Мыйзам 6:1—25
6 Ээлегени бараткан жерде аткарышыңар үчүн, Жахаба Кудайыңар мага силерге үйрөт деп осуяттарды, көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды берди.
2 Алар силерге өзүңөр да, уулдарыңар да, неберелериңер да өмүр бою Жахаба Кудайыңардан коркуп, мен бүгүн силерге буйрук кылган көрсөтмөлөрү менен осуяттарын аткарып,+ узак өмүр сүрүшүңөр үчүн берилди.+
3 Оо, ысрайыл эли, ата-бабаларыңдын Кудайы Жахаба сага убада кылгандай, сүт менен бал аккан жерде өркүндөп-өсүп, укумдап-тукумдап көбөйүшүң үчүн аларды угуп, так аткар.
4 Ук, ысрайыл эли, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба.+
5 Жахаба Кудайыңарды бүт жүрөгүңөр менен, бүт жаныңар менен,+ бүт күчүңөр менен сүйгүлө.+
6 Мен бүгүн аткаргыла деп буйрук кылган ушул сөздөрдү жүрөгүңөрдө сактагыла.
7 Аларды балдарыңарга үйдө отурганда да, жолдо баратканда да, жатканда да, турганда да+ кайра-кайра айтып үйрөткүлө.+
8 Ал сөздөрдү эстеп жүрүшүңөр үчүн алар колуңарга байланган белги, чекеңердеги таңуу сыяктуу болсун.+
9 Аларды эшигиңердин кашектерине, шаарыңардын дарбазаларына жазып койгула.
10 Жахаба Кудайыңар силерди ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка силерге берем деп убада кылган жерге алып барганда,+ силер курбаган чоң кооз шаарлары,+
11 силер жыйнабаган мүлккө толгон үйлөрү, силер казбаган суу сакталчу чуңкурлары, силер отургузбаган жүзүмзарлары менен зайтун дарактары бар жерге алып барганда, анан ал жерде тойгончо ичип-жегениңерде,+
12 сак болгула, силерди Мисир жеринен, силер кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Жахабаны унутуп койбогула.+
13 Жахаба Кудайыңардан корккула,+ ага кызмат кылгыла,+ ант бергенде анын ысмын оозанып ант бергиле.+
14 Башка кудайларга, айланаңардагы элдердин бир да кудайына сыйынбагыла.+
15 Анткени араңарда жүргөн Жахаба Кудайыңар — толук берилгендикти талап кылган Кудай.+ Жахаба Кудайыңар силерге каарданып,+ жер бетинен жок кылып салбашы үчүн, аларга сыйынбагыла.+
16 Жахаба Кудайыңарды Масада+ сынагандай сынабагыла.+
17 Жахаба Кудайыңардын аткаргыла деп буйрук кылган осуяттарын, мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн бүт ынтаңар менен аткаргыла.
18 Жахабанын көз алдында туура, жакшы деп эсептелген иштерди кылгыла. Ошондо өркүндөп-өсөсүңөр, Жахаба ата-бабаларыңарга убада кылган жакшы жерге барып, аны ээлейсиңер,+
19 Жахаба убада кылгандай, душмандарыңарды кууп чыгасыңар.+
20 Кийин уулуң: „Жахаба Кудайыбыз силерге бул осуяттар менен көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды эмнеге берген?“ — деп сураса,
21 минтип жооп бер: „Мурун биз Мисирде фараонго кул болуп калганбыз, бирок Жахаба бизди ал жерден кудуреттүү күчү менен алып чыккан.
22 Жахаба биздин көз алдыбызда Мисир жерине, фараонго, анын бүт үйүндөгүлөрүнө улуу, апааттуу керемет-жышаандарды көрсөткөн.+
23 Ал бизге ата-бабаларыбызга убада кылган ушул жерди бериш үчүн бизди ал жактан алып чыккан.+
24 Анан Жахаба Кудайыбыздан коркуп, ошонун аркасында өзүбүзгө дайыма жакшы болушу үчүн,+ бүгүнкүдөй тирүү жүрүшүбүз үчүн,+ Жахаба ушул көрсөтмөлөрдүн баарын аткаргыла деп буйрук кылган.
25 Жахаба Кудайыбыз буйрук кылгандай, ага баш ийип, ушул осуяттардын баарын кылдат аткарсак, анын көз алдында адил болобуз“.+