2 Шемуел 10:1—19
10 Арадан убакыт өтүп, Амон уулдарынын+ падышасы көз жумуп, ордуна уулу Ханун падыша болду+.
2 Бул тууралуу укканда Дөөтү: «Нахаш мага мээримдүүлүк көрсөткөндөй эле, мен да анын уулу Ханунга мээримдүүлүк көрсөтөйүн» — деп+, атасын жоктоп кайгырып жаткан Ханунга көңүл айтыш үчүн кишилерин жиберди+. Алар Амон уулдарынын жерине барышты.
3 Бирок Амон уулдарынын төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга: «Дөөтү кишилерин атаңды сыйлагандыктан көңүл айтканы жиберди деп жатасыңбы? Аларды шаарды чалгындап+, бардыгын байкап көрүп, анан аны талкалаш үчүн жиберген жокпу?» — дешти+.
4 Ошондо Ханун Дөөтүнүн кишилерин кармап алып, сакалдарын жарым-жартылай кырып+, кийимдерин белинен ылдый кесип, жолго салды+.
5 Бул жөнүндө Дөөтүгө билдиришкенде, ал ошол замат аларды тосуп чыкканы кишилерин жөнөттү, анткени алар аябай маскара болушкан эле. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо+ тура тургула, анан келесиңер»,— деп айттырып жиберди.
6 Амон уулдары Дөөтүгө жек көрүндү болуп калышканын+ билгенде элчилерин жөнөтүп, Бет-Рекоп+ менен Собадан+ сириялыктардын 22 000 жөө аскерин, Мааханын+ падышасы менен анын 1 000 кишисин, ошондой эле Иштоптон 12 000 кишини жалдашты.
7 Дөөтү муну укканда Жоапты бүт аскери, күчтүү кишилери менен жөнөттү+.
8 Амон уулдары шаардын дарбазасынын алдына аскердик тартипте тизилишти. Соба менен Рекоптон+ келген сириялыктар жана Иштоп менен Маахадан келгендер болсо талаага барып, өзүнчө турушту+.
9 Душмандардын алды жактан да, арт жактан да келатканын көрүп, Жоап Ысрайылдын жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алды да+, аларды сириялыктардын каршысына койду.
10 Калган кишилерин болсо, Амон уулдарынын+ каршысына коюшу үчүн, бир тууганы Абышайга+ берди.
11 Жоап ага: «Эгер сириялыктар мени жеңип баратса, сен мага жардамга келесиң. Эгер Амон уулдары сени жеңип баратса, мен сага жардамга барам+.
12 Кайраттуу бол+, элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн эр жүрөктүк менен согушалы+. Жахаба болсо өзү туура көргөндөй кылат»,— деди+.
13 Анан Жоап кишилери менен сириялыктарга каршы согуша баштады, алар качып жөнөштү+.
14 Сириялыктардын качканын көрүп, Амон уулдары да Абышайдан качып, шаарга кирип кетишти+. Амон уулдары менен согушкандан кийин Жоап Иерусалимге кайтып барды+.
15 Ысрайылдыктардан жеңилип калышканын көрүп, сириялыктар бир жерге чогулушту.
16 Ададезер+ дарыя* тараптагы+ сириялыктарды чакырганы киши жиберди. Алар Ададезердин аскер башчысы Шобактын+ жетеги астында Хеламга келишти.
17 Бул тууралуу Дөөтүгө билдиришкенде, ал дароо бүт Ысрайылды чогултту да, Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Хеламга барды. Сириялыктар аскерлерин тизип, Дөөтү менен согуша башташты+.
18 Бирок алар ысрайылдыктардан качып жөнөштү+. Дөөтү алардын араба айдаган 700 жоокерин+, 40 000 атчан жоокерин, ошондой эле аскер башчысы Шобакты өлтүрдү+.
19 Ададезерге кызмат кылган падышалардын баары+ өздөрүнүн жеңилип калышканын көргөндө+ ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүп, аларга кызмат кыла башташты+. Ошондон кийин сириялыктар Амон уулдарына жардам бергенден коркуп калышты+.
Шилтемелер
^ Евфрат.