Насаатчы 3:1—22
3 Бардык нерсенин өз убагы бар+, асман астындагы ар бир иштин өз убагы бар:
2 төрөлө турган убак бар+, өлө турган убак бар+; отургуза турган убак бар+, отургузулганды жула турган убак бар;
3 өлтүрө турган убак бар+, айыктыра турган убак бар+; буза турган убак бар, кура турган убак бар+;
4 ыйлай турган убак бар+, күлө турган убак бар+; боздой турган убак бар+, бийлей турган убак бар+;
5 таштарды ыргыта турган убак бар+, кайра чогулта турган убак бар+; кучакташа турган убак бар+, кучакташпай турган убак бар+;
6 издей турган убак бар+, издебей турган убак бар; сактай турган убак бар, ыргыта турган убак бар+;
7 айрый турган убак бар+, тиге турган убак бар+; унчукпай турган убак бар+, сүйлөй турган убак бар+;
8 сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар+; согуша турган убак бар+, тынч жашай турган убак бар+.
9 Эмгектенген кишиге эмгегинен эмне пайда?+
10 Мен Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген иштерин көрдүм+.
11 Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган+. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган+, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт+.
12 Мен буларды түшүндүм: адамдын кубанып, жакшылык кылып өмүр сүргөнүнөн өтөрү жок экен+,
13 ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек экен+. Бул — Кудайдын белеги+.
14 Чыныгы Кудай жасагандын баары түбөлүктүү экенин билдим+. Аларга кошо турган же алардан алып сала турган эч нерсе жок+. Муну чыныгы Кудай адамдарды корксун+ деп кылган+.
15 Азыр бар нерсе мурун да болгон, кийин боло турган нерсе да мурун эле болгон+, ал эми чыныгы Кудай+ куугунтукталганды издейт+.
16 Күн астынан мен адилеттүүлүк болушу керек болгон жерде мыйзамсыздык, адилдик болушу керек болгон жерде ыймансыздык өкүм сүрүп жатканын да көрдүм+.
17 Ошондо ичимен+: «Чыныгы Кудай адил адамдын да, ыймансыздын да ишин териштирет+, анткени ар бир нерсенин, ар бир иштин өз убагы бар»,— дедим+.
18 Мен ичимен адамдар тууралуу: «Өздөрүнүн жаныбарлар сыяктуу экенин көрүшү үчүн, чыныгы Кудай аларды текшерет экен»,— дедим+.
19 Анткени адам баласы эмне болсо, жаныбарлар да ошол болот+. Жаныбарлар өлгөндөй эле, адамдар да өлөт+. Баарынын өмүр деми бир+, адамдын жаныбардан артыкчылыгы жок, анткени бардыгы — убаракерчилик.
20 Бардыгы бир жерге барат+. Бардыгы топурактан жаралган+, бардыгы кайра топуракка кайтат+.
21 Адам баласынын өмүр деми жогору жакка көтөрүлөбү, жаныбарлардын өмүр деми төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?+
22 Ошентип, мен адамдын өз иштеринен кубаныч алганынан өтөрү жок экенин көрдүм+, анткени анын үлүшү — ошол. Себеби өзүнөн кийин эмне болорун көрүүгө аны кайра ким алып келет?+