Забур 54:1—7

  • Душмандардын арасындагы кишинин тиленүүсү

    • «Кудай — менин жардамчым» (4)

Жетекчиге. Кыл аспаптардын коштоосунда аткарылат. Маскил. Дөөтүнүн ыры. Зиптиктер келип, Шабулга: «Дөөтү биз жакта жашынып жүрөт»,— дешкен убакта жазылган.+ 54  Оо, Кудай, ысмыңа жараша иш кылып, мени сактай көр,+Кудуреттүү күчүң менен мени коргой көр*.+  2  Оо, Кудай, тиленгенимди уга көр,+Оозуман чыккан сөздөргө кулак сала көр.  3  Анткени душмандар* мага каршы чыгып,Зулумдар жанымды кыюуну көздөп жатышат.+ Кудайым, алар сенден коркушпайт.+ (Села)  4  Кудай — менин жардамчым,+Жахаба мени колдогондордун тарабында.  5  Ал душмандарыма кыянат иштери үчүн тиешесин берет;+Кудайым, сөзүңө туруп, аларды жок кыла көр.+  6  Сага чын ыкластан курмандык чалам.+ Оо, Жахаба, ысмыңды даңктайм, анткени ал кереметтүү*.+  7  Сен мени бардык кыйынчылыктарымдан куткарып келесиң,+Душмандарымдын кулаганын кубанып карап турам.+

Шилтемелер

Же: «сот ишинде мага болуш».
Сөзмө-сөз: «чоочундар».
Же: «анткени ошенткеним жакшы».