2 Корунттуктар 11:1—33

11  Менин анча-мынча акылсыздыгыма+ чыдап коюшуңарды каалайм. Бирок силер мага ансыз деле чыдап келатасыңар!  Мен силерди бир күйөө менен+, Машаяк менен, баш коштурууга+ убада берип койгондуктан, ага таза бойдон+, кыз бойдон алып барууну каалайм+. Ошондуктан силерге Кудай кам көргөндөй кам көрүүгө аракеттенип жатам+.  Бирок жылан куулугу менен Обону азгырып кеткендей+, силердин да ой жүгүртүүңөр бурмаланып+, Машаяк татыктуу болгон ак ниеттик менен тазалыктан четтеп кетпесеңер экен деп корком+.  Анткени кимдир бирөө келип, биз жарыялагандан башка Исаны жарыяласа+ же силерге өзүңөр алган рухтан* башка рух менен таасир этип жатса+, же өзүңөр кабыл алгандан башка жакшы кабарды айтса+, ошонун баарына жол берип жатасыңар+.  Мен болсо «мыкты» элчилериңерден+ эч нерсем кем эмес деп эсептейм+.  Сөзгө чечен болбосом да+, билимим тайкы эмес+. Муну силерге бардык жагынан ар кандай жолдор менен айкын көрсөттүк+.  Же силерди жогорулатуу үчүн өзүмдү басынтып+, Кудайдын жакшы кабарын силерге чын жүрөктөн акысыз+ жарыялоо менен күнөө кетирдим беле?  Силерге кызмат кылыш үчүн, башка жыйналыштардан жардам алуу менен+ аларды тоногондой эле болгом.  Араңарда жүрүп муктаж болгонумда эч кимиңерге жүк болгон эмесмин+. Анткени Македониядан келген бир туугандар кем-карчымды ашыгы менен толукташкан+. Ооба, мен силерге эч бир жагынан жүк болбоого аракеттенгем, дагы да аракеттене берем+. 10  Чындыкты Машаяк айткандай айтып жатам+, Ахая аймагында мактанганымды токтотпойм+. 11  Мен эмне үчүн силерге жүк болгон эмесмин? Силерди сүйбөгөндүктөнбү? Силерди сүйөрүмдү Кудай жакшы билет+. 12  Ээлеген абалы боюнча өздөрүн бизге теңеп, ошонусу менен мактанып жаткандар мактанууга себеп таба албашы үчүн, азыр кылып жаткандарымды мындан ары да кыла берем+. 13  Алар — жалган элчилер, өздөрүн Машаяктын элчилери кылып көрсөткөн+ алдамчылар+. 14  Мунун таң калыштуу эч нерсеси жок, анткени Шайтан да өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөт+. 15  Андыктан анын кызматчылары+ да өздөрүн адилдиктин кызматчылары кылып көрсөтсө, бул таң калыштуу деле эмес. Бирок акырында алар иштерине жараша тиешесин алышат+. 16  Дагы айтам: эч ким мени акылсыз деп ойлобосун. Эгер мен акылсыздай көрүнсөм, анда мага чыдап койгула, мен да бир аз мактана алгыдай болоюн+. 17  Айтып жаткандарымды Мырзабыздын үлгүсү боюнча эмес, өзүнө өзү ишенген мактанчаактарга окшоп, акылсыз кишидей айтып жатам+. 18  Көптөр бул дүйнөгө таандык нерселер менен мактанып жаткандыктан+, мен да мактанам. 19  Силер ушунчалык «акылдуу» болгондуктан акылсыздарга кубаныч менен чыдап жатасыңар. 20  Негизи, силер баарына: өзүңөрдү кул кылгандарга да+, колуңарда болгонду жеп-жуткандарга да, мүлкүңөрдү тартып алгандарга да, өзүн көтөргөндөргө да, силерди жаакка чапкандарга да чыдап келатасыңар+. 21  Муну айткандан да уялабыз, анткени алсыздык кылып жаткандай көрүнүшүбүз мүмкүн. Эгер кимдир бирөө тайманбастык менен иш кылып жатса, акылсыз адамдай айтайын+, мен да тайманбастык менен иш кылып жатам. 22  Алар еврейби? Мен да евреймин+. Алар ысрайылдыкпы? Мен да ысрайылдыкмын. Алар Ыбрайымдын тукумубу? Мен да анын тукумумун+. 23  Машаяктын кызматчыларыбы? Акылсыздай айтайын, мен алда канча мыкты кызматчымын+. Аларга караганда көп эмгектендим+, көп жолу түрмөдө отурдум+, далай таяк жедим, көп жолу өлүмдөн калдым+. 24  Жүйүттөр беш жолу отуз тогуздан балак алышты+. 25  Үч жолу сабашты+, бир жолу таш бараңга алышты+, үч жолу кеме кырсыгына учурадым+, бир күн, бир түн деңиздин ортосунда калдым. 26  Көп жолу сапарга чыктым; мени дарыяларда да коркунуч, каракчылар тарабынан да коркунуч+, өз элим тарабынан да коркунуч+, башка элдер тарабынан да коркунуч+, шаарда да коркунуч+, ээн талаада да коркунуч, деңизде да коркунуч, жалган бир туугандардын арасында да коркунуч коштоп жүрдү. 27  Кара жанымды карч уруп эмгектендим, көп жолу уйкудан калдым+, ачка болдум, суусадым+, көп жолу тамак-ашсыз калдым+, суукка тоңдум, кийимсиз калдым. 28  Мындай кыйынчылыктардан тышкары, бардык жыйналыштарды ойлоп, күн сайын тынчым кетет+. 29  Бирөө алсыз болсо+, мен да өзүмдү алсыз сезбей коёмбу? Бирөөнүн мүдүрүлгөнүн көрсөм, каарым кайнабай коёбу? 30  Эгер мактаныш керек болсо, мен алсыздыгымды көрсөткөн нерселер менен мактанам+. 31  Мырзабыз Исанын Кудайы жана Атасы, түбөлүккө даңкталууга татыктуу Кудай, калп айтып жатпаганымды билет. 32  Дамаскта Арета падышанын кол астындагы башкаруучу мени кармаш үчүн дамасктыктардын шаарын кайтартып койгондо+, 33  мени себетке салып, дубалдагы терезе аркылуу түшүрүшкөн+. Ошентип, анын колунан качып кутулгам.

Шилтемелер

Же: «Кудайдын күчүнөн».