1 Шемуел 23:1—29
23 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Дөөтүгө: «Пелиштиликтер Кеилага+ кол салып, кырмандардын баарын талап-тоноп жатышат»,— деген кабар жетти+.
2 Ал Жахабадан: «Пелиштиликтер менен согушканы барайынбы, аларды талкалай аламбы?» — деп сурады+. Жахаба: «Бар, сен аларды талкалап, Кеиланы куткарасың»,— деп жооп берди.
3 Ошондо Дөөтүнүн кишилери ага: «Биз ушул Жүйүт жеринде+ коркуп жүрөбүз, анан кантип Кеилага барып, пелиштиликтер менен согушмак элек?!» — дешти+.
4 Дөөтү кайрадан Жахабага кайрылды+. Жахаба ага: «Кеилага бара бер, анткени мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем»,— деди+.
5 Дөөтү кишилери менен Кеилага барды да, пелиштиликтерге кыргын салып, малын айдап кетти. Ошентип, ал Кеиланын тургундарын куткарды+.
6 Акимелектин уулу Абыятар+ Кеилага, Дөөтүгө качып барганда эфодду+ ала барган болчу.
7 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Шабулга: «Дөөтү Кеилага келди»,— деп билдиришти+. Шабул: «Кудай аны колума салып берди*+, анткени ал бекиткичтер менен жабылган дарбазалары бар шаарга кирип, өзүн өзү камады»,— деди.
8 Кеилага барып, Дөөтү менен анын кишилерин курчап алып, алар менен согушуш үчүн Шабул бүт элин чогултту.
9 Дөөтү Шабулдун ага жамандык ойлоп жатканын билгенде+ дин кызматчы Абыятарга: «Эфодду алып кел»,— деди+.
10 Анан Кудайга кайрылып: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба+, кулуң Шабулдун Кеилага келип, менин айымдан бул шаарды талкалаганы жатканын укту+.
11 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, кулуңа жооп берчи, Кеиланын тургундары мени Шабулдун колуна салып беришеби? Кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби?» — деди. Жахаба: «Келет»,— деди+.
12 Дөөтү: «Кеиланын тургундары мени кишилерим менен кошо Шабулдун колуна салып беришеби?» — деп сурады. Жахаба: «Салып беришет»,— деди+.
13 Дөөтү менен анын жанындагы 600гө жакын кишиси+ ошол замат Кеиладан чыгып кетип, ар кайсы жерде жүрүштү. Шабул анын Кеиладан кетип калганын угуп, ал жакка барбай калды.
14 Дөөтү Зип+ чөлүндөгү тоолуу аймактын киши бара алгыс жерлеринде жүрдү. Шабул аны тынымсыз издей берди+, бирок Кудай аны Шабулдун колунан улам куткарып жатты+.
15 Шабулдун өлтүргүсү келип жүргөнүн билгендиктен Дөөтү андан коркуп, ошол убакта Зип чөлүндөгү Хореште+ жашынып жүрдү.
16 Шабулдун уулу Жонатан Дөөтүнүн Кудайга болгон ишенимин+ бекемдеш үчүн+ Хорешке барды.
17 Ал Дөөтүгө: «Коркпо+, атам сага эч нерсе кыла албайт. Сен Ысрайылга падыша болосуң+, мен болсо сенден кийин турган адам болом. Муну атам да билет»,— деди+.
18 Анан экөө Жахабанын алдында келишим түзүштү+. Дөөтү Хореште калды, Жонатан болсо үйүнө кайтты.
19 Кийинчерээк зиптиктер+ Гибага+, Шабулга барып: «Дөөтү бизге жакын жерде, Хорештин+ киши бара алгыс жерлеринде, Жешимондун+ оң тарабындагы Гахила+ адырында, жашынып жүрөт+.
20 Падыша, эгер кааласаң+, ал жакка түшүп бар. Биз болсо аны падышанын колуна салып беребиз»,— дешти+.
21 Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, Жахаба силерге батасын берсин+.
22 Барып, анын кайсы жерлерде жүрөрүн, аны ким көргөнүн дагы жакшыраак билип бергиле. Мен аны абдан куу деп уккам+.
23 Ал жашынып жүргөн жерлерди чалгындап, так билип келгиле. Анан мен силер менен барып, аны миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да+ издеп табам»,— деди.
24 Ошондо алар Шабулдан мурун Зипке+ жөнөштү. Дөөтү ошол учурда кишилери менен Жешимондун түштүк тарабында, Арабадагы+ Маон+ чөлүндө жүргөн.
25 Шабул кишилери менен аны издегени жөнөдү+. Бул тууралуу укканда Дөөтү ылдый түшүп, Маон чөлүндөгү бир аскага жашынды+. Шабул муну угуп, Дөөтүнүн артынан Маон чөлүнө барды+.
26 Ал тоонун берки тарабы менен баратты, Дөөтү болсо кишилери менен тоонун аркы тарабында болчу. Дөөтү Шабулдан жашынып калууга шашты+. Бирок Шабул менен анын кишилери Дөөтүнү жана анын кишилерин колго түшүрүш үчүн аларды курчоого ала башташты+.
27 Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Тезирээк кайт, пелиштиликтер жерибизге кол салды!» — деди.
28 Шабул Дөөтүнү кууганын токтотуп+, пелиштиликтер менен согушканы кетти. Ошондуктан ал жер Бөлүнүү аскасы деп аталып калган.
29 Дөөтү ал жерден кетип, Эн-Гединин+ киши бара алгыс жерлеринде жашынып жүрдү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «сатты».