Элчилер 18:1—28
18 Ошондон кийин Пабыл Афинден чыгып, Корунтка барды.
2 Ал жерден Понтто төрөлгөн Акила+ деген бир жүйүт менен анын аялы Прискиланы жолуктурду. Клавдий+ жүйүттөрдүн баарына Римден чыгып кетүүнү буйругандыктан, ал экөө жакында эле Италиядан+ келишкен болчу. Пабыл алардыкына барып,
3 жасаган иши бирдей болгондуктан, чогуу жашап, чогуу иштеп жүрдү+. Алар чатыр жасашчу.
4 Пабыл ишемби сайын синагогада сөз сүйлөп+, жүйүттөр менен гректерди ынандырып жүрдү.
5 Ал эми Сылас+ менен Тиметей+ Македониядан келишкенде, Пабыл өзүн толугу менен Кудайдын сөзүн жарыялоого арнады. Ал жүйүттөргө Исанын Машаяк экенин күбөлөндүрүп, далилдеп жатты+.
6 Бирок алар каршы чыгып, аны жаман сөздөрдү айтып кордошкондуктан+, Пабыл кийимин силкип+: «Өз каныңар өз мойнуңарда+. Мен тазамын+. Эми башка элдерге барам»,— деди+.
7 Анан ал жерден чыгып, Кудайга сыйынып жүргөн Титус Жуст деген бир кишинин үйүнө барды. Анын үйү синагогага туташып турчу.
8 Синагога башчысы Криспос+ бүт үйүндөгүлөрү менен Мырзабызга ишенип калды. Кабарды уккан көптөгөн корунттуктар да ишенип, чөмүлтүлүштү.
9 Түн ичинде Пабылга Мырзабыз+ аян аркылуу: «Коркпо, сүйлөй бер, эч токтобо,
10 анткени мен сени менен болом+. Эч ким сага кол салып, зыян келтирбейт, себеби бул шаарда дагы көп кишилерим бар»,— деди.
11 Ошентип, Пабыл ал жерде бир жыл алты ай болуп, аларга Кудайдын сөзүн окутту.
12 Галион Ахаяда аймак акими*+ болуп турганда, жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгышты да, аны сот жүргүзүлчү жерге алып барып+:
13 «Бул киши башкаларды Кудайга мыйзамга каршы келген жол менен сыйынууга үндөп жатат»,— дешти+.
14 Пабыл сүйлөмөкчү болгондо, Галион: «Жүйүттөр, эгер кандайдыр бир жаман иш же оор кылмыш жасалса, силерди сабырдуулук менен укканга себеп болмок.
15 Бирок талашыңар кайсы бир сөздөргө, ысымдарга+ жана мыйзамыңарга+ байланыштуу болгондуктан, өзүңөр териштирип алгыла. Мен бул иште сот болгум келбейт»,— деди да,
16 аларды сот жүргүзүлчү жерден кууп жиберди.
17 Ошондо алар синагога башчысы Состенди+ кармап алып, сот жүргүзүлчү жердин алдында сабап салышты. Галион болсо аларды карап да койгон жок.
18 Пабыл ал жерде дагы бир топ күн болгондон кийин бир туугандар менен коштошуп, Сирияга барыш үчүн Прискила жана Акила менен бирге кемеге отурду. Бирок адегенде Кудайга берген антына байланыштуу Кенхиреяда+ чачын кырктырды+.
19 Эфеске барышканда, аларды калтырып, синагогага барды да+, жүйүттөр менен талкуу жүргүздү.
20 Алар Пабылдан дагы бир канча убакытка калышын өтүнүшсө да, ал макул болбой:
21 «Жахаба туура көрсө, кайра келем»+ — деп, алар менен коштошту+. Анан Эфестен кемеге отуруп,
22 Кесарияга барды. Ал жерден Иерусалимге барып, бир туугандар менен учурашкандан кийин Антиохияга жөнөп кетти.
23 Антиохияда бир канча убакыт болгон соң ал кайрадан жолго чыкты да, Галатия+ менен Фригиянын+ ар кайсы аймактарын аралап, бардык шакирттерди бекемдеп жүрдү+.
24 Ошол учурда Эфес шаарына сөзгө чечен, Ыйык Жазманы жакшы билген+ Аполос+ деген александриялык бир жүйүт келди.
25 Жахабанын жолу жөнүндө оозеки үйрөтүлгөн Аполос ыйык рух менен жалындап+, Иса тууралуу туура айтып, туура окутуп жүрдү. Бирок ал Жакан жарыялаган чөмүлдүрүүнү гана билчү+.
26 Аполос синагогада тайманбай сүйлөй баштады. Анын сөздөрүн укканда Прискила менен Акила+ аны өздөрүнө кошуп алып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришти.
27 Ал Ахаяга барганы жаткандыктан, бир туугандар ошол жактагы шакирттерге кат жазып, аны жылуу кабыл алышын өтүнүштү. Аполос ал жакка барып, Кудайдын ырайымы менен ишенип калгандарга+ чоң жардам берди+.
28 Анткени ал Исанын Машаяк экенин+ Ыйык Жазмадан көрсөтүп+, жүйүттөрдүн жаңылыштыгын эл алдында кылдаттык менен, ынталуулук менен далилдеп жатты.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «проконсул».