Забур 147:1—20

  • Сүйүүсү, кереметтүү иштери үчүн Кудайды даңктоо

    • «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат» (3)

    • «Жылдыздарды... атынан атайт» (4)

    • «Жерге ак жүндөй кар жаадырат» (16)

147  Жахты даңктагыла! Кудайыбызды даңктап ырдаган* жакшы;Аны даңктаган кандай гана жагымдуу, ал даңкка татыктуу!+  2  Жахаба Иерусалимди кайра курат,+Ысрайылдын чачырап кеткен элин кайра чогултат.+  3  Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат,Алардын жараатын таңат.  4  Жылдыздарды санап,Алардын баарын атынан атайт.+  5  Теңирибиз улуу, кудурети күчтүү,+Акылмандыгы* чексиз.+  6  Жахаба мүнөзү жумшактарга жардам берип, аларды жогорулатат,+Ал эми ыймансыздарды жерге кулатат.  7  Жахабага ыраазычылык билдирип ырдагыла,Кудайыбызды арфанын коштоосунда даңктап ырдагыла.  8  Ал асманга булут каптатат,Жерге жамгыр жаадырат,+Тоолорго көк чөп чыгарат.+  9  Жаныбарларга жемин берет,+Кузгундун жем сураган балапандарына азык берет.+ 10  Ал аттын күчүнө суктанбайт,+Адамдын күлүктүгүнө таасирленбейт.+ 11  Жахаба андан корккондорду,+Анын туруктуу сүйүүсүнө үмүттөнгөндөрдү көрүп кубанат.+ 12  Оо, Иерусалим, Жахабаны даңкта,Оо, Сион, Кудайыңды даңазала. 13  Анткени ал дарбазаларыңдын бекиткичтерин бекемдейт,Балдарыңа батасын берет. 14  Жериңди тынчтыкка бөлөйт,+Сени буудайдын мыктысына тойгузат.+ 15  Жер жүзүнө буйрук берет,Анын сөзү кабарчыдай тез жетет. 16  Ал жерге ак жүндөй кар жаадырат,+Кыроону күлдөй чачат.+ 17  Мөндүрдү* нандын күкүмүндөй эле оңой чачат.+ Анын ызгаарына ким чыдайт?+ 18  Ал буйрук берип, мөндүрдү эритет,Шамалын соктуруп,+ сууларды агызат. 19  Жакыпка сөзүн,Ысрайылга көрсөтмөлөрү менен өкүмдөрүн жарыялайт.+ 20  Ал башка бир да элге мындай кылган эмес,+Алар анын өкүмдөрү жөнүндө эч нерсе билишпейт. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер

Же: «күү аспап черткен».
Же: «Түшүнүгү».
Же: «Музду».