Жезекиел 30:1—26
30 Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Адам уулу, пайгамбарлык кылып айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт:
“Боздогула! “Каран күн келатат!” — дегиле.
3 Себеби ал күн жакындап калды, Жахабанын күнүнө* аз калды.+
Ал булут каптай турган күн,+ элдер соттоло турган убак болот.+
4 Мисирге кылыч келет. Мисирде көптөр сулатылганда, Эфиопия дүрбөлөңгө түшөт.
Мисирдин байлыгы тонолуп, ал пайдубалына чейин талкаланат.+
5 Эфиопия,+ Пут,+ Луд, ар кошкон эл*,Хуп да келишим түзгөн жердин эли* менен кошо баары кылычтан сулайт”“.
6 Жахаба мындай дейт:
„Мисирди колдогондор да өлөт,Анын текебердиги менен күчүнөн эч нерсе калбайт“.+
„Мигдолдон+ Себенеге+ чейин алардын баары кылычтан сулайт,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.—
7 Мисир эң эле ээн калган жерге айланат, шаарлары эң катуу талкаланган шаарлар болуп калат.+
8 Мисирге от койгонумда, анын бардык шериктештери кыйратылганда, менин Жахаба экенимди билишет.
9 Ошол күнү мен кемелер менен кабарчыларды жиберем, ошондо өзүнө таянган Эфиопия калтырап-титирейт. Ал Мисир кыйраган күнү дүрбөлөңгө түшөт. Ошол күн сөзсүз келет“.
10 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен Мисирдин калың элин Бабыл падышасы Небухаданасардын колу менен жок кылам.+
11 Ал жана анын аскерлери, элдердин эң мыкаачылары,+ бул жерди кыйратыш үчүн келишет. Алар кылычтарын кынынан сууруп, Мисирди өлүккө толтурушат.+
12 Мен Нил дарыясынын+ чоң арыктарын какшытып, жерин кыянатчыл адамдардын колуна салып берем*. Бул жер менен бул жердегинин баарын бөтөн жерликтердин колу менен кыйратам.+ Муну мен, Жахаба, айттым“.
13 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен жийиркеничтүү буркандарды да талкалайм, Ноптогу* пайдасыз кудайларды жок кылам.+ Ошондон кийин Мисирде мисирлик төрө* болбойт. Мен Мисир жерине коркунуч каптатам.+
14 Патросту+ ээн калтырам, Соанга от коём, Ного* чыгарган өкүмүмдү ишке ашырам.+
15 Синге, Мисирдин сепилине, каарымды төгөм, Нонун калың элин жок кылам.
16 Мисирге от коём. Синдин үрөйү учат, Нонун дубалдары талкаланат, Нопко болсо душмандар күндүз эле кол салышат!
17 Он* шаары менен Пи-Бесет шаарынын жигиттери кылычтан өлөт, эли болсо туткунга кетет.
18 Мен Тахпанесте Мисирдин моюнтуругун сындырганда, ал жерди күндүз караңгылык басат.+ Анын* текебердиги менен күчүнөн эч нерсе калбайт.+ Аны булут каптайт, шаарчаларынын эли туткунга кетет.+
19 Мисирге чыгарган өкүмүмдү ишке ашырам, ошондо менин Жахаба экенимди билишет“».
20 Он биринчи жылдын* биринчи айынын жетинчи күнүндө Жахаба мага:
21 «Адам уулу, мен фараондун, Мисир падышасынын, колун сындырдым. Айыкпашы үчүн колу таңылбайт, орогуч менен оролбойт. Ошентип, колу кылыч кармаганга жарабай калат»,— деди.
22 «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен фараонго, Мисир падышасына, каршы чыгам,+ анын соо колун да, сынган колун да сындырып,+ колунан кылычын түшүрөм.+
23 Мисирликтерди элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем.+
24 Бабыл падышасынын колун чыңдап*,+ кылыч берем,+ ал эми фараондун колдорун сындырам. Ал анын* алдында өлүп бараткан адамдай онтойт.
25 Мен Бабыл падышасынын колун чыңдайм, ал эми фараондун колдорун алсыратам. Кылычымды Бабыл падышасынын колуна бергенимде, ал аны Мисир жерине шилтегенде, менин Жахаба экенимди билишет.+
26 Мисирликтерди элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем.+ Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“».
Шилтемелер
^ Бул Жахабанын душмандарын соттоп, өз ысымын даңктай турган убакытты билдирет.
^ Же: «башка элдерден болгондордун баары».
^ Сыягы, Мисир менен шериктеш болгон ысрайылдыктарды билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «сатам».
^ Же: «башчы».
^ Же: «Мемфистеги».
^ Б. а. Фивага (Тебеске).
^ Б. а. Гелиополис.
^ Б. а. Мисирдин.
^ Жаякин падыша, Жезекиел жана башка жүйүттөр туткундалып кеткенден кийинки он биринчи жыл. (Кара: Жезекиел 1:2.)
^ Же: «кубатын арттырып».
^ Б. а. Бабыл падышасынын.