2 Шемуел 22:1—51
22 Дөөтүнүн Жахаба аны бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарган күнү+ Жахабаны даңктап ырдаган ыры+.
2 Ал мындай деп ырдады:
«Жахаба — менин зоом+, чебим+, Куткаруучум+.
3 Кудайым — менин аскам+. Мен аны баш маана кылам.
Ал — менин калканым+, куткаруучу мүйүзүм+, сепилим+.
Ал — менин баш маанам+, Куткаруучум+. Сен мени зордук-зомбулуктан куткарасың+.
4 Жахаба даңкталууга татыктуу+. Мен аны чакырып,
Душмандарымдан куткарылам+.
5 Мени өлүм толкундары курчады+,
Бузуку адамдардын суудай ташкындаганы үрөйүмдү учурду+.
6 Мени көрдүн* аркандары чырмады+,
Өлүмдүн торлору алдымды тороду+.
7 Кыйналганда Жахабаны чакырып жаттым+,
Кудайымды чакырып жаттым+.
Ал ибадатканасынан үнүмдү укту+,
Жардам сурап зарлаган үнүм кулагына жетти+.
8 Жер силкинди, термелди+.
Асман пайдубалдары солкулдады+,
Анын каарынан улам титиреди+.
9 Таноолорунан түтүн, оозунан баарын жалмай турган от чыкты+,
Өзүнөн чок чачырап жатты+.
10 Ал асманды эңкейтип, ылдый түштү+,
Бут астында коюу караңгылык жатты+.
11 Ал керуптун үстүнө отуруп+, учуп келди,
Периштенин* канаттарынын үстүнөн көрүндү+.
12 Айланасын, алачыктар курчагандай, караңгылык менен курчады+,
Коюу кара булуттар менен курчады+.
13 Бет алдындагы жарыктан чоктор күйдү+.
14 Асмандан Жахаба күркүрөдү+,
Эң Жогорку Кудай үн салды+.
15 Ал жебелерин атып, душмандарымды чачыратты+,
Чагылган түшүрүп, аларга дүрбөлөң салды+.
16 Жахабанын жемесинен, таноолорунан чыккан деминин илебинен+
Деңиздин түбү көрүндү+,
Жердин пайдубалы ачылды+.
17 Ал жогорудан колун сунуп, мени тартып алды+,
Чоң суулардан чыгарды+.
18 Өзүмдөн күчтүү келген, мени жек көргөн кишилерден+,
Күчтүү душманымдын колунан куткарды+.
19 Алар башыма мүшкүл түшкөн күнү мага каршы чыгышты+,
Бирок Жахаба мага жөлөк болду+.
20 Мени кенен жерге алып чыкты+,
Мени жакшы көргөндүктөн куткарды+.
21 Жахаба адилдигиме жараша сыйлык берет+,
Колумдун тазалыгына жараша тиешемди берет+.
22 Анткени мен Жахабанын жолдорунда жүргөм+,
Кудайымдан четтеп, ыймансыздык кылган эмесмин+.
23 Анын бардык өкүмдөрү+ көз алдымда,
Көрсөтмөлөрүнөн четтебейм+.
24 Мен анын алдында кынтыксыз жүрөм+,
Күнөөдөн алыс болом+.
25 Жахаба көз алдындагы адилдигиме жараша+,
Тазалыгыма жараша тиешемди берсин+.
26 Сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң+,
Кынтыксызга кынтыксыз мамиле кыласың+.
27 Тазалыгын сактаганга таза мамиле кыласың+,
Ал эми митаамды алдап кетесиң*+.
28 Сен момундарды куткарасың+,
Бой көтөргөндөрдү болсо басынтасың+.
29 Жахаба, сен менин чырагымсың+.
Жахаба караңгылыгымды жарык кылат+.
30 Сенин жардамың менен талап-тоноочуларга каршы чабуул коём+,
Кудайымдын жардамы менен дубалга чыгам+.
31 Чыныгы Кудайдын жолу жеткилең+,
Жахабанын сөзү таза+.
Ал — аны баш маана кылгандардын баарына калкан+.
32 Жахабадан башка Кудай барбы?+
Кудайыбыздан башка аска-зоо барбы?+
33 Чыныгы Кудай — менин бекем чебим+,
Ал менин жолумду жеткилең кылат+.
34 Буттарымды маралдын буттарындай кылат+,
Мени бийик жерлерге чыгарат+.
35 Колумду салгылашууга машыктырат+,
Колум жез жааны иет+.
36 Сен мага куткаруучу калканыңды бересиң+,
Сенин момундугуң зоболомду көтөрөт+.
37 Сен кадамымды кенен шилтетесиң+,
Ошондо бутум титиребейт+.
38 Душмандарымды жок кылыш үчүн алардын артынан сая түшөм,
Аларды жок кылмайынча артка кайтпайм+.
39 Аларды кайра тургус кылып+ жок кылам, талкалайм+,
Алар бут алдыма жыгылышат+.
40 Сен мага салгылашууга зор күч бересиң+,
Мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгасың+.
41 Душмандарымды кубалайсың+,
Мен өзүмдү жек көргөндөрдү талкалайм+.
42 Алар жардам сурап кыйкырып жатышат, бирок аларды куткарар эч ким жок+,
Жахабаны чакырып жатышат, бирок ал жооп бербей жатат+.
43 Мен аларды топурактай кылып майдалайм,
Көчөдөгү баткактай кылып төгөм+,
Аларды тебелеп-тепсейм.
44 Сен мени элимдин айыптоолорунан куткарасың+,
Элдердин башчысы болушум үчүн мени сактайсың+.
Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылат+.
45 Бөтөн жерликтер мага жагалданууга аракеттенишет+,
Мага баш ийишет, мени угушат+.
46 Бөтөн жерликтер куурайт,
Титиреп, сепилдеринен чыгышат+.
47 Жахаба тирүү!+ Менин Аскам даңкталсын!+
Менин Кудайым, мени куткара турган аскам, даңазалансын!+
48 Чыныгы Кудай өчүмдү алат+,
Мага элдерди багынтат+.
49 Ал мени душмандарымдын арасынан алып чыгат+.
Сен мени мага каршы көтөрүлгөндөрдөн жогору коёсуң+,
Мыкаачы кишиден куткарасың+.
50 Ошондуктан, Жахаба, сага элдердин арасында ыраазычылык билдирем,
Ысмыңды даңазалап ырдайм+,
51 Улуу иштерди жасап, падышасын куткарганды+,
Майланганына, Дөөтүгө жана анын тукумуна+,
Түбөлүккө мээримдүүлүк көрсөткөндү даңазалайм»+.
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
^ Же: «шамалдын».
^ Же: «митаамга акылсыздай иш кыласың». Б. а. анын кылган иши митаамдарга акылсыздыктай көрүнөт.