Ышая 52:1—15
52 Ойгон, ойгон, Сион, күч-кубат менен курчан!+ Кооз кийимиңди кий+, Иерусалим, ыйык шаар!+ Анткени мындан ары сага сүннөткө отургузулбаган, арамдалган эч ким кирбейт+.
2 Иерусалим, чаңыңды күүп+, өйдө туруп отур. Сиондун туткун кызы, мойнуңдагы чынжырды чеч+.
3 Анткени Жахаба: «Силер акысыз сатылгансыңар+, кайра акысыз сатылып алынасыңар»,— дейт+.
4 Эгедер Теңир Жахаба: «Менин элим алгач Мисирге барып, келгин катары жашаган+. Ашур болсо аны эч себепсиз эзген»,— дейт.
5 «Эми бул жерде эмнем бар?» — дейт Жахаба. «Менин элимди акысыз алышкан+. Аларды башкаргандар үнүн басышкан эмес+,— дейт Жахаба.— Дайыма, эртеден кечке менин ысмыма тил тийип келген+.
6 Ошондуктан элим ошол күнү ысмымды билет+. Анткени муну мен, мына, мен айтып жатам»+.
7 Тоолорду ашып, жакшы кабар жарыялап келаткандын+, тынчтыкты жар салгандын+, жакшылык жөнүндө жакшы кабар айткандын+, куткарууну жарыялагандын+, Сионго: «Кудайың Падыша болду!»+ — дегендин буту кандай сонун!+
8 Ук! Күзөтчүлөрүң+ кыйкырып жатат+. Жахабанын Сионду кайрып келатканын+ өз көзү менен көрүп+, баары бирдей кубанычтуу үн салып жатышат.
9 Иерусалимдин ээн калган жерлери+, шаттангыла, баарыңар бирдей кубанычтуу үн салгыла. Анткени Жахаба өз элин сооротту+, Иерусалимди кун төлөп сатып алды+.
10 Жахаба бардык элдерге ыйык каруу-булчуңун көрсөттү+. Кудайыбыздын куткаруусун жердин булуң-бурчу көрөт+.
11 Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла+, арам нерселерге тийбегиле+. Жахабанын үйүнө таандык буюмдарды көтөрүп жүргөндөр+, анын ичинен чыккыла+, өзүңөрдү булгабагыла.
12 Силер дүрбөлөңгө түшпөй чыгып кетесиңер+, эч кимден качпайсыңар. Анткени алдыңарда Жахаба барат+, артыңардан Ысрайылдын Кудайы коргойт+.
13 Мына, менин кызматчым+ түшүнүк менен иш кылат+. Ал бийик абалды ээлеп, даңкка бөлөнөт, жогору көтөрүлөт+.
14 Анын түспөлү башкалардыкына караганда көбүрөөк бурмаланган+, анын келишимдүү келбети адам баласыныкына караганда көбүрөөк бузулган+. Ошондуктан көптөр аны таң кала карашкан+.
15 Бирок ал көптөгөн элдерди селт эттирет+. Падышалар анын алдында оозун жабат+, анткени өздөрүнө айтылбаган нерселерди көрүшөт, укпаган нерселери тууралуу ойлонушат+.