өч ал,+ ошондон кийин ата-бабаларыңа окшоп көз жумасың»,— деди.+ 3  Муса элге кайрылып: «Араңардан согушка бара тургандарга курал-жарак бергиле. Алар мидиандыктар менен согушуп, Жахаба үчүн өч алышат. 4  Согушка Ысрайыл урууларынын ар биринен 1 000ден киши жөнөткүлө»,— деди. 5  Ошондо миңдеп саналган ысрайыл элинин+ ар бир уруусунан 1 000ден киши алынды, баары биригип 12 000 киши согушка даяр болду. 6  Ошентип, Муса ар бир уруудан 1 000ден киши алып, дин кызматчы Элазардын уулу Пинехас+ менен бирге согушка жөнөттү. Пинехаска ыйык нерселер, белги бере турган сурнайлар+ тапшырылды. 7  Жахаба Мусага буйрук кылгандай, алар мидиандыктар менен согушуп, эркек аттууларынын баарын өлтүрүштү. 8  Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Мидиандын 5 падышасы: Эби, Рекем, Зур, Хур, Реба бар эле. Алар Беордун уулу Биламды+ да кылыч менен өлтүрүштү. 9  Мидиандыктардын аялдары менен балдарын туткундап, бодо малы менен майда малын, бүт мүлкүн олжолоп алышты. 10  Ал эми шаарлары менен конуштарынын* баарын өрттөп жиберишти. 11  Тоноп алган нерселери менен олжосунун бардыгын: адамдарды да, малды да алып кетишти. 12  Анан туткундарды, олжолоп алган нерселерин Муса менен дин кызматчы Элазарга, бүт жамаатка алып барышты. Алар ошол учурда Жерихонун тушунда, Мааптын+ Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, жашап жатышкан. 13  Муса менен дин кызматчы Элазар жана жамааттын бардык башчылары аларды тосуп алганы конуштан чыгышты. 14  Муса согуштан кайтып келген аскер башчыларына: миң башылар менен жүз башыларга ачууланып, 15  мындай деди: «Аялдарды өлтүргөн жоксуңарбы? 16  Биламдын айтканы боюнча ысрайылдыктарды Жахабага баш ийбей,+ Пеордо+ жалган кудайга сыйынганга азгыргандар ушулар эмеспи?! Жахабанын жамааты ошон үчүн жазаланбады беле?!+ 17  Эркек балдарын, эркек менен жаткан аялдарынын баарын өлтүргүлө. 18  Ал эми эркек көрө элек кыздарына тийбегиле.+ 19  Өзүңөр болсо 7 күн конуштун сыртында калгыла. Киши өлтүргөндөр менен өлүккө тийгендердин+ баары үчүнчү жана жетинчи күндөрү тазалануу расмисин кылышы керек.+ Өзүңөр да, туткундарыңар да тазалангыла. 20  Кийимдердин, булгаары буюмдардын, эчкинин жүнүнөн, жыгачтан жасалган нерселердин баарын тазалагыла». 21  Дин кызматчы Элазар согушка барып келген жоокерлерге мындай деди: «Жахабанын Мусага берген көрсөтмөсү мындай: 22  „Алтынды, күмүштү, жезди, темирди, калайды, коргошунду, 23  отко күйбөй тургандардын баарын отко салгыла. Ошондо таза болот. Андан кийин аларды тазартуучу суу+ менен да тазалагыла. Ал эми отко салса болбой турган нерселерди суу менен жуугула. 24  Жетинчи күнү кийимиңерди жуугула, ошондо таза болосуңар. Ошондон кийин конушка кирсеңер болот“».+ 25  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 26  «Дин кызматчы Элазар менен жамааттагы урук башчылары болуп олжону: туткунга түшкөн адамдарды, малды санап чык. 27  Анан олжону согушка барып келгендер менен конушта калгандарга тең бөлүп бер.+ 28  Согушка барып келгендерге тийген олжодон ар бир беш жүзүнчү жанды: беш жүзүнчү кишини, бодо малды, эшекти, майда малды алып, Жахабага үлүш катары бериш үчүн өзүнчө бөлүп кой. 29  Жоокерлерге тийген үлүштөн ошолорду алып, Жахабага арналган тартуу катары дин кызматчы Элазарга бер.+ 30  Ал эми конушта калгандарга тийген олжодон ар бир элүүнчү кишини, бодо малды, эшекти, майда малды жана башка үй жаныбарларын алып, Жахабанын ыйык чатырында+ милдеттерин аткарып жаткан лебилерге бер».+ 31  Жахаба кандай айтса, Муса менен дин кызматчы Элазар так ошондой кылышты. 32  Согушка баргандар алып келген олжонун калганын эсептегенде, 675 000 майда мал, 33  72 000 бодо мал, 34  61 000 эшек болду. 35  Ал эми эркек көрө элек кыздарды+ эсептегенде, 32 000 болду. 36  Согушка баргандарга тийген үлүш 337 500 майда мал болду. 37  Алардын 675и Жахабага үлүш катары берилди. 38  Бодо малдын саны 36 000 болду, алардын 72си Жахабага үлүш катары берилди. 39  Эшектердин саны 30 500 болду, алардын 61и Жахабага үлүш катары берилди. 40  Ал эми адамдардын саны 16 000 болду, алардын 32си Жахабага үлүш катары берилди. 41  Жахаба буйрук кылгандай, Муса алардын баарын Жахабага арналган тартуу катары дин кызматчы Элазарга берди.+ 42  Муса согушка баргандарга олжосун бөлүп бергенден кийин, конушта калгандарга тийген олжону эсептегенде, 43  337 500 майда мал, 44  36 000 бодо мал, 45  30 500 эшек болду. 46  Ал эми адамдардын саны 16 000 болду. 47  Анан Муса, Жахаба буйругандай, конушта калган ысрайылдыктарга тийген үлүштөн ар бир элүүнчү киши менен малды алып, Жахабанын ыйык чатырында милдеттерин аткарып жаткан+ лебилерге берди.+ 48  Анан дайындалган аскер башчылары: миң башылар+ менен жүз башылар Мусага келип: 49  «Кулдарыңыз өздөрүнө тапшырылган жоокерлерди санап чыгышты, алардын бири да кемибептир.+ 50  Ошондуктан Жахабанын алдында өзүбүздү күнөөдөн арылтыш үчүн, ар бирибизге колубузда бар алтын буюмдардан, бутка такма чынжырчалардан, билериктерден, мөөр шакектерден, сөйкөлөрдөн жана башка жасалгалардан Жахабага тартуу кылганга уруксат этиңиз»,— дешти. 51  Муса менен дин кызматчы Элазар алар алып келген алтынды, тактап айтканда, ошол жасалгалардын баарын алышты. 52  Миң башылар менен жүз башылар Жахабага тартуу кылган алтындын салмагы 191 килограммдай* болду. 53  Жоокерлердин ар бири олжо алды. 54  Муса менен дин кызматчы Элазар миң башылар менен жүз башылар алып келген алтындын баарын алып, ысрайыл эли Жахабанын аларга кантип жардам бергенин эстеп жүрүшү үчүн*, жолугушуу чатырына алып барышты.

Шилтемелер

Же: «дубал менен курчалган конуштарынын».
Сөзмө сөз: «16 750 шекел». Б14 тиркемесин кара.
Же балким: «Жахаба ысрайыл элин эстеп жүрүшү үчүн».