Сандар 30:1—16

30  Андан кийин Муса Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына+ мындай деди: «Жахаба мындай дейт:  эгер кимдир бирөө Жахабага убада берсе+ же кайсы бир ишти кылбай турганын айтып+ ант ичсе+, анда сөзүнө турсун+, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын+.  Эгер атасынын үйүндө жашап жаткан кыз Жахабага убада берсе+ же кайсы бир ишти кылбай турганын айтып ант берсе,  атасы анын берген анттарын укса, бирок каршы болбосо, кыз берген антынын+ баарын аткарышы керек.  Ал эми атасы анын берген анттарын уккан күнү аларды аткарууга тыюу салса, кыз аларды аткарбай эле койсо болот. Атасы тыюу салгандыктан, Жахаба аны кечирет+.  Эгер ал күйөөгө чыкса жана анын ант ичкенин+ же ойлонбой туруп кандайдыр бир убада бергенин  уккан күнү күйөөсү каршы болбосо, анда аял берген антынын баарын аткарышы керек+.  Ал эми күйөөсү ал тууралуу уккан күнү аларды аткарууга тыюу салса+, башкача айтканда, анын антын жана ойлонбой туруп берген убадасын жокко чыгарса, аял аларды аткарбай эле койсо болот, Жахаба аны кечирет+.  Эгер жесир калган же ажырашып кеткен аял ант берсе, ал айткандарынын баарын аткарышы керек. 10  Эгер аял күйөөсүнүн үйүндө жашап жүрүп убада берсе же кайсы бир ишти кылбай турганын айтып ант берсе+, 11  күйөөсү бул тууралуу угуп, каршы болбосо, демек, аларды аткарууга тыюу салган жок. Аял берген антынын баарын аткарышы керек. 12  Ал эми күйөөсү анын айткандарын, берген анттарын болобу же кайсы бир ишти кылбай турганына байланыштуу берген убадасын болобу, уккан күнү аларды аткарууга тыюу салып койсо, аял аларды аткарбай эле койсо болот+. Күйөөсү анын берген анттарын жокко чыгаргандыктан, Жахаба аны кечирет+. 13  Күйөөсү аялынын антын же кайсы бир ишти кылбоого карата берген убадасын беките да алат, жокко чыгара да алат+. 14  Эгер бир нече күн өткөндөн кийин деле күйөөсү эч нерсе дебесе, ал аялынын берген антынын баарын бекиткен болот+. Алар тууралуу уккан күнү эч нерсе дебегендиктен ал аялынын бардык антын бекиткен болот. 15  Эгер алар тууралуу уккандан бир нече убакыт өткөндөн кийин аларды аткарууга тыюу салып койсо, аялынын күнөөсү үчүн жооптуу болот+. 16  Булар — күйөөсү менен аялына+, атасынын үйүндө жашаган кыз менен атасына байланыштуу Жахабанын Мусага берген мыйзамдары»+.

Шилтемелер