Падышалар 2-китеп 2:1—25
2 Жахаба Илиясты+ асманга куюн менен көтөрүп кеткени+ жаткан эле. Ошол убакта Илияс менен Элиша+ Гилгалдан+ келатышкан болчу.
2 Илияс Элишага: «Жахаба мени Бейтелге жиберди, сен ушул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө Бейтелге+ жөнөштү.
3 Бейтелдеги пайгамбарлардын тобу* Элишага келип: «Бүгүн Жахаба мырзаңды, устатыңды, алып кетерин билесиңби?»+ — деп сурашты. Ал: «Ооба, билем. Унчукпагыла»,— деди.
4 Илияс кайрадан: «Элиша, Жахаба мени Жерихого+ жиберди, сен ушул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө Жерихого барышты.
5 Жериходогу пайгамбарлардын тобу Элишага келип: «Бүгүн Жахаба мырзаңды, устатыңды, алып кетерин билесиңби?» — деп сурашты. Ал: «Ооба, билем. Унчукпагыла»,— деди.
6 Илияс Элишага дагы: «Жахаба мени Иорданга жиберди, сен бул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө андан ары жөнөштү.
7 Ал жакка 50 пайгамбар да барып, тиги экөө Иордандын жээгинде турганда, аларды алысыраак жерден карап турушту.
8 Илияс кийимин+ ороп туруп сууну чапканда, суу экиге бөлүнүп, экөө кургак жер менен өтүп кетишти.+
9 Аркы өйүзгө өтүшкөндө, Илияс Элишага: «Кудай мени алып кеткенге чейин, эмне кылып берейин, айт»,— деди. Элиша: «Мага сиздеги рухтан*+ эки эсе көп+ рух берилсинчи*»,— деди.
10 Илияс: «Сен оңой эмес нерсени сурап жатасың. Эгер жаныңдан алынып кетип баратканымды көрсөң, сен сурагандай болот. Эгер көрбөй калсаң, анда сураганыңдай болбойт»,— деди.
11 Ошентип, экөө жолдо сүйлөшүп кетип баратканда, күтүлбөгөн жерден оттой жалындаган араба менен оттой жалындаган аттар+ пайда болуп, экөөнү эки жакка бөлдү. Илияс куюн менен асманга көтөрүлдү.+
12 Элиша аны карап: «Ата, ата! Карасаңыз, Ысрайылдын арабасы менен атчандары!»+ — деп кыйкырды. Анан Илияс көрүнбөй калганда, Элиша үстүндөгү кийимин айрып салды.+
13 Андан кийин Илиястын жерге түшүп калган кийимин+ алды да, кайра артка бурулуп, Иордандын жээгине келип турду.
14 Анан Илиястын кийими менен сууну чаап: «Илиястын Кудайы Жахаба кана?» — деди. Элиша сууну чапканда, суу экиге бөлүндү. Ал аркы өйүзгө өттү.+
15 Жериходогу пайгамбарлардын тобу аны алыстан көрүп: «Илиястагы рух Элишага берилиптир»+ — деп, аны тосуп чыгышты да, жерге чейин ийилип таазим кылышты.
16 Анан: «Арабызда 50 эр жүрөк киши бар. Алар барып, мырзаңды издеп келишсин. Балким, Жахабанын ыйык руху* аны көтөрүп барып, тоолордун же өрөөндөрдүн бирине таштап койгондур»,+— дешти. Ал: «Жок, жибербей эле койгула»,— деди.
17 Бирок алар болбой сурана беришкендиктен, Элиша ыңгайсызданып: «Мейли, жибергиле»,— деди. Ошентип, алар 50 кишисин жиберишти. Алар Илиясты 3 күн бою издеп, таппай коюшту.
18 Кайра кайтып келишкенде, Элиша Жериходон+ кете элек болчу. Ал аларга: «„Барбай эле койгула“,— деп айтпадым беле»,— деди.
19 Бир нече убактан кийин шаардын тургундары Элишага: «Мырзам, шаарыбыз жакшы эле жерде жайгашкан,+ бирок суусу начар, жерибиз да түшүмсүз*»,— дешти.
20 Элиша: «Кичирээк жаңы чөйчөккө туз салып, мага алып келгиле»,— деди. Алар ошондой кылышты.
21 Анан Элиша суунун башатына барып, ага туз чачып:+ «Жахаба мындай дейт: „Мен бул сууну тазартып койдум. Мындан ары мунун айынан эч ким өлбөйт, тукумсуздук да болбойт*“»,— деди.
22 Анан Элиша айткандай, суу таза болуп калды; ушул күнгө чейин ошондой.
23 Элиша ал жактан чыгып, Бейтелге жөнөдү. Жолдо кетип баратканда, шаардан балдар чыгып: «Эй, кашка баш, кет! Кашка баш, кет!» — деп, аны шылдыңдай башташты.+
24 Акыры, Элиша бурулуп, балдарды карады да, Жахабанын ысмын айтып каргады. Ошондо токойдон 2 ургаачы аюу+ чыгып, алардын 42син жара тартты.+
25 Элиша ал жерден Кармел тоосуна+ барды, андан кийин Самарияга кайтты.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «пайгамбар уулдары». Бул сөз айкашы чогуу атайын таалим алган же чогуу кызмат кылган пайгамбарлардын тобун билдириши мүмкүн.
^ Бул Кудайдын ыйык күчүн же Илиястын маанайын, чагылдырган рухун билдириши мүмкүн.
^ Же: «сиздеги күчтүн эки бөлүгү берилсинчи».
^ Же: «шамалы».
^ Же балким: «топурагынан улам аялдарыбыздын боюнан түшүп калып жатат».
^ Же: «бойдон түшпөйт». Бул адамдарга да, жаныбарларга да тиешелүү болушу мүмкүн.