Мыйзам 9:1—29
9 Кулак сал, Ысрайыл! Бүгүн силер өзүңөрдөн алда канча күчтүү, алда канча көп элдердин+ жерин, асман тиреген чеби бар чоң шаарларын+ басып алыш үчүн Иордандын аркы өйүзүнө өткөнү жатасыңар.+
2 Ал жактагы күчтүү, алп кишилердин, Анактын тукумдарынын,+ жерин басып аласыңар. Ал элди жакшы билесиңер, алар жөнүндө: „Анактын тукумдарына ким каршы тура алат?“ — деген сөздөрдү да уккансыңар.
3 Бирок, билип койгула, Жахаба Кудайыңар силердин алдыңарда барат.+ Ал — жалмап сала турган от,+ ал аларды кырат. Жахаба убада кылгандай, аларды бат эле басып алып, жок кылышыңар үчүн, силерге багындырып берет.+
4 Жахаба Кудайыңар ал элдерди кууп чыкканда: „Жахаба бизди адил болгонубуз үчүн бул жерди ээлегени алып келди“,— деп ойлобогула.+ Жахаба аларды ыймансыз болгону үчүн+ кууп чыгып жатат.
5 Силер ал жерди адил болгонуңар үчүн же жүрөгүңөр таза болгону үчүн ээлегени бараткан жоксуңар. Жахаба Кудайыңар ал элдерди ыймансыздыгы үчүн кууп чыгып жатат.+ Жахаба ата-бабаларыңар Ыбрайымга,+ Ыскакка,+ Жакыпка+ берген антын аткарыш үчүн ошентип жатат.
6 Ошондуктан, билип койгула, Жахаба Кудайыңар ал жакшы жерди силерге адил болгонуңар үчүн берип жаткан жок, анткени силер тоң моюн элсиңер.+
7 Жахаба Кудайыңарды чөлдө каардантканыңарды эстеп жүргүлө, эч качан унутпагыла.+ Силер Мисир жеринен чыккандан тартып ушул жерге келгенге чейин Жахабага каршы чыгып келдиңер.+
8 Атүгүл Хорепте да Жахабаны каарданткансыңар. Жахаба ушунчалык каардангандыктан силерди жок кылмакчы болгон.+
9 Мен Жахабанын силер менен түзгөн келишими жазылган+ таш лоокторду алганы тоого чыгып,+ ал жерде эч нерсе жебей, суу да ичпей, 40 күн, 40 түн+ болгом.
10 Анан Жахаба мага өз колу* менен жазган эки таш лоокту берди. Аларга Жахабанын силер ошол жерге чогулган күнү от ичинен айткан сөздөрү жазылган болчу.+
11 40 күн, 40 түн өткөндөн кийин Жахаба мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.
12 Анан Жахаба мага: „Бол, тезирээк тоодон түш, анткени сен Мисир жеринен алып чыккан эл өтө жаман иш кылды.+ Алар мен көрсөткөн жолдон бат эле чыгып, буркан куюп алышты“,— деди.+
13 Андан кийин Жахаба мага: „Мен бул элдин тоң моюн экенин көрүп турам.+
14 Мени токтотпо! Мен аларды жок кылып, жер бетинен атын өчүрөм. Сенден болсо алардан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам“,— деди.+
15 Ошондо бурулуп, тоодон түштүм. Тоо күйүп жаткан эле.+ Колумда келишим жазылган эки таш лоок бар болчу.+
16 Анан силердин Жахаба Кудайыңарга каршы күнөө кылып жатканыңарды көрдүм. Сыйыныш үчүн музоо куюп, Жахаба көрсөткөн жолдон бат эле чыгып кетиптирсиңер.+
17 Ошондо эки таш лоокту эки колдоп жерге ыргытып, силердин көзүңөрчө талкалап салгам.+
18 Анан, мурункудай болуп, Жахабанын алдында 40 күн, 40 түн кайра-кайра жүзтөмөндөп жыгылып жаттым. Жахабанын көз алдында жаман иш кылып, аны капалантып, күнөөгө батканыңар үчүн, эч нерсе жеген жокмун, суу да ичкен жокмун.+
19 Мен аябай корктум, анткени Жахаба силерге катуу каарданып,+ жок кылмакчы болду. Бирок Жахаба мени ошол жолкусунда да укту.+
20 Жахаба Арунга да аябай ачууланып, аны өлтүрмөкчү болду.+ Ошондо Арун үчүн да жалындым.
21 Андан кийин куюп алган музооңорду+ өрттөп, талкалап, топурактай кылып майдалап, тоодон аккан сууга чачып салдым.+ Силер аны жасап күнөөгө баткансыңар.
22 Жахабаны Таберада,+ Масада,+ Киброт-Хатабада+ да каарданттыңар.
23 Жахаба Кадеш-Барниден+ силерди: „Баргыла да, мен силерге бере турган жерди ээлегиле“,— деп жөнөткөндө, Жахаба Кудайыңардын буйругуна каршы чыгып,+ ага ишенбей,+ баш ийбей койдуңар.
24 Мен силерди билген күндөн бери эле Жахабага каршы чыгып келатасыңар.
25 Жахаба силерди кырып жок кыларын айтканда, Жахабанын алдында 40 күн, 40 түн+ кайра-кайра жүзтөмөндөп жыгылып жаттым.
26 Жахабага жалынып, мындай дедим: „Оо, Эгедер Теңир Жахаба, элиңди жок кыла көрбө. Алар — сенин зор кубатың менен кун төлөп бошотуп алган, кудуреттүү күчүң менен Мисир жеринен алып чыккан+ менчигиң.+
27 Кулдарың Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты эстей көр.+ Бул элдин тоң моюндугуна, ыймансыздыгына, күнөөсүнө көңүл бурба.+
28 Сен бизди алып чыккан жердин тургундары: “Жахаба аларды өзү убада кылган жерге алып бара албай койду. Аларды жек көрөт, ошон үчүн чөлдө кырып салды”,— деп айтышпасын.+
29 Анткени булар — сенин элиң, менчигиң.+ Сен буларды ал жактан өзүңдүн кудуретиң* менен, улуу күчүң менен алып чыккансың“.+