Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын тиленгени.+
90 Оо, Жахаба*, сен муундан муунга баш калкалаар жайыбыз* болуп келесиң.+
2 Тоолор туула электе эле,Жер менен дүйнөнү жарата элегиңде эле сен Кудай болчусуң.+
Сен түбөлүктөн түбөлүккө Кудайсың.+
3 Ажалдуу адамды кайрадан топуракка кайтарасың,«Адам баласы, топуракка кайт»,— дейсиң.+
4 Сенин көз алдыңда миң жыл кечээки өтүп кеткен күндөй эле,+Бир нече сааттай эле*.
5 Сен адамдарды шыпырып таштайсың;+ алар түш сыяктуу эле жок болушат.
Эртең менен алар өсүп чыккан көк чөптөй.+
6 Ал чөп эртең менен көгөрүп, гүлдөйт,Кечинде болсо солуп, куурап калат.+
7 Биз да сенин ачууңдан кырылып жатабыз,+Каарыңдан үрөйүбүз учту.
8 Сен күнөөлөрүбүздү көз алдыңа койдуң*,+Жашыруун иштерибизди жаркыраган жүзүңдүн алдына койдуң.+
9 Жаалыңдан улам күндөрүбүз бүтүп баратат,Бир үшкүргөндөй эле, жылдарыбыз тез түгөнүп баратат.
10 Өмүрүбүздүн узактыгы жетимиш жыл,Адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен+ жыл,Бирок ал жылдар кыйынчылык менен кайгы-капага толгон.
Өмүрүбүз зуулдап өтүп, жок болобуз.+
11 Сенин ачууңдун күчүн ким биле алат?
Сенин алдыңда туюшубуз керек болгон коркуу сезими кандай күчтүү болсо, каарың да ошондой күчтүү.+
12 Акылдуу жүрөккө ээ болушубуз үчүн,Бизге күндөрүбүздү туура пайдаланганды* үйрөт.+
13 Кайрылып кел, оо, Жахаба!+ Сени качанга чейин күтөбүз?+
Кызматчыларыңды аяй көр.+
14 Өмүр бою кубанып-шаттанып+ жашашыбыз үчүн,Эртең менен туруктуу сүйүүңө кандыра көр.+
15 Бизди кыйынчылык тарттырган күндөрүңдүн,Азап тарткан жылдарыбыздын санына жараша+ кубант.+
16 Жакшы иштериңди кызматчыларың,Улуулугуңду алардын балдары көрсө экен.+
17 Жахаба Кудайыбыз бизге ырайым кылса экен.
Кылган иштерибизге ийгилик бере көр,Ооба, иштерибизге ийгилик бере көр.+
^ Же балким: «турагыбыз».
^ Же: «Түнкү күзөт маалындай эле». Сыягы, күзөт маалы күн баткандан күн чыкканга чейинки убактын үчтөн бир бөлүгүн же, жыл мезгилине жараша, болжол менен 4 саатты түзгөн.
^ Же: «билесиң».
^ Же: «күндөрүбүздү эсептегенди».


ЖҮКТӨП АЛУУ ФОРМАТТАРЫ
Забур
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
- 67
- 68
- 69
- 70
- 71
- 72
- 73
- 74
- 75
- 76
- 77
- 78
- 79
- 80
- 81
- 82
- 83
- 84
- 85
- 86
- 87
- 88
- 89
- 90
- 91
- 92
- 93
- 94
- 95
- 96
- 97
- 98
- 99
- 100
- 101
- 102
- 103
- 104
- 105
- 106
- 107
- 108
- 109
- 110
- 111
- 112
- 113
- 114
- 115
- 116
- 117
- 118
- 119
- 120
- 121
- 122
- 123
- 124
- 125
- 126
- 127
- 128
- 129
- 130
- 131
- 132
- 133
- 134
- 135
- 136
- 137
- 138
- 139
- 140
- 141
- 142
- 143
- 144
- 145
- 146
- 147
- 148
- 149
- 150