Башталыш 29:1—35
29 Жакып жолун улап, чыгыштагы элдердин жерине жөнөдү.
2 Ал жакка жетип, талаадан кудук көрдү. Анын жанында үч короо кой жатыптыр, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.
3 Малдын баары чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайра ордуна жылдырып, кудуктун оозун жаап коюшчу.
4 Жакып койчулардан: «Агайын-туугандар, каяктан болосуңар?» — деп сурады. Алар: «Харандан»,+— деп жооп беришти.
5 Ошондо ал: «Нахордун+ небереси Лабанды+ тааныйсыңарбы?» — деди. Алар: «Тааныйбыз»,— дешти.
6 «Ал жакшы эле жүрөбү?» — деп сурады Жакып. Алар: «Жакшы эле жүрөт. Тигине кызы Рахил+ койлорун айдап келатат»,— дешти.
7 Жакып аларга: «Али түш оой элек. Малды айдап келе турган маал да боло элек. Койлорду сугарып алып, кайра жайбайсыңарбы»,— деди.
8 Алар болсо: «Малдын баарын чогултуп, кудуктун оозундагы ташты жылдырмайынча, койлорду сугара албайбыз»,— дешти.
9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахил атасынын койлорун айдап келип калды. Ал кой кайтарчу.
10 Жакып Лабан таякесинин кызы Рахилди көргөндө кудуктун жанына барып, оозундагы ташты жылдырып, койлорун сугарып берди.
11 Анан Рахилди өөп, катуу ыйлап жиберди.
12 Ал Рахилге атасынын жээни болорун, Ребеканын уулу болорун айтты. Рахил болсо чуркап барып, атасына айтты.
13 Лабан+ жээни Жакып жөнүндө угары менен тосуп чыгыш үчүн чуркап жөнөдү. Ал аны кучактап өөп, үйүнө алып келди. Жакып ага башынан өткөндөрдүн баарын айтып берди.
14 Лабан ага: «Сен менин бир боорумсуң*»,— деди. Жакып аныкында бир ай жашады.
15 Анан Лабан Жакыпка: «Тууганым+ болгонуң үчүн эле сени бекер иштете берсем, туура эмес болуп калат го. Айтчы, акыңа эмне берейин?» — деди.+
16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты Лия, кичүүсүнүкү Рахил+ эле.
17 Лия жылдыздуу эмес болчу, ал эми Рахил келбети келишкен аябай сулуу кыз эле.
18 Жакып Рахилди сүйүп калды. Ошон үчүн Лабанга: «Кенже кызыңыз Рахил үчүн сизге 7 жыл иштеп берейин»,— деди.+
19 Лабан: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө, сага бергеним жакшы эмеспи. Меникинде жашай бер»,— деди.
20 Ошентип, Жакып Рахил үчүн 7 жыл иштеди.+ Бирок ага бир нече күн өткөндөй эле сезилди, анткени Рахилди жакшы көрчү.
21 Анан Жакып Лабанга: «Экөөбүз сүйлөшкөн убакыт бүттү, эми кызыңызды бериңиз, үйлөнөйүн»,— деди.
22 Ошондо Лабан тегеректе жашагандардын баарын чакырып, той өткөрдү.
23 Кечинде болсо Жакыпка Рахилдин ордуна улуу кызы Лияны киргизип койду.
24 Лабан күңү Зилпаны Лияга күң кылып берди.+
25 Жакып эртең менен туруп караса эле — жанында жаткан Лия экен. Ошондо ал Лабанга: «Бул эмне кылганыңыз? Мен сизге Рахил үчүн иштеп бербедим беле? Мени эмнеге алдадыңыз?» — деди.+
26 Лабан ага: «Бизде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.
27 Той бүткүчө, бул жуманын аягына чейин ушул аялың менен бол. Анан экинчисин да аласың, ал үчүн мага дагы жети жыл иштеп бересиң»,— деди.+
28 Жакып ошондой кылды. Той бүткүчө, жуманын аягына чейин ошол аялы менен болду. Анан Лабан ага Рахилди аялдыкка берди.
29 Ошондой эле күңү Биланы+ Рахилге күң кылып берди.+
30 Ошентип, Жакып Рахилге да үйлөндү. Ал Лияга караганда аны көбүрөөк сүйчү. Ал үчүн Лабанга дагы 7 жыл иштеп берди.+
31 Жакыптын Лияны сүйбөгөнүн көрүп, Жахаба Лияга бала берди.+ Рахилдин болсо согончогу канаган жок.+
32 Лиянын боюна бүтүп, уул төрөдү. Ал: «Жахаба тарткан азабымды көрдү.+ Эми күйөөм мени жакшы көрүп калат» — деп, атын Рубейин*+ койду.
33 Анын дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Күйөөмдүн мени сүйбөгөнүн көрүп*, Жахаба бул баланы да берди» — деп, атын Шымон* койду.+
34 Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Ал: «Эми күйөөм мага байланат, мен ага үч уул төрөп бердим» — деп, атын Леби* койду.+
35 Лиянын дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Бул жолкусунда мен Жахабаны даңктайм» — деп, атын Жүйүт* койду.+ Ошондон кийин төрөгөн жок.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «сөөгүм жана денемсиң».
^ Мааниси: «Карачы, уул экен!»
^ Сөзмө-сөз: «угуп».
^ Мааниси: «угат».
^ Мааниси: «байланып калуу».
^ Мааниси: «даңкталган».