Ышая 56:1—12
56 Жахаба мындай дейт: «Акыйкаттыкка кармангыла+, адил иштерди кылгыла+. Анткени мен куткара турган+, адилдигимди көрсөтө турган убак жакындап калды+.
2 Ушинткен адам, ушуга карманган+, ишембиге байланышкан мыйзамды сактап, ал күндү арамдабаган+, колун ар кандай жамандыктан тарткан+ адам уулу бактылуу+.
3 Жахабага кошулган бөтөн жерлик+: „Жахаба мени өз элинен бөлүп таштайт“+,— дебесин. Эбнух* да+: „Мына, мен куураган даракмын“,— деп айтпасын».
4 Анткени Жахаба мындай дейт: «Ишемби күнгө байланышкан мыйзамымды сактаган, мага жаккан нерселерди тандаган+, келишимимди сактаган+ эбнухтарга
5 мен өзүмдүн үйүмдөн+ жана дубалдарымдын ичинен орун берем+, уул-кыздардан да артык нерсе+ — ысым+ — берем. Мен аларга түбөлүккө өчпөс+ ысым берем+.
6 Жахабага кызмат кылыш үчүн, Жахабанын ысмын сүйүш үчүн+, анын кызматчыларынан болуш үчүн Ага кошулган+, ишембиге байланышкан мыйзамды сактап, ал күндү арамдабаган, келишимимди сактаган+ бөтөн жерликтердин баарын
7 ыйык тоомо алып келем+, тиленүү үйүмдө кубанычка бөлөйм+. Курмандык жайыма+ алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктары+ менен тартууларын+ кабыл алам. Анткени менин үйүм бардык элдер үчүн тиленүү үйү деп аталат»+.
8 Ысрайылдын чачырап кеткен элин чогултуп жаткан+ Эгедер Теңир Жахаба: «Чогулгандарга кошуп башкаларды да чогултам»,— дейт+.
9 Талаадагы жапайы жаныбарлар, токойдогу айбандар, келгиле, жегиле+.
10 Анын күзөтчүлөрү сокур+. Бири да байкабайт+. Алардын баары — дудук иттер. Үрө алышпайт+, оор дем алышат, жатышат, уйкуну жакшы көрүшөт+.
11 Алар — тойгонун билбеген+ сугалак иттер+, түшүнүгү жок койчулар+. Баары өздөрүнүн жолу менен жүрүп, ар бири өз жеринин чегинен чыгып, арам оокаттын артынан түшүшкөн+.
12 Алар: «Келгиле! Шарап алып келейин, күчтүү ичимдикке тоёлу+. Эртең да бүгүнкүдөй болот, мындан да жакшы болот»,— дешет+.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.