Римдиктерге 11:1—36
11 Анда, эмне, Кудай өз элин четке кагып койдубу?+ Албетте, каккан жок! Анткени мен да Ыбрайымдын урпагымын, Бенжемин уруусунан чыккан ысрайылдыкмын.
2 Кудай башында өзү тандаган элин четке каккан жок.+ Же силер Илияс тууралуу Ыйык Жазмада эмне деп айтылганын билбейсиңерби? Ал ысрайыл элине нааразы болуп, Кудайга:
3 «Жахаба, алар пайгамбарларыңды өлтүрүп, курмандык жайларыңды талкалап салышты. Жалгыз мен эле калдым, бирок менин да жанымды кыйганы жатышат»,— деген.+
4 Ошондо Кудай эмне деп жооп берди эле? «Баалдын* алдында тизе бүкпөгөн дагы 7 000 кишим бар»,— деген.+
5 Анын сыңарындай, Кудай ырайымынан улам тандаган калдык+ азыр да бар.
6 Демек, Кудай аларды кылган иштеринен улам эмес, өзү ырайым кылгандыктан+ тандап алган. Эгер иштеринен улам тандалышкан болсо,+ анда аларга ырайым кылынган болмок эмес.
7 Анда эмне демекчибиз? Ысрайыл элинин ичинен баары эле эңсегенине жеткен жок, тандалгандар гана жетти.+ Себеби калгандары кулак кагышкан жок.+
8 Бул жөнүндө Ыйык Жазмада: «Кудай аларды катуу уйкуда жаткандагыдай кылып койду,+ ошон үчүн көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт; ушул күнгө чейин ушундай»,— деп жазылган.+
9 Дөөтү да: «Аларга өздөрүнүн дасторкону* тузак, кылтак, чалына турган таш болуп, жазаланышсын.
10 Көздөрү тунарып, көрбөй калсын, белдери биротоло бүкчүйүп калсын»,— деген.+
11 Анда алар кайра турбас болуп чалыныштыбы? Жок! Бирок алардын жаза басканынан улам башка элдердин куткарылышына жол ачылды. Бул ысрайыл элинин намысына тийди.+
12 Эгер алардын жаза басканынан улам дүйнө бата алса, ал эми санынын азайганынан улам башка элдер бата алса,+ анда алардын* саны толук болгондо, андан бетер бата тийбейби?!
13 Эми силерге, башка элдерден чыккандарга, кайрылып жатам. Мен башка элдерге жиберилген элчи болгондуктан+ Кудайга кылган кызматымды жогору баалайм.+
14 Ошондой эле каны бир боордошторумду намыстандырып, кээ бирлерин болсо да куткарып каламбы деп үмүттөнөм.
15 Кудайдын аларды четке какканы+ дүйнөдөгү башка адамдардын аны менен дос болушуна жол ачты. Эгер Кудай айрым жүйүттөрдү кайра кабыл алса, эмне болот? Бул алардын кайра тирилгенине эле тете болот.
16 Эгер камырдын биринчи түшүм катары тартуу кылынган бөлүгү ыйык болсо, анда бүт камыр да ыйык. Ошондой эле тамыр ыйык болсо, бутактар да ыйык.
17 Бирок зайтун дарагынын айрым бутактары кыйылып ташталган болсо, ал эми сен жапайы зайтундун бутагы болгонуңа карабай калган бутактардын арасына кыйыштырылып, алар менен бирге зайтундун тамырындагы мол ширеден азыктанып жатсаң,
18 анда кыйылган бутактардын алдында бой көтөрбө. Эгер бой көтөрүп жатсаң,+ сен тамырды эмес, тамыр сени кармап турганын унутпа.
19 Балким, сен: «Мен кыйыштырылышым үчүн, бутактар кыйылды»,— дейттирсиң.+
20 Ооба, ошондой! Алар ишенбегени үчүн кыйылды,+ сен болсо ишенгениң үчүн ушул ордуңда турасың.+ Ошон үчүн бой көтөрбө, андан көрө, корк.
21 Анткени Кудай дарактын өз бутактарын аябаган болсо, анда сени да аябайт.
22 Ошондуктан Кудайдын боорукер да,+ катаал да боло аларын билип кой. Ишенбегендиктен четтеп кеткендерге ал катаал мамиле кылат.+ Сага болсо, эгер мындан ары да анын боорукердигине татыктуу болсоң, боорукердик кылат. Антпесең, сени да кыйып таштайт.
23 Эгер жүйүттөр ишене баштаса, кайрадан кыйыштырылат.+ Себеби Кудайдын аларды кайрадан кыйыштырганга кудурети жетет.
24 Эгер сен жапайы зайтундан кесилип алынып, бакчадагы зайтунга табияттын мыйзамына каршы кыйыштырылган болсоң, анда кесилип ташталган өз бутактары андан бетер кыйыштырылбайбы!
25 Бир туугандарым, акылдуусунбашыңар үчүн, бул ыйык сыр+ жөнүндө билишиңерди каалайм: айрым ысрайылдыктар башка элдерден тандалгандардын саны толук болгонго чейин тоң моюн бойдон калат.
26 Ошентип, бүт Ысрайыл+ куткарылат. Бул тууралуу Ыйык Жазмада: «Сиондон куткаруучу келип,+ Жакыптын урпактарын ыймансыздыкка жаткан иштеринен арылтат.
27 Мен алардын күнөөлөрүн кечиргенде+ алар менен келишим түзөм»,— деп жазылган.+
28 Ооба, ысрайылдыктардын айрымдары жакшы кабарды четке кагып, Кудайдын душмандары болуп калышты. Бул силердин пайдаңар үчүн болду. Бирок Кудай аларды тандап алган болчу; ал аларды ата-бабалары үчүн жакшы көрөт.+
29 Кудай аларга берген белектери үчүн, аларды тандап алганы үчүн өкүнбөйт.
30 Бир кезде силер Кудайга баш ийчү эмессиңер,+ азыр болсо алардын баш ийбей койгонунан улам+ Кудай силерге ырайым кылып жатат.+
31 Алардын баш ийбестигинен улам Кудай силерге ырайым кылып жаткандай эле, аларга да ырайым кыла алат.
32 Алардын баарына ырайым кылыш үчүн+ Кудай алардын баш ийбестиктин+ туткуну болушуна жол берип койгон.
33 Оо, Кудайдын батасы* кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Чыгарган өкүмдөрү акыл жеткис, иштери изилденгис!
34 «Жахабанын ойлорун билгенге кимдин акылы жетет же ага ким кеңешчи боло алат?»+
35 Же «ал кайрып бергидей, ким ага биринчи болуп бирдеме берген?»+
36 Анткени бардык нерсени ал өзү берет, бардыгы ал аркылуу жана ал үчүн бар болуп турат. Ал түбөлүккө даңкталсын. Оомийн.