1 Корунттуктар 9:1—27
9 Мен эркин эмесминби?+ Элчи эмесминби?+ Мен Мырзабыз Исаны көргөн жок белем?+ Мырзабызга кызмат кылуудагы эмгегимдин үзүрү силер эмессиңерби?
2 Башкалар үчүн элчи болбосом да, силер үчүн элчи экеним шексиз. Анткени силер Мырзабыз үчүн элчи экенимди тастыктаган мөөрсүңөр+.
3 Мени сындагандарга өзүмдү коргош үчүн мындай демекчимин+:
4 биздин жеп-ичкенге укугубуз жокпу?+
5 Башка элчилерге, Мырзабыздын бир туугандарына+ жана Кейфага окшоп+, ишенимдешибизге үйлөнүп, аны ээрчитип жүрүүгө укугубуз жокпу?+
6 Же иштебей коюуга+ Барнаба+ экөөбүздүн эле укугубуз жокпу?
7 Кайсы жоокер өз эсебинен кызмат өтөйт? Ким жүзүмзар отургузуп, мөмөсүнөн жебейт?+ Же ким мал багып, сүтүнөн ичпейт?+
8 Буларды пенделик көз караш менен айтып жатамбы?+ Мыйзамда+ да ушундай деп айтылган эмеспи?
9 Мусанын мыйзамында: «Эгин бастырып жатканда өгүздүн оозун таңба»,— деп жазылган+. Муну менен Кудай өгүздөргө кам көрүп жатабы?
10 Же мунун баарын биз үчүн айтып жатабы? Ооба, бул сөздөр биз үчүн жазылган+, анткени жер айдаган киши да, эгин бастырган киши да өз үлүшүн аларына үмүттөнүп эмгектениши керек+.
11 Эгер силерге рухий нерселерди сээп+, кайра денебизге керектүү нерселерди жыйнап алсак, көптүк кылабы?+
12 Башкалар силердин үстүңөрдөн ушундай укукка ээ болсо+, биз андан бетер ээ эмеспизби? Бирок Машаяк жөнүндөгү жакшы кабардын таралышына эч кандай тоскоолдук болбошу үчүн+, биз ал укугубуздан пайдаланган жокпуз+, тескерисинче, баарына чыдап келатабыз.
13 Же ыйык милдеттерди аткаргандардын ибадатканага таандык тамактан жей турганын+ жана курмандык жайында кызмат кылгандардын+ курмандык жайынан үлүш аларын билбейсиңерби?
14 Анын сыңарындай, Мырзабыз да+ жакшы кабар жарыялагандарга жакшы кабардын эсебинен жашоону буйруган+.
15 Бирок мен ал укуктарымдын бирин да пайдаланган эмесмин+. Азыр да пайдаланайын деп жазып жаткан жокмун, анткени андан көрө өлгөнүм артык. Мактанып айткан ушул сөздөрүмдү+ эч ким жокко чыгара албайт!
16 Мен жакшы кабар жарыялап жатканым+ үчүн мактана албайм, анткени бул — менин милдетим+. Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!+
17 Эгер ал ишти өз эрким менен аткарсам+, анда сыйлык алам+. Эркиме каршы аткарсам, баары бир деле өзүмө тапшырылган жоопкерчиликти+ аткарган болом.
18 Анда менин сыйлыгым эмне? Жакшы кабарга байланышкан бийлигимди кыянат пайдалануудан качып, жакшы кабарды акысыз таратканым+ — алган сыйлыгым.
19 Эч кимдин алдында милдеттүү болбосом да, мүмкүн болушунча, көбүрөөк адамдарды Машаяктын жолуна алып келиш үчүн+ мен баарына кул болдум+.
20 Ошентип, жүйүттөрдү алып келиш үчүн алар үчүн жүйүттөй болдум+. Мыйзамдын бийлиги астындагыларды алып келиш үчүн, мыйзамдын бийлиги астында болбосом да+, мыйзамдын бийлиги астындагылардай болдум+.
21 Кудайдын мыйзамына баш ийип, Машаяктын+ мыйзамынын бийлиги астында болсом да+, мыйзамды билбегендерди+ алып келиш үчүн, мыйзамды билбегендердей болдум+.
22 Алсыздарды алып келиш үчүн алсыз болдум+. Айрымдарды кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн бардыгы үчүн бардыгы болдум+.
23 Бирок мунун баарын мен жакшы кабар үчүн, аны башкаларга жарыялаш үчүн кылып жатам+.
24 Жарышка катышкандардын+ баары чуркаганы менен, бирөө эле байге аларын+ билбейсиңерби? Ошондуктан байге алгыдай+ чуркагыла+.
25 Андан сырткары, жарышка катышкандардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат+. Алар соолуй турган таажы алыш үчүн ошентишет+, биз болсо соолубай турган таажы алыш үчүн ошентебиз+.
26 Андыктан мен максатсыз чуркап бараткан жокмун+, жөн эле абаны муштагылап жаткан жокмун+.
27 Башкаларга кабар айтып жүрүп өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн+, денемди сабап+, кулга айландырып жатам.