Жезекиел 31:1—18
-
Мисир, бийик бал карагайы, кулайт (1—18)
31 Он биринчи жылдын* үчүнчү айынын биринчи күнүндө Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Адам уулу, Мисир падышасы фараонго, анын калың элине мындай де:+
„Сага улуулугу менен ким тең келе алат?
3 Бир ашурлук — Лебанон бал карагайы — бар эле.
Кооз бутактары көлөкөлүү, жыш болгон ал карагай бийик эле;Чокусу булуттарга жетчү.
4 Ал суу ичип, чоң болуп өстү, терең суулар менен сугарылып, көк тиреди.
Ал отургузулган жердин тегерегинде суулар агып турчу,Алардын арыктары талаадагы бүт бак-дарактарды сугарып турчу.
5 Ошон үчүн ал өсүп, талаадагы бүт дарактардан бийик болду.
Арыктардын суусу мол болгондуктан,Бутактары жыш өсүп, узара берди.
6 Бутактарына асман канаттууларынын баары уя салган,Шактарынын алдына бүт жапайы жаныбарлар төлдөгөн,Көлөкөсүндө көп сандуу элдердин баары жашаган.
7 Ал көп суулардын үстүнө тамыр жайгандыктан,Кооздугу, бутактарынын узундугу менен даңкы чыккан.
8 Ага Кудайдын багындагы+ бир да бал карагай тең келген эмес.
Бир да арчанын аныкындай бутактары,Бир да чынардын аныкындай шактары болгон эмес.
Кудайдын багындагы бир да дарактын көркү аныкына салыштырылгыс эле.
9 Мен анын бутактары менен жалбырагын көбөйтүп, көркүн чыгаргам.
Ага Эйдендеги, чыныгы Кудайдын багындагы, дарактардын баары көз артчу“.
10 Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ал* ушунчалык бийик болуп, чокусу булутка жетти. Бийиктигинен улам текеберденип кетти.
11 Ошон үчүн аны элдердин кубаттуу башчысынын колуна салып берем.+ Ал аны жазалайт, мен аны ыймансыздыгы үчүн четке кагам.
12 Бөтөн жерликтер, элдердин эң мыкаачылары, аны кыйып, тоолорго таштап кетишет. Анын жалбырактары бардык өрөөндөргө түшөт, бутактары сынып, ошол жердин агын сууларында калат.+ Көлөкөсүнө коргологон элдердин баары аны таштап кетишет.
13 Кулап жаткан сөңгөгүнө асмандагы канаттуулардын баары, сынып жаткан бутактарынын арасына жапайы жаныбарлардын баары байырлайт.+
14 Суу боюна отургузулган бир да дарак көк тиребеши үчүн, чокусу булутка жетпеши үчүн, жакшы сугарылган бак-дарактардын бири да булутка жетпеши үчүн ошондой болот. Себеби алардын баары өлөт, адам баласындай эле жерге көмүлөт, көргө түшөт“.
15 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ал көргө* түшкөн күнү элди аза күттүрөм. Ошондуктан терең сууларга бөгөт коюп, суунун агымдарын тартам, ошентип көп сууларды бууп коём. Ал үчүн Лебанонду караңгылыкка чулгайм, талаадагы бак-дарактардын баары куурап калат.
16 Аны өлгөндөргө кошуп көргө* түшүргөнүмдө, ал кулаганда чыккан дабыштан элдер титирейт. Ошондо жер түбүндө Эйдендин бардык дарактары,+ Лебанондун тандамал, мыкты бактары, жакшы сугарылган бак-дарактардын баары сооронот.
17 Аны* менен кошо ошол дарактар да көргө* түшүп, кылычтан өлгөндөрдүн жанына жатты.+ Аны менен көлөкөсүндөгү элдердин арасында жашаган колдоочулары да кошо көргө түштү“.+
18 „Эйдендеги бак-дарактардын арасында даңкы менен улуулугу жагынан кайсынысы сага тең келчү эле?+ Бирок эми Эйдендин дарактары менен кошо жердин түбүнө түшөсүң. Кылычтан өлгөн сүннөткө отургузулбагандардын арасына жатасың. Фараон менен анын калың эли мына ушундай болот“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
Шилтемелер
^ Жаякин падыша, Жезекиел жана башка жүйүттөр туткундалып кеткенден кийинки он биринчи жыл. (Кара: Жезекиел 1:2.)
^ Сөзмө-сөз: «Сен».
^ Сыягы, Лебанон бал карагайына салыштырылган Мисир падышасын билдирет.