2 Шемуел 2:1—32
2 Дөөтү Жахабадан: «Жүйүт шаарларынын бирине барайынбы?» — деп сурады. Жахаба: «Бар»,— деди. Дөөтү: «Кайсынысына?» — деп сурады+. Ал: «Хебронго»+,— деп жооп берди.
2 Дөөтү ал жакка эки аялы: изреилдик Акиноам+ менен мурда кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил+ менен барды.
3 Ал өзү менен кошо кишилерин+, алардын үйүндөгүлөрүн ала барды. Алар Хеброндун жанындагы шаарларга отурукташышты.
4 Анан Жүйүт уруусундагы эркектер+ келип, Дөөтүнү Жүйүт үйүнө падыша+ кылып майлашты+.
Жабеш-Гилаттын тургундарынын Шабулдун сөөгүн мүрзөгө койгонун Дөөтүгө билдиришти.
5 Ошондо ал Жабеш-Гилаттын тургундарына+ кишилерин жөнөтүп: «Шабул мырзаңардын сөөгүн жерге жашырып+, ага мээримдүүлүк көрсөткөнүңөр үчүн+, Жахаба силерге батасын берсин+.
6 Жахаба силерге мээримдүүлүк, ишенимдүүлүк көрсөтсүн+. Ушул жакшылыгыңар үчүн мен да силерге жакшылык кылам+.
7 Күчтүү, эр жүрөк болгула+. Шабул мырзаңар өлдү, бирок Жүйүт үйүндөгүлөр мени өздөрүнө падыша кылып майлашты»+,— деп айттырып жиберди.
8 Ошол убакта Шабулдун аскер башчысы Неирдин уулу Абинер+ Шабулдун уулу Ишпошетти+ дарыянын аркы өйүзүнө, Маханаимге+ алып барып,
9 Гилат жериндегилерге+, ашуримдиктерге, изреилдиктерге+, Эпрайым+ менен Бенжемин уруусундагыларга+ — бүт Ысрайылга падыша кылып койду.
10 Шабулдун уулу Ишпошет Ысрайылга падыша болуп дайындалганда кырк жашта эле. Ал эки жыл падышалык кылды. Жүйүт үйү+ гана Дөөтү тарапта болду.
11 Дөөтү Хеброндо Жүйүт үйүнө жети жыл алты ай падышалык кылды+.
12 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Неирдин уулу Абинер жана Шабулдун уулу Ишпошеттин кызматчылары Маханаимден+ Гибонго+ барышты.
13 Зеруянын уулу+ Жоап+ менен Дөөтүнүн кишилери Гибондогу жасалма көлмөнүн жанына барып, тигилер менен ошол жерден жолугушушту. Алар көлмөнүн бир тарабында, тигилер экинчи тарабында турушту.
14 Анан Абинер Жоапка: «Жигиттерибиз чыгып, биздин алдыбызда күч сынашып көрүшсүн»,— деди. Жоап: «Чыкса чыгышсын»,— деди.
15 Ошондо Шабулдун уулу Ишпошет+ тараптан Бенжемин уруусунан болгон он эки киши, Дөөтүнүн кишилеринин арасынан да он эки киши чыкты.
16 Алар бири-бирин баштан алып, бири-бирин кылыч менен капталга сайып, чогуу жерге жыгылышты. Ошондон улам Гибондогу+ ал жер Хелкат-Хазурим* деп аталып калды.
17 Ошол күнү айыгышкан согуш болуп, Дөөтүнүн кишилери Абинер+ менен ысрайылдыктарга катуу сокку урушту.
18 Ал жерде Зеруянын+ үч уулу: Жоап+, Абышай+ жана талаадагы жейрендей тез чуркаган+ Асаел+ да бар эле.
19 Асаел Абинердин артынан түшүп, оңго да, солго да бурулбай, аны кууп баратты.
20 Абинер артын карап: «Асаел, бул сенсиңби?» — деп сурады. Ал: «Менмин»,— деди.
21 Абинер ага: «Оңго же солго бурулуп, жигиттердин бирин карма да, анын буюмдарын алып ал»,— деди+. Бирок Асаел болбой эле кууп кете берди.
22 Абинер дагы бир жолу: «Кайт артка, болбосо өлтүрүп салам+. Анан бир тууганың Жоаптын бетин кантип карайм?» — деди.
23 Бирок Асаел аны уккусу келген жок. Ошондо Абинер найзасынын арткы учу менен аны ичке сайды+. Найза ичин тешип өтүп, Асаел ошол жерге кулап, жан берди. Жолдон өткөндөрдүн баары анын жанына токтоп жатышты+.
24 Жоап менен Абышай Абинердин артынан кууп жөнөштү. Күн батып баратканда, алар Гибон+ чөлүнө алып барчу жолдогу Гиахтын тушундагы Айма дөңсөөсүнө жетишти.
25 Бенжемин уулдары болсо Абинердин тегерегине чогулуп, бир дөңсөөнүн чокусунда турушту.
26 Абинер Жоапка: «Деги кылычыбыз канга тоёбу?+ Мунун аягы жакшылык менен бүтпөсүн билбейсиңби?+ Бир туугандарын кууп келаткан кишилериңди токтотпойсуңбу?»+ — деп кыйкырды.
27 Жоап: «Чыныгы Кудай тирүү*+, эгер сен ушинтип айтпасаң+, кишилерим бир туугандарын таң атканча кууй беришмек»,— деди.
28 Анан ал мүйүз сурнайын тартканда+, кишилери токтоп калышты. Алар андан ары ысрайылдыктардын артынан куубай калышты, ошентип, алардын ортосундагы согуш токтоду.
29 Абинер менен анын кишилери түнү бою жол жүрүп, Арабаны+ басып өтүштү. Анан Иордандын аркы өйүзүнө өтүп+, андан ары өрөөн аркылуу жолун улап, акыры Маханаимге+ барышты.
30 Жоап Абинерди кууганын токтотуп, элин чогултту. Ошондо Дөөтүнүн кишилеринин, Асаелди кошпогондо, 19 кишиге кемигени билинди.
31 Дөөтүнүн кишилери болсо Бенжемин уруусундагылар менен Абинердин 360 кишисин өлтүрүштү+.
32 Асаелдин+ сөөгү Бетлехемдеги+ атасы коюлган бейитке коюлду+. Андан кийин Жоаптын кишилери түнү менен жол жүрүп, таңга маал Хебронго+ жетишти.