1 Шемуел 21:1—15
21 Дөөтү Нопко+, дин кызматчы Акимелекке барды. Аны көргөндө Акимелек+ коркуп кетип: «Эмнеге жаныңда эч ким жок жалгыз жүрөсүң?» — деп сурады+.
2 Дөөтү ага: «Падыша мага бир иш тапшырып: „Сени эмнеге жибергенимди, кандай тапшырма бергенимди эч ким билбесин“,— деди+. Ошондуктан мен кишилерим менен башка бир жерден жолугууну сүйлөшүп алгам.
3 Эгер болсо, мага беш нан же жей турган башка бир нерсе берчи»,— деди+.
4 Дин кызматчы ага: «Менде ыйык нан+ гана бар, жөнөкөй нан жок. Эгер жаныңдагы кишилериң аялдарга жакындабаган болсо+, ошону берейин»,— деди.
5 Дөөтү ага: «Согушка чыгып жүргөндө аялдарга жакындабагандай эле, бул жолу да аялдарга жакындаган жокпуз+. Кишилерим жөнөкөй тапшырманы аткарууга чыкканда да өздөрүн ыйык сактайт. Анан кантип бүгүн өзгөчө тапшырма аткарганы жатып ыйык болбой калалы?» — деди.
6 Дин кызматчы ага жаңы нан коюлганда алынып салынган ыйык нанды берди+, анткени анда Жахабанын алдына тартуу катары алынып келген нандан башка нан жок болчу+.
7 Ошол убакта Шабулдун кызматчыларынын бири+, койчуларынын башчысы эдомдук+ Доек+ Жахабанын алдына келип, али кете элек эле+.
8 Дөөтү Акимелекке: «Бул жерде найза же кылыч барбы? Падышанын тапшырмасы шашылыш болгондуктан, мен жаныма кылыч да, башка курал да албай калыптырмын»,— деди.
9 Дин кызматчы: «Сен Эла өрөөнүндө+ өлтүргөн пелиштилик Голиаттын+ кылычы бар. Ал кийимге оролуп, тиги жерде эфоддун+ артында турат. Кааласаң, ошону ал, андан башка эч кандай курал жок»,— деди. Дөөтү: «Ага тең келе турган кылыч жок, мага ошону бер»,— деди.
10 Дөөтү ошол эле күнү ал жерден кетип, Шабулдан андан ары качып жөнөдү+. Акыры, ал Гат+ падышасы Акишке барды.
11 Акиштин кызматчылары ага: «Бул тиги жердин падышасы Дөөтү эмеспи?+ Эл:
„Шабул миңди жеңди,
Дөөтү болсо он миңди жеңди“+ —
деп, ырдап-бийлеп+ тосуп алган киши ушул эмеспи?» — дешти.
12 Бул сөздөрдү укканда Дөөтү тынчсызданып, Гаттын падышасы Акиштен аябай корко баштады+.
13 Андыктан аны кармаганы келишкенде+, ал акылынан айныган киши болумуш болуп+, шилекейин сакалына агызып, дарбазага чийгилей баштады.
14 Ошондо Акиш кызматчыларына: «Мунуңар акылынан айныган неме го! Муну мага эмнеге алып келдиңер?
15 Акылынан айныгандар жетпей жаткансып, муну, эмне, менин алдымда жиндиленсин деп алып келдиңерби? Менин үйүмө ушундай киши кирмек беле?» — деди.