Башталыш 20:1—18

  • Абымелек Саараны коё берет (1—18)

20  Ыбрайым ал жактан Негепке көчүп барып,+ Кадеш+ менен Шурдун+ ортосуна отурукташты. Ал Герарда+ да келгин болуп жашап жүрдү. 2  Ал жакта жүргөндө да аялы Саараны: «Бул — менин карындашым»,— деп койду.+ Герар падышасы, Абымелек*, киши жиберип, Саараны алдырды.+ 3  Түндө Абымелектин түшүндө Кудай ага: «Бул аялды алганың үчүн өлөсүң,+ анткени анын күйөөсү* бар»,+— деди. 4  Абымелек Саарага тийген эмес эле. Ошондуктан ал: «Жахаба, күнөөсүз элди кырып саласыңбы? 5  Ал өзү: „Бул — менин карындашым“,— дебеди беле? Саара да: „Бул — менин агам“,— деп айтпады беле? Менин жаман оюм деле жок болчу, жаман иш кылып жатканымды да билген эмесмин»,— деди. 6  Ошондо чыныгы Кудай ага түшүндө: «Жаман оюң жок экенин билгем, ошондуктан сени мага каршы күнөө кылгандан сактап калдым. Ошон үчүн ага тийгизген жокмун. 7  Эми аялды кайра күйөөсүнө бер, анткени анын күйөөсү — пайгамбар.+ Ал сен үчүн жалынып тиленет,+ ошондо тирүү каласың. Эгер антпей турган болсоң, билип кой, өзүң да өлөсүң, үйүңдөгүлөрүң да өлөт»,— деди. 8  Абымелек эртең менен эрте туруп, кызматчыларынын бардыгын чакырып, бүт баарын айтып берди. Ошондо алардын жүрөгү түшүп калды. 9  Анан Абымелек Ыбрайымды чакырып: «Бул эмне кылганың? Мени да, элимди да ушундай чоң күнөөгө түрткүдөй, сага эмне жамандык кылдым? Сен туура эмес кылдың»,— деди. 10  Анан: «Эмнеге ошенттиң?» — деп сурады.+ 11  Ыбрайым мындай деди: «Бул жердегилер Кудайдан коркпойт, ошон үчүн мени өлтүрүп, аялымды тартып алышат деп ойлогом.+ 12  Анын үстүнө, ал чындап эле карындашым. Экөөбүздүн атабыз бир, энебиз башка. Кийин экөөбүз баш кошуп, аялым болуп калган.+ 13  Кудай мага атамдын үйүн таштап, жер кезип жүрүшүм керектигин айтканда,+ аялыма: „Суранам, мага жакшылык кылып*, кайсы жерге барбайлы: “Бул менин агам болот”,— деп койчу“,— деген элем».+ 14  Ошондо Абымелек Ыбрайымга аялы Саараны берди. Ага кошуп көп бодо мал, кой, кулдар менен күңдөрдү да берди. 15  Анан: «Мына, мунун баары менин жерим. Каалаган жериңде жашай бер»,— деди. 16  Саарага болсо: «Агаңа+ 1 000 күмүш тыйын бердим. Бул үйүңдөгүлөр менен башкалардын баарынын алдында абийириң таза экенинин белгиси болот»,— деп айтты. 17  Анан Ыбрайым чыныгы Кудайдан жалынып тиленди. Ошондо Кудай Абымелекти, анын аялын, күңдөрүн айыктырды, алар балалуу боло башташты. 18  Анткени Жахаба Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абымелектин үйүндөгү аялдардын баарын төрөбөс кылып койгон эле.+

Шилтемелер

Сыягы, наам.
Сөзмө-сөз: «кожоюну».
Сөзмө-сөз: «мага туруктуу сүйүү көрсөтүп».