Жакан 1:1—51
1 Башында Сөз* болгон,+ Сөз Кудай менен болгон+ жана Сөз Кудайдай болгон.+
2 Ал башында Кудай менен болгон.
3 Бардыгы ал аркылуу жаратылган,+ ансыз эч нерсе жаратылган эмес.
4 Ал аркылуу өмүр пайда болгон. Өмүр* адамдар үчүн жарык болгон.+
5 Жарык караңгылыкта жаркырап турат;+ караңгылык аны жеңе албайт.
6 Кудай өзүнүн өкүлү катары жиберген бир киши келди. Анын аты Жакан эле.+
7 Ар кандай адамдар анын айткандарынын негизинде ишенип калышы үчүн, ал аларга жарык жөнүндө күбөлөндүргөнү келди.+
8 Ал өзү жарык эмес болчу,+ бирок ошол жарык жөнүндө күбөлөндүрүшү керек эле.
9 Ар кандай адамдарга тийген чыныгы жарык дүйнөгө келгени жаткан.+
10 Ал* дүйнөгө келген+ жана дүйнө ал аркылуу жаратылган,+ бирок дүйнө аны тааныган жок.
11 Ал өз элине келди, бирок алар аны кабыл алышкан жок.
12 Кабыл алгандарга болсо ал Кудайдын балдары болгонго укук берди,+ анткени алар ага* ишеништи.+
13 Алар адамдан төрөлүшкөн жок, дененин каалоосу же пенденин эрки менен эмес, Кудайдын балдары катары төрөлүштү.+
14 Сөз адам болуп,+ арабызда жашады. Биз анын даңкын, жалгыз уул+ катары атасынан алган даңкын, көрдүк. Ал дайыма Кудайдын ырайымына* бөлөнүп турган жана чындыкты айткан*.
15 (Жакан ал жөнүндө күбөлөндүрүп: «Мен: „Артымдан келаткан менин алдыма чыкты, анткени ал мага чейин эле болгон“,— деп айткан киши — ушул»,— деп жар салган.)+
16 Ал чексиз ырайымдуу болгондуктан, баарыбыз ырайым артынан ырайым көрүп келдик.
17 Анткени Кудай Муса аркылуу Мыйзам берсе,+ Иса Машаяк* аркылуу ырайым+ менен чындык эмне экенин айкын кылды.+
18 Кудайды бир да адам көргөн эмес.+ Аны бизге Атасынын жанындагы*,+ табияты боюнча ага окшош болгон жалгыз Уулу+ таанытты.+
19 Жүйүттөр Иерусалимден дин кызматчылар менен лебилерди: «Сен кимсиң?» — деп Жакандан сураганы жиберишкенде,+
20 Жакан жооп бергенден качпай: «Мен Машаяк эмесмин»,— деп ачык айтты.
21 Алар: «Анда кимсиң? Илияссыңбы?» — деп сурашты.+ «Жок»,— деди ал. «Анда келиши керек болгон пайгамбарсыңбы?»+ — деп сурашканда да, Жакан: «Жок!» — деп жооп берди.
22 Ошондо алар: «Анда кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу. Өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» — дешти.
23 Жакан: «Ышая пайгамбар айткандай, мен ээн талаада: „Жахабанын* жолун тегиздегиле“,— деп жар салып жүргөндүн өзүмүн»,+— деп айтты.+
24 Ал кишилерди фарисейлер жиберген эле.
25 Алар Жакандан: «Эгер Машаяк да, Илияс да, келиши керек болгон пайгамбар да болбосоң, анда эмнеге элди чөмүлтүп* жатасың?» — деп сурашты.
26 Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган бирөө бар.
27 Ал менин артымдан келатат. Мен анын сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын»,— деп жооп берди.+
28 Бул окуя Жакан элди чөмүлдүргөн жерде, Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү Бетанияда* болду.+
29 Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келаткан Исаны көрүп: «Мына, Кудайдын Козусу!*+ Ал бул дүйнөнү+ күнөөдөн арылтат.+
30 „Артымда келаткан бирөө менин алдыма чыкты, анткени ал мага чейин эле болгон“,— деп ушул жөнүндө айткам.+
31 Мен аны таанычу эмесмин. Бирок ал ысрайыл элине таанылышы үчүн, сууга чөмүлдүргөнү келгем»,+— деди.
32 Анан сөзүн бышыктап: «Кудайдын ыйык рухунун* асмандан көгүчкөндөй болуп түшүп, ага конгонун көрдүм.+
33 Мен аны таанычу эмесмин. Бирок мени элди сууга чөмүлдүргөнгө жибергендин өзү: „Кудайдын ыйык рухунун асмандан түшүп, кимге конгонун көрсөң,+ ыйык рухка чөмүлдүрө турган — ошол“,— деп айткан.+
34 Мен ошону көрүп, мунун Кудайдын Уулу экенин күбөлөндүрүп жатам»,— деп да айтты.+
35 Эртеси күнү да Жакан эки шакирти менен ошол жерде турган эле.
36 Исанын келатканын көрүп, ал: «Мына, Кудайдын Козусу!»+ — деди.
37 Муну укканда эки шакирти тең Исаны ээрчип жөнөдү.
38 Иса артка бурулуп, алардын ээрчип келатканын көрүп: «Эмнени издеп жүрөсүңөр?» — деп сурады. Алар: «Рабби, кайсы жерде туруп жатасың?» — деп сурашты. («Рабби» деген сөз «устат» дегенди билдирет.)
39 Ал: «Жүргүлө, өзүңөр барып көргүлө»,— деди. Алар барып, анын кайсы жерде турарын көрүштү да, ошол күнү аны менен калышты. Бул күндүзгү саат төрттөрдө* болду.
40 Жакандын сөздөрүн угуп, Исанын артынан ээрчиген эки шакирттин бири Андрес+ эле. Ал Симон Петирдин бир тууганы болчу.
41 Андрес адегенде бир тууганы Симонго жолугуп, ага: «Биз Машаякты таптык»,+— деди. («Машаяк» деген сөз «майланган»* дегенди билдирет.)
42 Анан аны Исага ээрчитип келди. Иса аны карап: «Сен Жакандын уулу Симонсуң.+ Мындан ары атың Кейфа болот»,— деди. («Кейфа» — грекче «Петир»*.)+
43 Эртеси күнү Иса Галилеяга бармакчы болду. Ал Филипке+ жолугуп: «Менин жолдоочум бол»,— деди.
44 Филип да Андрес менен Петир жашаган Бетсаида шаарынан эле.
45 Ал Натанаелге+ жолугуп: «Биз Мусанын Мыйзамында жана пайгамбарлардын жазгандарында айтылган кишини — Жусуптун+ уулу назареттик Исаны — таптык»,— деп айтты.
46 Бирок Натанаел: «Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле?» — деп койду. Филип ага: «Жүр, өзүң көрбөйсүңбү»,— деди.
47 Иса өзүн көздөй келаткан Натанаелди көрүп: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деди.+
48 Натанаел андан: «Сен мени кайдан билесиң?» — деп сурады. Иса: «Филип сени чакыра электе эле, мен сени анжирдин түбүнөн көргөм»,— деди.
49 Ошондо Натанаел: «Устат, сен чындап эле Кудайдын Уулу, Ысрайылдын Падышасы экенсиң»,— деп айтты.+
50 Иса ага: «Сени анжирдин түбүнөн көргөнүмдү айтканым үчүн эле ишенип калдыңбы? Мындан да укмуш нерселерди көрөсүң»,— деди.
51 Анан: «Ишенип койгула, асмандын ачылганын, Кудайдын периштелеринин адам Уулуна* түшүп, кайра асманга көтөрүлүп жатканын көрөсүңөр»,+— деп айтты.
Шилтемелер
^ «Сөз» деген сөз бул бөлүмдө наам катары колдонулган. Ал Исанын жерде кызмат кылып жүргөндө, ага чейин жана андан кийин Кудайдын башкы өкүлү болгонун билдирет.
^ Же: «Анын өмүрү».
^ Бул Жакан 1:1деги «Сөзгө» карата айтылган.
^ Сөзмө-сөз: «анын ысмына».
^ Же: «биз татыксыз болгон ырайымына».
^ Же: «Кудайдын ырайымына, чындыкка толуп турган».
^ Же: «көкүрөгүндөгү». Бул бөтөнчө ынактыкты билдирет.
^ Иерусалимдин жанындагы Бетания эмес.
^ Иса өз өмүрүн бүт адамзат үчүн курмандыкка чала тургандыктан, Жакан аны «Кудайдын Козусу» деп айткан.
^ Б. а. ыйык күчүнүн.
^ Сөзмө-сөз: «онунчу саат чамасында».
^ Бул ысым «аска таш» дегенди билдирет.