Ышая 4:1—6
4 Ошол күнү жети аял бир эркекке жармашып+: «Биз өз наныбызды жейбиз, өз чапаныбызды киебиз. Болгону эле, маскаралыктан арылып+, сенин ысмың менен аталалы»,— дешет.
2 Жахаба өстүргөн бутак+ ошол күнү көрк менен даңктын булагы болот+. Жердин жемиши Ысрайылдын аман калган+ уулдары үчүн сыймыктанарлык, суктанарлык болот+.
3 Сиондогу калдык, Иерусалимде калгандар, ал жерде жашаш үчүн катталгандардын+ баары Анын көз алдында ыйык деп эсептелет+.
4 Жахаба сот руху, өрт руху менен+ Сион кыздарынын заң-заарасын жууп+, Иерусалимде төгүлгөн канды+ тазалаганда+,
5 Жахаба бүт Сион+ тоосунун, жыйын өткөн жердин үстүнө күндүз булут менен түтүн тургузат, түнкүсүн+ жалындаган от+ менен жарык берет. Анткени ал даңктуу нерсенин бардыгын коргойт+.
6 Ал жерде күндүз аптаптан баш калкалаганга+, нөшөр менен жаан-чачындан корголоп+, жашынганга алачык болот.