Бийлер 11:1—40

  • Иптахты кууп жиберишет; кийинчерээк башчы кылып дайындашат (1—11)

  • Иптахтын Амондун тукумдарына берген жообу (12—28)

  • Иптахтын анты жана кызы (29—40)

    • Иптахтын кызынын турмушка чыкпай калышы (38—40)

11  Гилаттык Иптах+ күчтүү жоокер эле. Ал сойку аялдын уулу болчу. Атасынын аты Гилат эле. 2  Гилатка аялы да бир нече уул төрөп берген. Ошол уулдары эр жеткенде Иптахка: «Сага атабыздын үйүнөн мураска эч нерсе тийбейт, анткени сен бөлөк аялдын уулусуң» — деп, аны кууп жиберишти. 3  Иптах бир туугандарынан качып, Топ жерине барды да, ошол жерде жашап калды. Анын жанына жумушсуз калган кишилер чогулду. Иптах алардын башчысы болду. 4  Бир нече убакыт өткөндөн кийин Амондун тукумдары Ысрайылга каршы согуш ачты.+ 5  Алар ысрайыл эли менен согуша баштаганда, Гилаттын аксакалдары Иптахты кайра алып келиш үчүн дароо Топ жерине барышты. 6  Алар Иптахка: «Жүр, бизге аскер башчы бол, Амондун тукумдары менен согушалы»,— дешти. 7  Бирок Иптах: «Силер мени жек көрүп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле.+ Эми башыңарга кыйынчылык түшкөндө, мага эмнеге келдиңер?» — деди. 8  Гилаттын аксакалдары: «Ошон үчүн сага келбедикпи. Биз менен барып, Амондун тукумдары менен согуш. Ошондо Гилаттын бүт тургундарынын башчысы болосуң»,— дешти.+ 9  Иптах аларга: «Эгер силер менен барып, Амондун тукумдары менен согушуп, Жахаба аларды колума салып берсе, анда силердин башчыңар болом!» — деди. 10  Алар: «Эгер сен айткандай кылбасак, анда сени менен бизге Жахаба өзү күбө болуп, бизди өзү соттосун»,— дешти. 11  Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен кетти. Эл аны өздөрүнө башчы жана аскер башчы кылып дайындады. Иптах бул сөздөрүнүн баарын Миспада+ Жахабанын алдында дагы кайталап айтты. 12  Анан Амондун тукумдарынын+ падышасына кишилерин жөнөтүп: «Жериме кол салгыдай, менде эмнең бар?» — деп айттырып жиберди. 13  Амондун тукумдарынын падышасы анын кишилерине: «Мисирден чыгып келатканда+ ысрайыл эли Арнондон+ тартып Жабокко чейинки, Иорданга+ чейинки жерлеримди тартып алган. Эми жеримди кайра тынчтык менен кайтарып бер»,— деди. 14  Бирок Иптах ага дагы кишилерин жөнөтүп, 15  мындай деп айттырып жиберди: «Иптах мындай дейт: „Маап+ жери менен Амондун тукумдарынын+ жерин ысрайыл эли тартып алган эмес. 16  Анткени Мисир жеринен чыккандан кийин алар чөл кезип, Кызыл деңизге,+ анан Кадешке+ келишкен. 17  Алар Эдом+ падышасына киши жиберип: “Жериң аркылуу өтүп кеткенге уруксат эт”,— деп суранганда, Эдом падышасы макул болбой койгон. Андан соң Маап+ падышасына да киши жиберишкен, бирок ал да макул болбой койгон. Ошондуктан ысрайыл эли Кадешке+ келип токтогон. 18  Чөл менен келатканда алар Эдом+ менен Маап жерин айланып өтүшкөн да, Маап жеринин чыгыш тарабына келип,+ Арнон аймагына жайгашышкан. Арнон болсо Мааптын чек арасы болчу.+ Ошон үчүн алар Маап жерине киришкен эмес. 19  Андан кийин ысрайыл эли аморлуктардын падышасы Сихонго, Хешпон падышасына, киши жиберип: ”Жериң аркылуу өзүмдүн жериме өтүп кеткенге уруксат эт“,— деп айттырган.+ 20  Бирок Сихон аларга ишенбегендиктен өзүнүн жеринен өткөнгө уруксат бербей койгон. Ал бүт аскерин чогултуп, Жааска жайгаштырып, ысрайыл эли менен согушкан.+ 21  Ошондо Ысрайылдын Кудайы Жахаба Сихон менен анын бүт аскерин ысрайыл элинин колуна салып берген. Ысрайылдыктар аларды кырып, ал жерде жашаган аморлуктардын бүт жерин ээлеп алган.+ 22  Алар аморлуктардын Арнондон Жабокко чейинки, ошондой эле чөлдөн Иорданга чейинки жерлеринин баарын ээлеп алышкан.+ 23  Ошентип, аморлуктардын жерин ысрайыл элине бериш үчүн аларды бул жерден Ысрайылдын Кудайы Жахаба өзү кууп чыккан.+ Эми сен ысрайыл элин кууп чыккың барбы? 24  Сен деле Кемос кудайың+ кайсы жерди берсе, ошол жерге ээлик кылып жаткан жоксуңбу? Биз да Жахаба Кудайыбыз кайсы жерди берсе, ошол жерди ээлеп алабыз.+ 25  Мааптын падышасы Зипор уулу Балактан+ сенин эмнең артык? Ал ысрайыл эли менен талашып-тартышты беле же аны менен согушту беле? 26  Ысрайыл элинин Хешпон менен ага караштуу шаарларда,+ Ароерде жана ага караштуу шаарларда, Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына 300 жыл болду. Эмнеге ал жерлерди ошол убакта тартып алган жоксуңар?+ 27  Мен сага эч кандай жамандык кылган жокмун. Сен болсо мага согуш ачып, туура эмес кылып жатасың. Эми ысрайылдыктардыкы туурабы же Амондун тукумдарыныкыбы, Улуу Сот+ — Жахаба — өзү териштирсин“». 28  Бирок Амондун тукумдарынын падышасы Иптахтын айттырып жиберген сөздөрүнө кулак салган жок. 29  Ошондо Иптахка Жахабанын ыйык руху таасир этип,+ ал Гилат жери менен Менаше уруусунун жерин аралап, Гилаттагы Миспеге барды.+ Ал жактан Амондун тукумдарына жөнөдү. 30  Анан Иптах Жахабага ант берип:+ «Эгер Амондун тукумдарын колума салып берсең, 31  анда алар менен согушуп жеңиш менен кайтып келгенимде, үйүмдөн мени ким тосуп чыкса, Жахаба, ошол сага таандык болот,+ аны бүтүндөй өрттөлчү курмандык катары берем*»,+— деди. 32  Ошентип, Иптах Амондун тукумдары менен согушту. Жахаба аларды анын колуна салып берди. 33  Иптах аларды Ароерден Минитке чейин жол бою кырып, 20 шаарын басып алды. Аларды Абыл-Керамимге чейин кырып, абдан көп кишисин өлтүрдү. Ошентип, Амондун тукумдары ысрайылдыктарга багынып беришти. 34  Акыры, Иптах Миспага,+ үйүнө кайтып келгенде, алдынан дап кагып, бийлеп кызы тосуп чыкты. Ал анын жалгыз кызы болчу, андан башка эркек баласы да, кызы да жок эле. 35  Аны көргөндө Иптах кийимин айрып жиберип: «Аттиң ай, кызым, мени азапка салбадыңбы! Мен кетире турган киши сен болуп калбадыңбы! Мен Жахабага убада берип койгом, эми аны буза албайм»,+— деди. 36  Ошондо кызы: «Ата, эгер Жахабага убада берип койгон болсоңуз, анда ал убадаңызды аткарыңыз,+ анткени Жахаба сизге душмандарыңыздан, Амондун тукумдарынан, өч алганга жардам бербедиби»,— деди. 37  Анан: «Сизден суранарым, мени эки айга коё бериңиз, турмуш курбай так өтө турган болсом, курбу кыздарым менен тоого чыгып, ыйлап келейин»,— деди. 38  Атасы: «Мейли, барып кел» — деп, аны эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, өмүрү өткөнчө турмуш курбай турганына ыйлады. 39  Эки айдан кийин атасына кайтып келгенде, атасы ал жөнүндөгү убадасын аткарды.+ Ошентип, Иптахтын кызы турмушка чыккан жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт пайда болгон: 40  ысрайылдык кыздар жыл сайын гилаттык Иптахтын кызына дем-күч бергени* барышчу. Алар анын жанында жылына 4 күн болушчу.

Шилтемелер

Сыягы, бул жерде Кудайга кызмат кылганга толук арноо жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Же: «кызын мактаганы».