Накыл сөздөр 10:1—32
10 Сулаймандын накыл сөздөрү+.
Акылдуу уул атасын кубантат+, ал эми акылсыз уул энесин кайгыртат+.
2 Ыймансыздын байлыгынан пайда жок+, адилдик болсо өлүмдөн куткарат+.
3 Жахаба адил адамдардын ачка калышына жол бербейт+, ал эми ыймансыздардын каалоосун четке кагат+.
4 Эринчээк кол жарды кылат+, аракетчил кол байытат+.
5 Түшүнүп иш кылган уул жайкысын оруп-жыят, уятка калтыра турган уул болсо оруп-жыюу маалында көз ачпай уктайт+.
6 Адил адамга бата тиет+, ал эми ыймансыздын оозу зомбулукту жаап-жашырат+.
7 Адил адам алкоо менен эскерилет+, ал эми ыймансыздардын аты өчөт+.
8 Жүрөгү акылдуу осуяттарды кабыл алат+, акылсыз сүйлөгөн тебелендиде калат+.
9 Кынтыксыздыгынан жазбаган коопсуз жашайт+, ал эми түз жолдон чыккан өзүн өзү ашкере кылат+.
10 Көзүн ымдаган көңүл оорутат+, акылсыз сүйлөгөн тебелендиде калат+.
11 Адил адамдын оозу — өмүр булагы+, ал эми ыймансыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат+.
12 Жек көрүү чыр-чатак чыгарат+, сүйүү болсо бардык каталарды кечирет+.
13 Түшүнүгү бар адамдын оозунан акылмандык чыгат+, ал эми акылсыздын* жонунан таяк кетпейт+.
14 Акылмандар билимди кенчтей сактайт+, ал эми акылсыздын оозу кыйроого жакын+.
15 Байдын мүлкү — анын бекем шаары+, ал эми бей-бечаралардын жакырлыгы — алардын өлүмү+.
16 Адил адамдын иштери өмүргө+, ыймансыздын иштеринин жемиши күнөөгө алып барат+.
17 Акыл-насаатка карманган адам — өмүр жолу+. Оңдоп-түзөөнү четке каккан адам адаштырат+.
18 Жек көрүүсүн жашыргандын тили жалган+, бирөөнү каралаган адам акылсыз+.
19 Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт+, ал эми тилин тыя билген эстүүлүк кылат+.
20 Адил адамдын тили — тандамал күмүш+, ыймансыздын жүрөгү эч нерсеге арзыбайт+.
21 Адил адамдын оозу көптөрдү кайтарат+, акылсыздар акылсыздыгы* үчүн өлөт+.
22 Жахабанын батасы байытат+, өзү менен кошо кайгы алып келбейт+.
23 Акылсыз үчүн уятсыз* жүрүм-турум — оюн-тамаша+, ал эми кыраакыга акылмандык мүнөздүү+.
24 Ыймансыз эмнеден корксо, ошого кабылат+, ал эми адил кишилердин тилеги аткарылат+.
25 Ыймансыз куюн учургандай жок болот+, адил адам болсо түбөлүктүү пайдубалдай+.
26 Кычкыл шарап тишке, түтүн көзгө кандай болсо, жалкоо да аны жумшагандарга ошондой+.
27 Жахабадан коркуу өмүрдү узартат+, ал эми ыймансыздардын жылдары кыскарат+.
28 Адил кишилердин күткөнү — кубаныч+, ыймансыздардын үмүтү таш кабат+.
29 Жахабанын жолу — айыпсыздар үчүн чеп+, жамандык кылгандар үчүн кыйроо+.
30 Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт+, ыймансыздар болсо жер үстүндө калышпайт+.
31 Адил адамдын оозу акылмандыктын жемишин берет+, бузуку тил кесилет+.
32 Адил адамдын оозу ырайым табат+, ал эми ыймансыздардын оозу — бузукулук+.