Башталыш 47:1—31
47 Жусуп фараонго барып:+ «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым келиптир. Майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир. Азыр алар Гошен+ жеринде»,— деди.
2 Анан 5 бир тууганын фараондун+ алдына алып барды.
3 Фараон алардан: «Эмне иш кыласыңар?» — деп сурады. Алар: «Кулдарыңыз, ата-бабаларындай эле, кой багышат»,— деп жооп беришти.+
4 Анан: «Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп, кулдарыңыздын малына жайыт жок калды.+ Ошон үчүн бул жерге келгин катары жашаганы келдик.+ Кулдарыңызга Гошен жерине отурукташканга уруксат бериңиз»,+— дешти.
5 Ошондо фараон Жусупка: «Атаң менен бир туугандарыңдын келгени жакшы болуптур.
6 Мына, Мисир жери сенин колуңда, аларды эң жакшы жерине жайгаштыр.+ Гошен жеринде жашай беришсин. Арасында иш билги кишилер бар экенин билсең, менин малымды караганга дайындап кой»,— деди.
7 Андан кийин Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып барды. Жакып фараонго батасын берди.
8 Фараон Жакыптан: «Канчага келип калдыңыз?» — деп сурады.
9 Жакып: «Көчүп-конуп, ар кайсы жерде жашаганыма 130 жыл болду. Аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм.+ Көчүп-конуп жашаган ата-бабаларымдын жашына жете элекмин»,+— деди.
10 Анан фараонго батасын берип, анын жанынан кетти.
11 Фараон буйрук кылгандай, Жусуп атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, өлкөнүн эң жакшы жеринен, Раамсес+ аймагынан, жер бөлүп берди.
12 Ал атасын, бир туугандарын жана атасынын бүт үй-бүлөсүн балдарынын санына жараша азык-түлүк менен камсыз кылып турду.
13 Ачарчылык абдан катуу болгондуктан, ал жерде азык-түлүк калбай калды. Мисирдин да, Канаандын да тургундары ачарчылыктан алсырап калды.+
14 Жусуп Мисир менен Канаан жериндеги акчанын баарын, элге эгин саткандан+ түшкөн акчанын баарын, чогултуп, фараондун казынасына салып жатты.
15 Мисирдеги, Канаан жериндеги акчанын баары түгөнгөндө, бүт мисирликтер Жусупка: «Акчабыз түгөндү. Көз алдыңызда ачкадан кырылып калабызбы? Бизге азык-түлүк бериңиз»,— деп келе башташты.
16 Ошондо Жусуп: «Акчаңар калбай калса, малыңарды алып келгиле, азык-түлүктү малга алмашам»,— деди.
17 Алар Жусупка малын айдап келе башташты. Жусуп аларга жылкыларынын, майда малы менен бодо малынын, эшектеринин ордуна азык-түлүк берип турду. Ошол жылы ал азык-түлүктү малга айырбаштап, элди азык-түлүк менен камсыз кылып турду.
18 Ал жыл да соңуна чыкты. Кийинки жылы эл Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырганда эмне, акчабызды да, малыбызды да мырзабызга берип бүттүк. Өзүбүз менен жерибизден башка берчү эч нерсебиз калган жок.
19 Биздин өлүп калганыбыздан, жерибиздин иштетилбей калганынан эмне пайда? Андан көрө, өзүбүздү да, жерибизди да алып, бизге азык-түлүк бериңиз. Өзүбүз фараонго кул бололу, жерибиз анын менчиги болсун. Өзүбүз кырылып, жерибиз ээн калбашы үчүн сепкенге үрөн бериңиз»,— дешти.
20 Ошондо катуу ачарчылыктын айынан мисирликтердин баары жерин сата баштады. Жусуп алардын бүт жерлерин фараондун карамагына өткөрүш үчүн сатып алды. Ошентип, жердин баары фараонго таандык болуп калды.
21 Анан Жусуп Мисирдеги айылдарда жашаган элдин баарын шаарларга көчүрдү.+
22 Ал дин кызматчылардын жерлерин гана сатып алган жок.+ Дин кызматчыларды азык-түлүк менен фараон камсыз кылып турчу. Ошон үчүн алар жерлерин сатканга аргасыз болушкан жок.
23 Анан Жусуп элге: «Мен силерди да, жерлериңерди да фараон үчүн сатып алдым. Эми бул үрөндү алгыла да, жериңерге эккиле.
24 Анан түшүмүңөрдү жыйнаганда бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле.+ Калган төрт бөлүгү болсо сепкенге, өзүңөргө, балдарыңарга, үйүңөрдө жашагандарга жегенге калсын»,— деди.
25 Алар: «Сиз бизди өлүмдөн сактап калдыңыз.+ Эгер туура көрсөңүз, фараонго кул бололу»,— дешти.+
26 Жусуп түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин деп буйрук чыгарды. Ал буйрук бүт Мисир боюнча азыркы күнгө чейин күчүндө. Дин кызматчылардын гана жерлери фараондун карамагына өткөн жок.+
27 Ысрайыл эли Мисирдеги Гошен жеринде жашады.+ Алар ошол жерге тамыр жайып, укумдап-тукумдап, аябай көбөйүштү.+
28 Жакып Мисир жеринде 17 жыл жашады. Ошентип, 147 жашка чыкты.+
29 Көз жумарына аз калганда+ Ысрайыл уулу Жусупту чакырып: «Колуңду санымдын астына коюп, сөөгүмдү Мисир жерине койбойм деп ант бер.+ Мага кылган жакшылыгың ушул болсун. Мени жакшы көрөрүңдү, сөзүмдү эч качан эки кылбай турганыңды ушундан билем.
30 Мен өлгөндө, сөөгүмдү Мисир жеринен алып чыгып, ата-бабаларым коюлган жерге алпарып кой»,+— деди. Жусуп: «Айтканыңыздай кылам, ата»,— деди.
31 Ошондо Ысрайыл: «Ант бер»,— деди. Жусуп ант берди.+ Анан Ысрайыл төшөктүн баш жагында отурган жеринен Кудайга таазим кылды.+