Ышая 14:1—32

14  Жахаба Жакыпка кайрымдуулук кылат+, кайрадан Ысрайылды тандап алат+, аларды өздөрүнүн жеринде бейпилдикке бөлөйт+. Аларга келгиндер кошулуп, Жакыптын үйүнө ыкташат+.  Элдер аларды өз жерине жеткиришет. Ысрайыл үйү аларга ээлик кылат, Жахабанын жеринде аларды кул, күң кылат+. Алар өздөрүн туткундагандарды туткундап+, өздөрүн жумушка салгандарга үстөмдүк кылышат+.  Жахаба сени азаптан, мүшкүлдөн, кулчулуктун запкысынан куткарып, бейпилдик берген күнү+  Бабыл падышасы жөнүндө ылакап чыгарып, мындай дейсиң: «Башкаларды жумушка салгандын эзүүсү токтоду, кысымы токтоду!+  Жахаба ыймансыздардын союлун, башкаруучулардын таягын сындырды+,  каары менен элдерге сокку үстүнөн сокку урганды+, элдерди аёосуз куугунтуктап, жаалы менен баш ийдиргенди жок кылды+.  Бүт жер эс алып+, тынчтыкка бөлөндү. Эл шаттанып, кубанычтуу үн салып жатат+.  Сенин абалыңды көргөн арчалар+ менен Лебанон бал карагайлары: „Сен кулагандан бери бизди кыйганы+ эч ким келбей калды“,— деп кубанып жатышат.  Сени тосуп алыш үчүн түпкүрдөгү көр*+ да кыймылга келди. Ал күчсүз өлүктөрдү+, жер жүзүнүн зулум жол башчыларын*+ сен үчүн ойготту, элдердин бардык падышаларын тактысынан тургузду+. 10  Алардын баары сага: „Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдыңбы?+ Бизге окшоп калдыңбы?+ 11  Сенин текебердигиң менен кыл аспаптарыңдын үнү көргө* түштү+. Мителер астыңа төшөнчү, курттар үстүңө жамынчы болду“+,— деп жатышат. 12  Жаркыраган жылдыз, таңдын уулу, сен асмандан куладың!+ Элдерди кууратчу элең+, эми кыйылып, жерде жатасың!+ 13  Сен ичиңен: „Асманга чыгам+, тактымды+ Кудайдын жылдыздарынан жогору коём+, жыйын тоосунда+, түндүктүн алыскы жерлеринде отурам+. 14  Булуттардын үстүнө чыгам+, Эң Жогорку Кудайдай болом“,— дечүсүң+. 15  Бирок көргө*, аңдын түбүнө+ түшөсүң+. 16  Сени көргөндөр тигиле карап: „Жерди титиретип, падышалыктарды солкулдаткан киши ушул беле?+ 17  Жерди чөлгө айлантып, анын шаарларын талкалап+, туткундарын+ үйүнө коё бербеген киши ушул беле?“ — дешет. 18  Элдердин бардык падышалары даңкка бөлөнүп, ар бири өз күмбөзүндө жатат+. 19  Сен болсо көмүлбөй+, керексиз чырпыктай ыргытылдың. Кылычтан сулагандардын, таштуу чуңкурдагы+ өлүктөрдүн алдында калдың, тебеленген өлүктөй болуп калдың+. 20  Сен көрүстөндө падышалар менен жатпайсың, анткени өз жериңди кыйраттың, өз элиңди кырдың. Кыянаттык кылгандардын тукуму түбөлүк эскерилбейт+. 21  Аталарынын күнөөсү үчүн балдарын өлтүрүүгө жай даярдагыла+. Алар ордунан туруп, жерди ээлеп алышпасын, жердин бетин шаарга толтуруп жиберишпесин»+. 22  «Мен аларга каршы чыгам»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. «Бабылдын ысмын өчүрөм+, элинин калдыгын, урук-тукумун, урпактарын жок кылам»+,— дейт Жахаба. 23  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: «Аны чүткөрлөрдүн* жайына, камыштуу көлмөлөргө айлантам, кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам»,— дейт+. 24  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай деп ант берет+: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот. Эмнени чечсем, ошол аткарылат+. 25  Мен Ашурду өз жеримде талкалайм+, өз тоолорумда тебелейм+, ошондо анын моюнтуругу элимдин мойнунан алынат, жүгү алардын ийнинен түшөт»+. 26  Бүт жер жүзүнө чыгарылган чечим ушундай, бардык элдерге каршы сунулган кол — ушул. 27  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба чечим чыгарды+, аны ким жокко чыгара алат?+ Ал колун сунду, аны ким артка тарта алат?+ 28  Ахаз падыша өлгөн жылы+ мындай өкүм жарыяланды: 29  «Оо, Пелишти+, сени кыйраткандын таягы сынганына+ кубанба+, эч кимиңер сүйүнбөгүлө. Анткени жыландын тамырынан+ уулуу жылан чыгат+, анын жемиши учуучу оттуу жылан болот+. 30  Бей-бечаралардын тун балдары тоюшат, жакырлар коопсуз жатышат+. Ал эми сенин тамырыңды ачарчылык менен кырам, калдыгы өлтүрүлөт+. 31  Боздо, дарбаза! Кыйкыр, шаар! Пелишти, бүт элиңдин кайраты качат! Анткени түндүктөн түтүн каптап, душманыңдын аскерлеринин бири да артта калбай келатат»+. 32  Элдердин кабарчыларына+ эмне деп жооп беришет? Жахабанын Сиондун пайдубалын салганын+, ал жерден элинин арасындагы бей-бечаралардын баш маана табарын айтышат.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «текелерин».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген, жонунда ийнелери бар жаныбарлар.