Накыл сөздөр 30:1—33
30 Жакенин уулу Агурдун сөздөрү, нуска кеби+. Анын Итиелге, Итиел менен Укалга айткан сөздөрү.
2 Мен баарынан акылсызмын+, адамдарда бар түшүнүк менде жок+;
3 мен акылмандыкка үйрөнгөн жокмун+, менде Баарынан Ыйыктын билими жок+.
4 Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн ким бар?+ Шамалды кош уучуна чогулткан ким бар?+ Сууну чапанына түйүп алган ким бар?+ Жердин булуң-бурчун ким жараткан?+ Эгер билсең, анын аты ким?+ Уулунун аты ким?+
5 Кудайдын ар бир сөзү таза+. Ал — Өзүнөн баш маана издегендерге калкан+.
6 Ал сени ашкерелебеши үчүн, калпычы болуп калбашың үчүн+, анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо+.
7 Сенден эки нерсени тилейм+, көзүм тирүү кезде орундата көр+:
8 менден жалганчылык менен калп сөздү алыс кыл+, мени жакыр да, бай да кыла көрбө+. Ырыскымды бере көр+.
9 Ашыра тоюп алып, сенден баш тартып+: «Жахаба ким экен?!» — деп айтпагыдай болоюн+ же жакырданып кетип, уурулук кылып, Кудайымдын атына тил тийгизбегидей болоюн+.
10 Каргышка калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн+, кулга мырзасынын алдында жалаа жаппа+.
11 Атасын да каргаган, энесин да алкабаган муун бар+.
12 Заң-заарасынан тазаланбай туруп+, өзүн таза эсептеген муун бар+.
13 Менменсинген, бой көтөргөн муун бар+.
14 Жер жүзүндөгү бей-бечараларды, адамзат тукумундагы кембагалдарды жеп-жутуу үчүн+, тиштери кылыч+, жаактары канжар болгон муун бар.
15 Сүлүк курттун «келе, келе!» деп кыйкырган эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе, «жетет!» дебеген төрт нерсе бар:
16 көр*+ менен тукумсуз жатын+, сууга тойбогон жер+ менен «жетет!» дебеген+ от+.
17 Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген+ көздү өзөндүн кузгундары чокуйт, бүркүттүн балапандары жейт.
18 Мен үчүн укмуштуу үч нерсе, түшүнүксүз төрт нерсе бар:
19 асмандагы бүркүттүн жолу, аскадагы жыландын жолу, деңиздин ортосундагы+ кеменин жолу жана кызга бараткан жигиттин жолу+.
20 Бузулган аялдын жолу мындай: ал жеп бүткөн соң, оозун аарчып: «Мен эч кандай жаман иш кылган жокмун»,— дейт+.
21 Үч нерседен жер солкулдайт, ал төрт нерсени көтөрө албайт:
22 кул падышалык кылганда+, акылсыздын тамак-ашы жетиштүү болгондо+,
23 жек көрүндү аял күйөөгө тийгенде+, күң өзүнүн мырзайымынын ордун ээлегенде+.
24 Жер бетинде эң кичинекей, бирок сокур сезими менен акылдуу келген төрт жаныбар бар+:
25 кумурскалар — күч-кубатсыз «эл»+, бирок азыгын жайында камдап алышат+;
26 тоо дамандары*+ — алсыз «эл», бирок үйлөрүн аскага салышат+;
27 чегирткелер+: алардын падышасы жок, бирок баары топ-топко бөлүнүп чыгышат+;
28 геккон кескелдириги+: ал буттары менен жармашып, падышанын ак сарайында да болот.
29 Басканы сонун үчөө, жүрүшү укмуш төртөө бар:
30 арстан — айбанаттардын күчтүүсү, ал эч кимдин алдында кетенчиктебейт+;
31 тайган менен теке, ошондой эле өз элинин аскерлеринин башында турган падыша+.
32 Акылсыздык кылып, бой көтөрсөң+ же ошентүүнү ойлосоң, анда колуң менен оозуңду жап+.
33 Анткени сүттү бышканда май чыгат, мурунга урганда кан чыгат, ал эми ачууга алдырганда чатак чыгат+.