Мыйзам 31:1—30
31 Андан кийин Муса бүт Ысрайылга мындай деди:
2 «Мен азыр 120 жаштамын+. Мындан ары силердин алдыңарда кирип-чыга албайм+, анткени Жахаба мага: „Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң“,— деп айткан+.
3 Сени дарыянын аркы өйүзүнө Жахаба Кудайың өзү жетектеп барат+. Ал бул элдердин баарын сенин алдыңда кырып жок кылат, сен аларды кууп чыгасың+. Жахаба айткандай, дарыянын аркы өйүзүнө сени Жашыя алып барат+.
4 Жахаба аморлуктардын падышасы Сихон+ менен Октун жерин талкалап+, аларды кандай кылса, бул элдерди да ошондой кылат+.
5 Жахаба аларды силердин колуңарга салып берди+. Аларды, мен буйрук кылган осуяттарда кандай айтылса, ошондой кылгыла+.
6 Кайраттуу, бекем болгула+. Алардан коркпогула, жүрөгүңөр түшпөсүн+, анткени Жахаба Кудайыңар силер менен баратат. Ал силерди эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт»+.
7 Анан Муса Жашыяны чакырып, бүт ысрайыл элинин алдында ага мындай деди: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени бул элди Жахаба алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерге сен алып барасың, ал жерди үлүшкө сен бөлүштүрүп бересиң+.
8 Жахаба сенин алдыңда барат, ал сени менен болот+. Ал сени эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт. Андыктан коркпо, үрөйүң учпасын»+.
9 Андан кийин Муса бул мыйзамды жазып+, дин кызматчыларга, Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөн+ Леби уулдарына+ жана бүт Ысрайыл аксакалдарына берип,
10 аларга мындай деп буйрук кылды: «Ар бир жетинчи жылдын аягында, карызды кечүү жылынын+ белгилүү бир убагында, алачык майрамында+,
11 бүт ысрайыл эли Жахаба Кудайыңардын алдына+, ал тандаган жерге келгенде+, бул мыйзамды бүт Ысрайылдын алдында үн чыгара окуп бергиле+.
12 Бүт элди: эркектер менен аялдарды, балдарды, шаарыңарда жашаган келгиндерди чогулткула+. Алар бул мыйзамды угуп, Жахаба Кудайыңардан коркууга+ жана бул мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарууга үйрөнүшсүн+.
13 Алардын бул мыйзамды билбеген уулдары да аны угуп+, Иордандын аркы өйүзүндөгү силер ээлегени бараткан жерде+ өмүр бою Жахаба Кудайыңардан коркууга үйрөнүшсүн».
14 Анан Жахаба Мусага: «Мына, көз жумарыңа аз калды+. Жашыяны чакыр да, экөөң жыйын чатырына келип, ошол жерде тургула. Мен аны жол башчы кылып дайындайм»+,— деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырына барып+, ошол жерде турушту.
15 Ошондо Жахаба булут мамынын ичинде жыйын чатырына келди. Булут мамы жыйын чатырынын кире беришине келип туруп калды+.
16 Жахаба Мусага мындай деди: «Мына, сен эми ата-бабаларыңа кошуласың+. Бул эл болсо өздөрү бараткан жердеги элдердин кудайлары менен бузуктук кылышат+, алар менен түзгөн келишимимди бузуп+, мени таштап кетишет+.
17 Ошондо каарым кайнап+, аларды таштап салам+, алардан жүзүмдү жашырам+. Алар кыйрап, көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылышат+. Анан ошол күнү: „Ушул кырсыктын баарына Кудайыбыз биз менен болбогондуктан кабылып жаткан жокпузбу?“ — дешет+.
18 Алар башка кудайларга кайрылып, жаман иштерди кылышкандыктан, алардан жүзүмдү жашырам+.
19 Ошондуктан бул ырды жазып алып+, Ысрайыл уулдарына үйрөткүлө+. Алар муну жаттасын, анткени бул ыр Ысрайыл уулдарына Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетип турат+.
20 Мен аларды ата-бабаларына убада кылган жерге+, бал менен сүт аккан жерге+, алып барам. Алар тойгончо жеп+, семиргенден кийин+ башка кудайларды ээрчип кетишет+. Аларга кызмат кылып, мени баркка албай, келишимимди бузушат+.
21 Алардын урпактары бул ырды дайыма ырдап жүрүшөт, ошондуктан алар көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылганда+, бул ыр Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетет. Мен алардын жүрөктөрүндө азыртадан эле, аларды убада кылган жерге алып барганга чейин эле, кандай ой өрчүп жатканын көрүп турам»+.
22 Ошентип, Муса Ысрайыл уулдарына үйрөтүш үчүн ал ырды жазып алды+.
23 Кудай Нундун уулу Жашыяны жол башчы кылып дайындап+: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени Ысрайыл уулдарын мен аларга берем деп убада кылган жерге сен алып барасың+. Мен сени менен болом»,— деди.
24 Мыйзамдын баарын китепке жазып+ бүткөндөн кийин Муса
25 Жахабанын келишиминин сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге+ мындай деп буйрук кылды:
26 «Бул мыйзам китебин+ алып, Жахаба Кудайыңардын келишиминин сандыгынын+ жанына коюп койгула. Ал силерге каршы күбө болот+.
27 Силердин козголоңчул+, тоң моюн+ экениңерди жакшы билем. Көзүмдүн тирүүсүндө эле, Жахабага каршы чыгып жатсаңар, көзүм өткөндөн кийин ого бетер каршы чыгасыңар да!+
28 Уруу аксакалдары менен башчыларыңардын+ баарын чогултуп келгиле. Мен аларга бул сөздөрдүн бардыгын айтып, асман менен жердегинин баарын аларга каршы күбө болууга чакырам+.
29 Анткени менин көзүм өткөндөн кийин, мен көрсөткөн жолдон чыгып, жийиркеничтүү иштерди кыларыңарды билем+. Силер Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, колуңар менен жасаган нерселериң менен аны капалантасыңар+, ошондуктан башыңарга мүшкүл түшөт»+.
30 Муса бүт Ысрайыл жамаатына бул ырдын сөздөрүн толугу менен айтып берди+: