Башталыш 34:1—31
34 Лиянын Жакыпка төрөп берген кызы Дина+ ошол жердин кыздары+ менен көп жүрчү.
2 Аны ошол жердин башчысы хиби элинен болгон+ Хамордун уулу Шекем да көрдү. Кийинчерээк аны кармап алып, зордуктап койду.
3 Анын Динага көңүлү түшүп, абдан жакшы көрүп калгандыктан аны сүйөрүнө ынандыра баштады.
4 Анан Шекем атасы Хаморго:+ «Бул кызды мага алып бериңиз»,— деди.
5 Жакып Шекемдин Динаны бузуп койгонун укканда, балдары талаада мал жайып жүрүшкөн болчу. Алар келгиче, Жакып бул тууралуу эч кимге айткан жок.
6 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү келди.
7 Жакыптын уулдары эмне болгонун угар замат талаадан келишти. Алар ызаланып, ачууланып жатышты, анткени Шекем Жакыптын кызын зордуктап,+ Ысрайылды уятка калтырып, жаман иш кылды.+
8 Хамор аларга: «Уулум Шекем кызыңарды жактырып калыптыр. Суранам, аны уулума берип,
9 биз менен куда-сөөк болгула. Кыз алышып, кыз беришели.+
10 Биз менен чогуу жашагыла, биздин жер силердин жериңер болсун. Ушул жерге отурукташып, соода-сатык жүргүзүп, жашай бергиле»,— деди.
11 Андан кийин Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Суранам, өтүнүчүмдү аткарып койгула. Эмне сурабагыла, баарын берем.
12 Кандай калың бычып,+ эмне сурасаңар да, баарын берем. Кызыңарды берсеңер эле болду»,— деди.
13 Шекем Динаны бузуп койгондуктан, Жакыптын уулдары Шекем менен анын атасын алдап,
14 аларга: «Жок, анте албайбыз. Карындашыбызды сүннөткө отургузулбаган кишиге бере албайбыз,+ бул биз үчүн уят иш.
15 Эркек аттууңардын баары биздей болуп сүннөткө отургузулганда гана+ макулдугубузду беребиз.
16 Ошондо кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз.
17 Эгер сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, кызыбызды алып кетебиз»,— дешти.
18 Алардын айтканы Хамор+ менен уулу Шекемге+ жакты.
19 Шекем Жакыптын кызын аябай жакшы көрүп калгандыктан алардын талабын аткарганча шашты.+ Ал атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу эле.
20 Ошентип, Хамор менен уулу Шекем өз шаарынын дарбазасына барып,+ элге:
21 «Булар биз менен жакшы мамиледе болгусу келет экен. Жер кенен эмеспи, бул жерге отурукташып, соода-сатык жүргүзө беришсин. Алар менен кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк бололу.+
22 Бирок эркек аттууларыбыздын баары алардай болуп сүннөткө отургузулганда гана+ биз менен чогуу жашап, бир эл болушат экен.
23 Ошондо алардын мүлкү, байлыгы, бүт малы биздики болбойбу? Макул болуп коёлу, ошондо алар биз менен жашап калышат»,— дешти.
24 Хамор менен анын уулунун айткандарына шаар дарбазасынын жанына чогулгандардын баары макул болуп, шаардын бүт эркектери сүннөткө отургузулду.
25 Үчүнчү күнү, алар айыга электе, Жакыптын эки уулу, Динанын агалары+ Шымон менен Леби, кылычын алып, шек алдырбастан шаарга киришти да, эркек аттуунун баарын кырып ташташты.+
26 Хамор менен уулу Шекемди да кылычтап өлтүрүп, Динаны Шекемдин үйүнөн алып кетип калышты.
27 Жакыптын башка уулдары болсо, Шекем алардын карындашынын абийирин төккөндүктөн,+ эркектери кырылып жаткан ошол шаарга барып, аны талап-тоноп кетишти.
28 Алар майда малы менен бодо малын, эшектерин, шаардагы менен талаадагынын баарын алып кетишти.
29 Ошондой эле элдин бүт мүлкүн алып, аялдары менен балдарын туткундап, үйлөрүн тоноп кетишти.
30 Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге:+ «Силер мени бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздерге, жек көрүндү кылып, башыма балээ үйдүңөр*. Эми алар биригип алып, мага кол салышат. Менин элим болсо аз. Ошон үчүн мени үй-бүлөм менен кошо кырып ташташат»,— деди.
31 Уулдары болсо: «Анда эмнеге алар карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылышат?!» — дешти.
Шилтемелер
^ Же: «мени качканга мажбур кылдыңар».