Еврейлерге 2:1—18

  • Уккан нерселериңерге өзгөчө көңүл бургула (1—4)

  • Бардыгы Исага баш ийдирилген (5—9)

  • Иса жана анын бир туугандары (10—18)

    • Куткарылууга шарт түзгөн Башчы (10)

    • Кайрымдуу башкы дин кызматчы (17)

2  Ошондуктан багытыбыздан чыгып кетпеш үчүн+ уккан нерселерибизге өзгөчө көңүл бурушубуз керек.+ 2  Себеби Кудайдын ата-бабаларыбызга периштелер аркылуу айткан сөздөрү*+ өзгөрүлгүс болуп, мыйзамды бузган жана ага баш ийбеген ар бир адам адилеттүү жазаланчу.+ 3  Анда Кудайдын бизди куткарыш үчүн кылган ушунчалык чоң ишин баалабай койсок, жазадан кантип качып кутулмак элек?+ Ал жөнүндө башында Мырзабыз жарыялай баштаган,+ андан уккандар болсо бизге айтып берип, анын сөздөрүн бышыкташкан. 4  Алардын айткандары чын экенин Кудай да керемет-жышаандарды көрсөтүп, ар кандай ажайып иштерди жасап ырастаган.+ Ал муну кызматчыларына ыйык рухун* өзүнүн эркине ылайык берип да далилдеген.+ 5  Анткени ал биз айтып жаткан келечектеги жерди+ башкарганга периштелерди дайындаган эмес. 6  Бир жолу бир күбө: «Сен эстеп жүргүдөй, адам ким болуп калыптыр? Сен кам көргүдөй, адам баласы ким болуп калыптыр?+ 7  Сен аны периштелерден бир аз төмөн кылып жараткансың. Аны даңк менен урмат-сыйга бөлөгөнсүң, ага колуңан бүткөндүн баарынын үстүнөн бийлик бергенсиң. 8  Баарын ага баш ийдиргенсиң»,— деп айткан.+ Кудай баарын өз Уулуна баш ийдирген,+ ага баш ийбеген эч нерсе калган эмес.+ Бирок биз бардыгынын ага баш ийдирилгенин азырынча көрө элекпиз.+ 9  Анткен менен Кудай периштелерден бир аз төмөн койгон Исаны көрдүк.+ Азап тартып өлгөнү үчүн Кудай аны даңк менен урмат-сыйга бөлөдү.+ Ал Кудайдын ырайымы баарына көрсөтүлсүн деп, ар бир адам үчүн өлгөн.+ 10  Бардыгы Кудайдын аркасы менен жана ал даңкталышы үчүн бар болуп турат. Ал көптөгөн уулдарын даңкка бөлөш үчүн+ алардын куткарылышына шарт түзгөн Башчыны+ чеккен азаптары аркылуу жеткилең кылууну туура көргөн+. 11  Ошол уулдарды ыйыктаган Исанын да, ыйыкталган алардын+ да Атасы бир болгондуктан,+ Иса аларды «бир туугандарым» дегенден уялбайт.+ 12  Ошондуктан ал: «Сенин ысмыңды бир туугандарыма жарыялайм, жыйналышта сени даңктап ырдайм»,+— дейт. 13  Ошондой эле: «Ага таянам»,+— дейт. «Мен өзүм жана Жахаба* берген балдарым»,+— деп да айтат. 14  Ошол «балдар» кадимки адам болгондуктан*, Иса да адам болгон.+ Ал өлүмгө дуушар кыла ала турганды,+ атап айтканда, Ибилисти+ өзүнүн өлүмү менен жок кылыш үчүн, 15  өмүр бою өлүмдөн коркуп, кулчулукта жүргөндөрдүн баарын эркиндикке чыгарыш үчүн+ адам болуп келген. 16  Себеби ал периштелерге эмес, Ыбрайымдын тукумуна жардам бериш үчүн келген.+ 17  Ошондуктан адамдардын күнөөлөрү үчүн+ өз өмүрүн берип, аларды Кудай менен элдештириш үчүн+ жана Кудайга кызмат кылып жатканда кайрымдуу, ишенимдүү башкы дин кызматчы болуш үчүн ал «бир туугандарына» бардык жагынан окшош болушу керек болчу.+ 18  Ал өзү да сыналып,+ азап чеккендиктен сыналып жаткандарга жардам бере алат.+

Шилтемелер

Б. а. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам.
Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «кан менен эттен тургандыктан».