Ышая 11:1—16
11 Жышайдын+ дүмүрүнөн бутак өсүп чыгат+, анын тамырынан чыккан чырпык+ мөмө берет+.
2 Ага Жахабанын руху, акылмандык+ менен түшүнүк руху+, кеңеш менен кудурет руху+, билим+ менен Жахабадан коркуу руху+ түшөт+.
3 Ал Жахабадан коркуудан+ ырахат алат.
Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт+,
4 бей-бечараларды адилдик менен соттойт+, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт. Жерди оозунан чыккан таяк менен урат+, ыймансызды эриндеринен чыккан рух менен өлтүрөт+.
5 Ал адилдик менен курчанат+, ишенимдүүлүк белине кур болот+.
6 Карышкыр козунун жанында жашайт+, кабылан улак менен чогуу жатат. Музоо, жалдуу жаш арстан+, семиз мал — баары бирге болот+. Аларды наристе ээрчитип жүрөт.
7 Уй аюу менен бирге оттойт, алардын балдары чогуу жатат. Арстан да, букадай болуп, саман жейт+.
8 Эмчектеги бала чекир жыландын*+ ийининин үстүндө ойнойт, эмчектен чыккан бала уулуу жыландын ийинине колун салат.
9 Бүт ыйык тоомдо+ алар эч кандай зыян келтиришпейт+, залака тийгизишпейт. Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот+.
10 Ошол күнү+ Жышайдын тамыры+ элдерге белги болот+. Элдер ага жетекчилик издеп кайрылышат+, анын турак жайы даңкка бөлөнөт+.
11 Ошол күнү Жахаба элинин аман калган калдыгын Ашурдан+, Мисирден+, Патростон+, Куштан+, Эйламдан+, Шынардан+, Хаматтан жана деңиз аралдарынан+ чогултуш үчүн кайрадан, экинчи ирет колун сунат+.
12 Ал элдерге белги коюп, Ысрайылдын туш-тушка чачыраган элин чогултат+, Жүйүттүн чачырап кеткен элин төгөрөктүн төрт бурчунан жыйнайт+.
13 Эпрайымдын көрө албастыгы басылат+, Жүйүткө кас болгондор кырылат. Эпрайым Жүйүткө көрө албастык кылбайт, Жүйүт болсо Эпрайымды кас санабайт+.
14 Алар батышты көздөй, пелиштиликтердин жонун көздөй шукшурулат+, Чыгыштын уулдарын биргелеше талап-тоношот+. Эдом менен Маапка кол салышат+, Амондун уулдарын баш ийдиришет+.
15 Жахаба Мисирдин деңизинин тилин* кесип таштайт+, дарыяга*+ руху алоолонуп турганда муштум көрсөтөт. Ал анын жети агымына сокку уруп, нугунан элди сандалчан өткөрөт+.
16 Ысрайыл элине Мисир жеринен чыккан күнү чоң жол салынгандай, аман калган+ калдыкка+ Ашурдан бери чоң жол салынат+.