1 Шемуел 9:1—27

9  Бенжемин уруусунда+ Киш+ деген абдан бай+ киши бар эле. Ал Абиелдин уулу болчу. Абиел Зерордун, Зерор Бекораттын, Бекорат Апиянын уулу болгон.  Анын Шабул+ аттуу жаш, келишимдүү уулу бар эле. Ысрайыл уулдарынын арасында андан сулуу эч ким жок болчу; элдин баары анын ийнинен келчү+.  Бир күнү Шабулдун атасы Киштин ургаачы эшектери+ жоголуп кетти. Атасы Шабулга: «Жаныңа кулдардын бирин ээрчитип алып эшектерди издеп келчи»,— деди.  Ал Эпрайымдын тоолуу аймагын+ жана Шалиша+ жерин кыдырып чыкты, бирок эшектерди таппай коюшту. Алар Шаалим жерин да кыдырып чыгышты, ал жактан да таппай коюшту. Анан ал Бенжемин уруусундагылардын жерин кыдырып чыкты, бирок эшектери табылган жок.  Алар Зуп жерине келишкенде, Шабул жанындагы кулуна: «Жүр, артка кайталы, болбосо атам эшектерин унутуп, биз үчүн сарсанаа боло баштайт»,— деди+.  Бирок кулу ага: «Ушул шаарда элдин баары сыйлаган Кудайдын кишиси+ бар. Анын айткандарынын баары ордунан чыгат+. Ошого барып көрбөйлүбү. Балким, ал бизге каякка барышыбыз керектигин айтып береттир»,— деди.  Шабул ага: «Ага бара турган болсок, эмне алып барабыз?+ Чыныгы Кудайдын кишисине бергенге+ эч нерсебиз жок, баштыгыбызда наныбыз да калбай калды. Ага эмне беребиз?» — деди.  Кулу: «Менде кичинекей күмүш тыйын бар. Чыныгы Кудайдын кишисине ушуну берейин, ал бизге каякка барышты айтып берет»,— деди.  (Мурун Ысрайылда кимдир бирөө Кудайдан бир нерсе жөнүндө сурагысы келсе: «Жүр, көрөгөчкө+ баралы»,— дечү. Анткени ал кезде пайгамбарларды «көрөгөч» дешчү.) 10  Шабул кулуна: «Анда жүр, баралы»,— деди+. Анан алар шаарга, чыныгы Кудайдын кишисине жөнөштү. 11  Шаарга баратып алар сууга бараткан кыздарды жолуктуруп+, алардан: «Бул жерде көрөгөч+ барбы?» — деп сурашты. 12  Алар: «Ооба, бар. Ал тээтиги жакта. Тезирээк баргыла, ал шаарга бүгүн келди, анткени эл бүгүн бийик жерде+ курмандык чалат+. 13  Силер шаарга барганда, ал курмандыктан жеш үчүн бийик жерге кете элек болот. Ал барып, курмандыкка бата бермейинче+, эл тамак жегени отурбайт. Чакырылгандар ошондон кийин гана тамактанганы отурушат. Тезирээк жөнөгүлө, ага жолукканга жетишип каласыңар»,— дешти. 14  Алар шаарга кирип баратышканда, алардын алдынан Шемуел чыкты. Ал бийик жерге бараткан эле. 15  Шабул келерден бир күн мурун Жахаба Шемуелге мындай деп билдирди+: 16  «Эртең ушул маалда мен сага Бенжемин уруусундагылардын+ жеринен бир киши жиберем. Сен аны майлап, ысрайыл элиме жол башчы кылып дайында+. Ал менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат+, анткени мен элимдин азап тартып жатканын көрдүм, анын боздогон үнүн уктум»+. 17  Шемуел Шабулду көргөндө, Жахаба ага: «Мен сага: „Ал менин элимди ооздуктап турат“,— деп айткан киши — ушул»,— деди+. 18  Шабул дарбазанын жанынан Шемуелге жолугуп: «Көрөгөчтүн үйүн билесизби?» — деп сурады. 19  Шемуел ага: «Көрөгөч менмин. Алдыма түшүп, бийик жерге бар. Бүгүн силер мени менен тамактанасыңар+, эртең эртең менен мен сага жүрөгүңдөгүнүн баарын айтып берем+, анан кетесиңер. 20  Ал эми үч күн мурун+ жоготкон эшектериңди ойлобой эле кой+, алар табылды. Ысрайылдагы эң баалуу нерселер сага жана сенин атаңдын үйүнө таандык болбогондо, кимге таандык?» — деди+. 21  Шабул ага: «Мен Ысрайыл урууларынын+ эң кичинеси+ болгон Бенжемин уруусунан эмесминби? Менин үй-бүлөм да Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинеси эмеспи?+ Эмнеге мага минтип айтып жатасыз?» — деди+. 22  Шемуел Шабул менен анын кулун тамактана турган жерге киргизип, чакырылган отуз кишинин арасынан аларды эң сыйлуу орунга отургузду+. 23  Анан ашпозчуга: «Мен сага: „Өзүнчө алып кой“,— деп айткан устуканды алып кел»,— деди. 24  Ашпозчу жамбашты алып келип, Шабулдун алдына койду. Шемуел Шабулга: «Муну сага деп бөлүп койгон болчумун, алдыңа коюп же. Сени чакырылгандар менен бирге жесин деп, муну атайы ушу учурга бөлүп койгон болчумун»,— деди. Ошол күнү Шабул Шемуел менен бирге тамактанды. 25  Бийик жерден+ шаарга түшүшкөндөн кийин, Шемуел Шабул менен үйдүн үстүндө отуруп сүйлөштү+. 26  Эртеси күнү таң сөгүлөрдө, Шемуел үйдүн үстүндөгү Шабулду чакырып: «Тур, сени узатайын»,— деди. Шабул туруп, Шемуел менен үйдөн чыкты. 27  Шаардын четине жетишкенде, Шемуел Шабулга: «Кулуңа+ айт, алдыга баса берсин»,— деди. Кулу алдыга басып кеткенде, Шабулга: «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын сөзүн айтып берейин»,— деди.

Шилтемелер