Микей 2:1—13
2 «Төшөгүндө жатып алып жамандык кылууну ойлогондордун,Кыянат иш кылууну ойлонуштургандардын башына каран түн түшөт!
Таң атканда алар оюндагысын ишке ашырышат,Анткени алардын колунда күч бар.+
2 Кааласа, талааларды,+Кааласа, үйлөрдү ээлеп алышат.
Башкаларды алдап, үйүн тартып алышат,+Мурасын менчиктеп алышат.
3 Ошон үчүн Жахаба мындай дейт:
„Мен башыңарга мүшкүл салууну ойлоп жатам,+ андан эч жакка кача албайсыңар.+
Экинчи текеберлене баспайсыңар,+ себеби ал убак башыңарга мүшкүл түшкөн убак болот.+
4 Ошол күнү силер жөнүндө ылакап айтышат,Силерди жоктоп катуу ыйлашат.+
”Биздин эч нерсебиз калган жок!+
Ал элибиздин энчисин башкаларга берип койду. Бизден тартып алды!+
Жерибизди ага кызмат кылбагандарга берип койду”,— дешет.
5 Ошон үчүн Жахабанын элинин арасында жер бөлүштүрө турган,Жерди жип менен ченей турган эч ким калбайт.
6 Алар: ”Жетишет, кабар айтпагыла!
Бул нерселер жөнүндө мындан ары кабар айтпагыла.
Биз маскара болбойбуз!” — дешет.
7 Жакыптын урпактары, эмнеге:
“Жахабанын чыдамы кетип калдыбы?
Ал ушинтмек беле?” — деп жатасыңар?
Менин түз жүргөндөргө жакшылык кылам деп убада кылганымды билбейсиңерби?
8 Акыркы убакта элим душмандай иш кылып жатат.
Силер согуштан кайтып келаткандардай бейкапар өтүп бараткандардын кооз жасалгаларын да,Кийимин да көз көрүнөө тартып* алып жатасыңар.
9 Элимдин арасындагы аялдарды жайлуу үйүнөн кууп чыгып жатасыңар.
Бата катары берген жакшы нерселеримди балдарынан биротоло тартып алып жатасыңар.
10 Тургула да, кеткиле, себеби бул жерден тынчтык кетти.
Жер арамдалгандыктан+ кыйраганы жатат, катуу кыйратылат.+
11 Эгер пайдасыз нерсенин артынан жүргөн, калп сүйлөгөн киши:
“Сага шарабың менен башка ичимдигиң жөнүндө алдын ала айтып берем”,— деп алдаса,Анын сөзүн жата калып угуп, пайгамбар деп кабыл аласыңар.+
12 Жакып, урпактарыңдын баарын сөзсүз чогултам;Ысрайыл элинин калдыгын сөзсүз бириктирем.+
Аларды короодогу койлордой,Жайыттагы отордой кылып чогултам.+
Элдин көптүгүнөн ал жер бака-шака түшөт“.+
13 Тешик жасап, жол ача турган бирөө аларды баштап барат,Ошондо алар тешиктен өтүп, дарбазадан сыртка чыгышат.+
Адегенде падышасы өтөт,Алардын башында Жахаба өзү турат».+
Шилтемелер
^ Же балким: «кооз жасалгаларын кийиминен жулуп».