Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.
21 Ушул окуялардан кийин мындай бир окуя болду: Самариянын падышасы Ахаптын ак сарайынын жанында изреилдик+ Наботтун жүзүмзары бар эле.2 Ахап Наботко: «Сенин жүзүмзарың менин үйүмө жакын эмеспи, ошон үчүн аны мага бер, жер-жемиш отургузайын. Анын ордуна сага алда канча жакшы жүзүмзар берем. Же кааласаң, сатып алайын»,— деди.3 Бирок Набот: «Ата-бабаларымдан мураска калган жерди кантип бермек элем, Жахаба буга тыюу салбады беле?!»+ — деди.4 Изреилдик Наботтун: «Ата-бабаларымдан мураска калган жерди бербейм»,— дегенине Ахаптын көңүлү чөгүп, кабагын түйгөн бойдон үйүнө кетти. Үйүнө барганда тамак ичпей, тескери карап жатып алды.5 Аялы Изабел+ жанына барып: «Эмнеге мынча көңүлүң суз, эмнеге тамак ичпей жатасың?» — деп сурады.6 Ал: «Изреилдик Наботко: „Жүзүмзарыңды мага сат, же кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берейин“,— десем, ал: „Жүзүмзарымды бербейм“,— деп койду»,— деди.7 Изабел ага: «Сен, эмне, Ысрайылдын падышасы эмессиңби?! Туруп, тамак ичип, көңүлүңдү көтөр. Мен сага изреилдик Наботтун жүзүмзарын алып берем»,— деди.+8 Анан Ахаптын атынан бир нече кат жазып, аларга анын мөөрүн басып,+ Наботтун шаарындагы аксакалдар+ менен аттуу-баштуу кишилерге жөнөттү.9 Катка: «Орозо жарыялап, Наботту элдин алдына отургузгула.10 Анан маңдайына күбө катары жүзү кара эки кишини отургузгула. Алар ага: „Сен Кудайга да, падышага да акарат кылдың!“+ — деп жалаа жабышсын.+ Андан кийин аны шаардан алып чыккыла да, таш бараңга алып өлтүргүлө»,+— деп жазды.11 Наботтун шаарындагы аксакалдар менен аттуу-баштуу кишилер баарын Изабел жазып жибергендей кылышты.12 Алар орозо жарыялап, Наботту элдин алдына отургузушту.13 Анан жүзү кара эки киши келип, анын маңдайына отурду да: «Набот Кудайга да, падышага да акарат кылды!»+ — деп элдин алдында ага жалаа жаба башташты. Андан кийин эл аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрдү.+14 Анан Изабелге: «Набот таш бараңга алынып өлтүрүлдү»,+— деп кабарлашты.15 Наботтун өлтүрүлгөнүн угары менен Изабел Ахапка: «Изреилдик Набот+ өлдү. Бар да, сага саткысы келбей койгон жүзүмзарын ээлеп ал»,— деди.16 Изреилдик Наботтун өлгөнүн угары менен Ахап анын жүзүмзарын ээлеп алганы жөнөдү.17 Ошондо Жахаба тишпилик Илияска:+18 «Тур да, Самариядагы+ Ысрайылдын падышасы Ахапка бар. Ал азыр Наботтун жүзүмзарында жүрөт, аны ээлеп алганы барды.19 Ага: „Жахаба мындай дейт: “Өлтүргөнүң аз келгенсип,+ эми анын жерин ээлеп алганы жатасыңбы?”“+ — деп айт. Анан: „Жахаба мындай дейт: “Наботтун канын иттер жалаган жерде сенин каныңды да иттер жалайт”“,+— деп айт»,— деди.20 Ахап Илияска: «Ии, душманым, акыры мени таптыңбы?!»+ — деди. Илияс мындай деди: «Ооба, таптым. Кудай мындай дейт: „Көз алдымда жаман иштерди өжөрлөнүп кыла бергениң үчүн мен, Жахаба,+21 сага каргаша жиберип, сени жок кылам. Ысрайылдагы тукумдарыңдын арасынан эркек аттуунун баарын,+ анын ичинде бечараларын да кырам.+22 Каарымды кайнатканың үчүн, ысрайыл элин күнөөгө түрткөнүң үчүн, Небаттын уулу Жеробам+ менен Ахиянын уулу Баашанын+ тукумдарын кандай кылсам, сенин тукумдарыңды да ошондой кылам“.23 Изабел жөнүндө болсо Жахаба: „Изабелди Изреил жеринде иттер жейт“,— деди.+24 Ал сага: „Үйүңдөгүлөрдүн шаарда өлгөнүн иттер жейт, талаада өлгөнү куштарга жем болот.+25 Аялың Изабелдин+ сөзүнө кирип, Жахабанын көз алдында жаман иштерди өжөрлөнүп кыла берген сендей киши буга чейин болгон эмес.+26 Сен Жахаба ысрайыл элинин алдынан кууп чыккан аморлуктарга окшоп жийиркеничтүү буркандарга* табынып, өтө жаман иштерди кылдың“,+— деп да айтты».27 Бул сөздөрдү угары менен Ахап кийимин айрып, таар жамынды. Ал орозо кармап, кайгылуу жүрдү, жатканда да үстүндөгү таары менен жатып жүрдү.28 Ошондо Жахаба тишпилик Илияска:29 «Ахаптын менин алдымда моюн сунганын көрдүңбү?+ Ошон үчүн анын үй-бүлөсүнө каргашаны ал тирүү кезде жибербейм, уулунун убагында жиберем»,+— деди.
Шилтемелер
^ Сыягы, бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз «заң» деген сөз менен тектеш жана жийиркенүү сезимин билдириш үчүн колдонулат.