Сандар 26:1—65
26 Ошол жазадан кийин+ Жахаба Муса менен дин кызматчы Арундун уулу Элазарга:
2 «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын, жыйырма жаштан өйдөкүлөрүн, Ысрайылда аскер кызматына жарактууларын, тукуму боюнча санап чыккыла»,— деди+.
3 Муса менен дин кызматчы Элазар+ Жерихонун+ тушунда, Мааптын Иордандын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө+, аларга:
4 «Жахаба Мусага буйрук кылгандай, жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн баарын санап чыккыла»,— дешти+.
Мисирден чыккан Ысрайыл уулдары булар:
5 Ысрайылдын туну — Рубейин+. Рубейиндин уулдары: Ханох+ жана андан тарагандар, Палу+ жана андан тарагандар,
6 Кесрон+ жана андан тарагандар, Карми+ жана андан тарагандар.
7 Булар — Рубейиндин тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 43 730 болду+.
8 Палунун уулу Элиап болгон.
9 Элиаптын уулдары: Немуел, Датан+, Абырам+. Датан менен Абырам жыйынга чакырылып жүргөн кишилерден болушкан. Алар Жахабага каршы чыгып, Корактын таламдаштары менен бирге Муса менен Арунга каршы чыгышкан+.
10 Ошондо жер оозун араандай ачып, аларды жутуп кеткен+. Корак болсо от жалмап кеткен 250 киши менен чогуу өлгөн+. Алардын окуясы башкалар үчүн сабак болуп калды+.
11 Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес+.
12 Шымондун+ уулдары: Немуел+ жана андан тарагандар, Жамин+ жана андан тарагандар, Жахин+ жана андан тарагандар,
13 Зерак жана андан тарагандар, Шабул+ жана андан тарагандар.
14 Булар — Шымондун тукумдары. Алардын саны 22 200 болду+.
15 Гаттын+ уулдары: Зепон жана андан тарагандар, Хаги жана андан тарагандар, Шуни жана андан тарагандар,
16 Озни жана андан тарагандар, Эри жана андан тарагандар,
17 Арот жана андан тарагандар, Арели+ жана андан тарагандар.
18 Булар — Гаттын тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 40 500 болду+.
19 Жүйүттүн+ уулдары Эр+ менен Онан+ болгон. Бирок алар Канаан жеринде өлүшкөн+.
20 Жүйүттүн уулдары: Шелах+ жана андан тарагандар, Перес+ жана андан тарагандар, Зерак+ жана андан тарагандар.
21 Перестин уулдары: Кесрон+ жана андан тарагандар, Хамул+ жана андан тарагандар.
22 Булар — Жүйүттүн+ тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 76 500 болду+.
23 Исахардын+ уулдары: Тола+ жана андан тарагандар, Пуба жана андан тарагандар,
24 Жашуп жана андан тарагандар, Шимрон+ жана андан тарагандар.
25 Булар — Исахардын тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 64 300 болду+.
26 Забулундун+ уулдары: Серет жана андан тарагандар, Элон жана андан тарагандар, Жахлел+ жана андан тарагандар.
27 Булар — Забулундун тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 60 500 болду+.
28 Жусуптун+ уулдары: Менаше менен Эпрайым+.
29 Менашенин+ уулдары: Махир+ жана андан тарагандар. Махирдин уулу — Гилат+. Гилаттан анын тукумдары тараган.
30 Гилаттын уулдары: Изер+ жана андан тарагандар, Хелек жана андан тарагандар,
31 Асриел жана андан тарагандар, Шекем жана андан тарагандар,
32 Шемита+ жана андан тарагандар, Хепер+ жана андан тарагандар.
33 Хепердин уулу Салапаттын уулдары болгон эмес, кыздары гана болгон+. Анын кыздарынын аттары: Махла, Нух, Хогла, Милка, Тирса+.
34 Булар — Менашенин тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 52 700 болду+.
35 Эпрайымдын+ уулдары: Шутелах+ жана андан тарагандар, Бехер жана андан тарагандар, Тахан+ жана андан тарагандар.
36 Шутелахтын уулдары: Эран жана андан тарагандар.
37 Булар — Эпрайымдын+ тукумдары. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 32 500 болду. Булар — Жусуптун тукумдары+.
38 Бенжеминдин+ уулдары: Бела+ жана андан тарагандар, Ашбел+ жана андан тарагандар, Акирам жана андан тарагандар,
39 Шепупам жана андан тарагандар, Хупам+ жана андан тарагандар.
40 Беланын уулдары: Арт менен Нааман+. Арт менен Наамандан алардын тукумдары тараган.
41 Булар — Бенжеминдин тукумдары+. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 45 600 болду+.
42 Дандын+ уулдары: Шухам жана андан тарагандар. Булар — Дандын тукумдары+.
43 Шухамдан тарагандардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 64 400 болду+.
44 Ашырдын+ уулдары: Имнак+ жана андан тарагандар, Ишби+ жана андан тарагандар, Берия жана андан тарагандар.
45 Бериянын уулдары: Хебер жана андан тарагандар, Малкиел+ жана андан тарагандар.
46 Ашырдын кызынын аты — Серак+.
47 Булар — Ашырдын тукумдары+. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 53 400 болду+.
48 Напталынын+ уулдары: Жахсил+ жана андан тарагандар, Гуни+ жана андан тарагандар,
49 Жесер+ жана андан тарагандар, Шилем+ жана андан тарагандар.
50 Булар — Напталынын тукумдары+. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 45 400 болду+.
51 Ысрайыл уулдарынын каттоодон өткөндөрүнүн жалпы саны 601 730 болду+.
52 Ошондон кийин Жахаба Мусага:
53 «Аларга санына жараша менчикке жер бөлүштүрүп бер+.
54 Саны көптөрүнө менчикке көбүрөөк жер бер, ал эми аздарына азыраак бер+. Ар бирине каттоодон өткөндөрүнүн санына жараша бөлүп бер.
55 Жерди бөлүштүрүп жатканда өкчөмө таш ыргыткыла+. Ар бир үй-бүлө өзү таандык болгон урууга бөлүнгөн жерден үлүш алсын.
56 Саны көп уруу менен саны аз урууга өкчөмө таштын түшкөнүнө жараша жер бөлүштүрүлсүн»,— деди.
57 Лебинин+ каттоодон өткөн уулдары булар: Гершон+ жана андан тарагандар, Каат+ жана андан тарагандар, Мерари+ жана андан тарагандар.
58 Лебинин тукумдары булар: Либнинин+ уруктары, Хеброндун+ уруктары, Махлинин+ уруктары, Мушинин+ уруктары, Корактын+ уруктары.
Кааттын+ Амрам+ деген уулу болгон.
59 Амрамдын аялынын аты Жохебет+ эле. Ал Лебинин Мисир жеринде төрөлгөн кызы болчу. Жохебет Амрамга Арунду, Мусаны жана алардын эжеси Мириямды төрөп берген+.
60 Арундан Надап, Абый+, Элазар жана Итамар+ төрөлгөн.
61 Надап менен Абый Жахабанын алдына мыйзамга ылайык келбеген от менен келгени үчүн өлүшкөн+.
62 Алардын каттоодон өткөн бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин жалпы саны 23 000 болду+. Аларга Ысрайыл уулдарынын арасынан үлүш берилбегендиктен+, алар Ысрайылдын башка уулдары менен бирге каттоодон өтүшкөн жок+.
63 Жерихонун тушунда+, Мааптын Иордандын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, Муса менен дин кызматчы Элазар каттоодон өткөргөн Ысрайыл уулдары — ушулар.
64 Алардын арасында Муса менен дин кызматчы Арун Синай чөлүндө каттоодон өткөргөн Ысрайыл уулдарынын бири да болгон эмес+.
65 Анткени Жахаба алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүп жок болушат»,— деп айткан+. Алардын арасынан Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка эч ким калган эмес+.