Бийлер 20:1—48

  • Бенжемин уруусу менен болгон согуш (1—48)

20  Ошондо Дандан+ Беир-Шебага чейинки жерлерде жана Гилат жеринде+ жашаган бүт ысрайылдыктар, бүт жамаат Жахабанын алдында Миспага+ чогулду. 2  Элдин, тактап айтканда, Ысрайылдын бардык урууларынын башчылары чыныгы Кудайдын элинин жыйналышына келишти. Ал жакка келген кылыч көтөргөн жөө жоокерлердин саны 400 000 болду.+ 3  Бенжемин уруусундагылар башка ысрайылдыктардын Миспага чогулганын угушту. Ысрайылдыктар ошол жерде тургандардан: «Төбө чачты тик тургузган мындай иш кандайча болду? Айтып бергилечи»,— дешти.+ 4  Ошондо леби,+ тактап айтканда, өлгөн аялдын күйөөсү: «Мен токолум менен Бенжемин уруусунун жериндеги Гиба шаарында+ түнөгөнү калган болчумун. 5  Анан ал шаардын тургундары арам ой менен келип, түндө мен конгон үйдү курчап алышты. Алар мени өлтүрмөкчү болушту; анан токолумду зордуктап салышты, ал өлүп калды.+ 6  Ошон үчүн мен аны мүчөлөп, Ысрайылдын бардык урууларына жөнөтүп жибердим.+ Анткени алар Ысрайылда ушундай уятсыз, жийиркеничтүү иш кылышты. 7  Агайын-туугандар, эми акылдашып көрүп, эмне кылышты айткыла»,+— деди. 8  Ошондо баары бир ооздон: «Эч кимибиз чатырыбызга кетпейбиз, үйүбүзгө кайтпайбыз. 9  Мындай кылалы: өкчөмө таш* ыргытып,+ Гибага каршы согушабыз. 10  Ысрайылдын ар бир уруусунан 100дөн 10 киши, 1 000ден 100 киши, 10 000ден 1 000 киши чыгарабыз. Алар Ысрайылда уятсыз иш кылган Бенжемин уруусуна таандык Гиба шаарынын тургундары менен согуша тургандарды тамак-аш менен камсыз кылышат»,— деди. 11  Ошентип, ысрайылдыктардын баары ал шаардагылар менен согушканы чогулушту. 12  Ысрайыл уруулары Бенжемин уруусундагыларга кишилерин жөнөтүп: «Төбө чачты тик тургузган ушундай ишке кантип бардыңар?! 13  Гибадагы ошол бузулган кишилерди чыгарып бергиле,+ биз аларды өлтүрүп, Ысрайылдан жамандыкты жок кылабыз»,+— деп айттырып жиберишти. Бирок Бенжемин уруусундагылар бир туугандарын, ысрайылдыктарды, укпай коюшту. 14  Анан ысрайылдыктар менен согушуш үчүн өз шаарларынан чыгып, Гибага чогулушту. 15  Гибадан тандалган 700 жоокерди эсептебегенде, ошол күнү Бенжемин уруусунун шаарларынан чакырылган кылыч көтөргөн жоокерлердин саны 26 000 болду. 16  Алардын арасында тандамал 700 сологой киши бар болчу. Ар бири салмоор менен таш ыргытканда бир тал чачка да таамай тийгизчү. 17  Бенжемин уруусундагылардан башка ысрайылдыктардан кылыч көтөргөн 400 000 киши чогулду.+ Алардын ар бири дасыккан жоокер эле. 18  Алар Бейтелге барып, Кудайдан:+ «Бенжемин уруусу менен согушканы кимибиз баштап барабыз?» — деп сурашты. Жахаба: «Жүйүт баштап барат»,— деди. 19  Ошондо ысрайылдыктар эртең менен туруп, кол салыш үчүн Гибанын жанына жайгашышты. 20  Алар Бенжемин уруусу менен согушуш үчүн Гибага каршы аскердик тартипте тизилишти. 21  Бенжемин уруусундагылар Гибадан чыгып, ошол күнү алардын 22 000 кишисин сулатышты. 22  Бирок ысрайылдык аскерлер кайраттанып, биринчи күнү жайгашкан жерине кайра барып тизилишти. 23  Ысрайылдыктардын айрымдары Жахабанын алдына барып, кечке чейин ыйлап, Жахабадан: «Бир туугандарыбыз менен, Бенжемин уруусундагылар менен, согушканы дагы барышыбыз керекпи?» — деп сурашты.+ Жахаба: «Баргыла»,— деди. 24  Экинчи күнү ысрайылдыктар Бенжемин уруусундагыларга жакын барышты. 25  Бенжемин уруусундагылар экинчи күнү да Гибадан чыгып, алардын кылыч көтөргөн 18 000 кишисин сулатышты.+ 26  Ошондо бүт ысрайылдык кишилер Бейтелге барышты. Алар ыйлап, Жахабанын алдында отуруп,+ ошол күнү кечке чейин орозо тутушту,+ Жахабага бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын+ чалышты. 27  Анан Жахаба Кудайдан эмне кылыш керектигин сурашты,+ анткени ошол кезде анын келишим сандыгы Бейтелде болчу. 28  Ошол убакта келишим сандыгынын алдында Арундун небереси, Элазардын уулу Пинехас+ кызмат кылчу. Ысрайылдык кишилер: «Бир туугандарыбыз менен, Бенжемин уруусундагылар менен, согушканы дагы барышыбыз керекпи же жокпу?» — деп сурашты.+ Жахаба: «Баргыла, эртең аларды колуңарга салып берем»,— деди. 29  Анан алар Гибаны тегерете буктурма коюшту.+ 30  Үчүнчү күнү ысрайылдыктар Бенжемин уруусундагылар менен согушканы чыгышты да, мурункудай эле Гибанын тушуна аскердик тартипте тизилишти.+ 31  Бенжеминдин урпактары аларга каршы чыгып, шаардан алыстап кетишти.+ Бири Бейтелге, экинчиси Гибага кеткен чоң жолдордо алар мурунку жолкудагыдай эле ысрайылдыктарды өлтүрө башташты. Талаада алардын 30га жакын кишисин өлтүрүштү.+ 32  Ошондон улам: «Булар өткөндөгүдөй эле бизден жеңилип жатышат»,— дешти.+ Ысрайылдыктар болсо: «Булардан качалы да, шаарынан алыстатып, чоң жолдорго чыгаралы»,— дешти. 33  Анан баары Баал-Тамарга барып, аскердик тартипте тизилишти. Ал эми буктурмада жаткандары Гибанын туш тарабынан чыга башташты. 34  Ошентип, бүт Ысрайылдан тандалган 10 000 киши Гибанын тушуна барды. Ошондо катуу салгылаш болду. Бенжеминдин урпактары башына мүшкүл түшөрүн билишкен жок. 35  Жахаба Бенжемин уруусундагыларды ысрайылдыктардын колуна салып берип,+ ысрайылдыктар ошол күнү алардын кылыч көтөргөн 25 100 кишисин сулатышты.+ 36  Ысрайылдыктар Гибага каршы коюлган буктурмада жаткандарга таянып,+ Бенжемин уруусундагылардан кача баштаганда, Бенжемин уруусундагылар аларды жеңиле баштады деп ойлошту.+ 37  Буктурмадагылар болсо дароо Гибаны көздөй жөнөштү. Алар шаарга кирип барып, анын туш тарабына чачырап, тургундарын кылычтап салышты. 38  Ысрайылдыктар буктурмада жаткан кишилери менен сүйлөшүп алганы боюнча, шаардан көтөрүлгөн түтүн аларга белги болмок. 39  Ысрайылдыктар салгылаш учурунда качып жөнөгөндө, Бенжемин уруусундагылар алардын 30дай кишисин өлтүрүштү.+ Ошондуктан алар: «Булар биринчи жолкудагыдай эле бизден жеңилип жатышат»,— дешти.+ 40  Ошол учурда белги берилди: шаардан түтүн көтөрүлө баштады. Бенжемин уруусундагылар артын карашса — бүт шаар жалыны асманга жете жалбырттап өрттөнүп жатыптыр. 41  Ошондо тигилер артка бурулушту. Баштарына мүшкүл түшкөнүн көргөндө Бенжеминдин урпактары дүрбөлөңгө түштү. 42  Алар ысрайылдыктардан качып, чөлдү көздөй бет алышты. Бирок куугунчулар артынан калбай кууп баратышты. Шаардан чыккандары да аларга кошулуп, тигилерди өлтүрүп жатышты. 43  Алар Бенжемин уруусундагыларды курчап, тыным бербей кууп баратышты. Ысрайылдыктар аларды Гибанын тушунда, анын чыгыш тарабында, кырып жатышты. 44  Ошентип, 18 000 кишисин өлтүрүштү. Алардын баары күчтүү, мыкты жоокерлер эле.+ 45  Бенжемин уруусундагылар чөлдү көздөй, Римон аскасын көздөй качып жөнөштү.+ Ысрайылдыктар алардын калгандарын кууп жетип, жол бою 5 000 кишисин өлтүрүштү. Аларды тээ Гидомго чейин кууп барып, дагы 2 000 кишисин өлтүрүштү. 46  Ошол күнү Бенжемин уруусунун кылыч көтөргөн 25 000* күчтүү, мыкты жоокери каза тапты.+ 47  Бирок аман калган 600 кишиси чөлгө, Римон аскасына качып барып, ал жерге 4 ай корголошту. 48  Ысрайылдыктар болсо кайрылып келип, Бенжемин уруусундагылардын калгандары менен согушуп, шаардан кезиккендин баарын, адамдан тартып малга чейин, кылычтап салышты. Алар жолдон туш болгон шаарлардын баарын өрттөп жиберишти.

Шилтемелер

Сыягы, бул жердеги сан тегеректеп айтылган.