Марк 10:1—52
10 Иса ал жерден чыгып, Иордандын аркы өйүзүндөгү Жүйүт жерине барды+. Жанына кайрадан көп эл чогулду. Иса адатынча аларды окута баштады.
2 Фарисейлер келип, аны сынаш үчүн, эркек кишинин аялы менен ажырашканы мыйзамга ылайык келер-келбесин сурашты+.
3 Ал: «Муса силерге кандай буйрук берген эле?» — деп кайра өзүлөрүнө суроо берди.
4 «Муса эркектин талак кат жазып, аялы менен ажырашышына жол берген»,— дешти алар+.
5 Буга Иса: «Ал жүрөгүңөрдүн катаалдыгынан улам+ силерге ошол осуятты жазып калтырган.
6 Бирок эң башында „Кудай адамдарды эркек-аял кылып жараткан+.
7 Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып,
8 аялы экөө бир дене болот“+. Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене.
9 Андыктан Кудай кошконду* адам ажыратпасын»,— деди+.
10 Кайра үйгө келишкенде+, шакирттер Исадан ошол жөнүндө сурай башташты.
11 Ал: «Аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши биринчи аялына каршы ойноштук кылган болот+.
12 Күйөөсү менен ажырашып, башкага турмушка чыккан аял да ойноштук кылган болот»,— деп айтты+.
13 Иса колун тийгизиши үчүн, эл ага кичинекей балдарын алып келе баштады. Бирок шакирттер аларды урушуп жатышты+.
14 Муну көргөндө ал ачууланып, шакирттерине: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык+.
15 Силерге айтып коёюн, ким Кудайдын Падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл албаса, ал ага кирбейт»,— деди+.
16 Анан балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп+, батасын бере баштады.
17 Иса жолго чыкканда, жанына бир киши чуркап келди да, чөгөлөп: «Жакшы Устат, түбөлүк өмүрдү мурасташ үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады+.
18 Ага Иса: «Эмне үчүн мени жакшы дейсиң?+ Жакшы деп аталууга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес+.
19 Сен: „Киши өлтүрбө+, ойноштук кылба+, уурдаба+, жалган күбө болбо+, алдаба+, ата-энеңди сыйла“+,— деген осуяттарды билесиң да»,— деп айтты.
20 Тиги киши: «Устат, мунун баарын мен бала кезимден бери аткарып келатам»,— деди.
21 Иса аны карап, жакшы көрө: «Аткарышың керек болгон дагы бир нерсе бар: бар да, колуңда болгондун баарын сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, менин жолдоочум бол»,— деп айтты+.
22 Муну укканда ал капаланып, көңүлү чөккөн бойдон кетип калды, анткени мал-мүлкү абдан көп эле+.
23 Иса тегерегин карап, шакирттерине: «Акчасы көптөрдүн+ Кудайдын Падышалыгына кириши кандай кыйын!» — деди+.
24 Шакирттери анын айткандарына таң калышты+. Иса болсо кайрадан аларга: «Балдар, Кудайдын Падышалыгына кирүү кандай кыйын!
25 Байдын Кудайдын Падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак»,— деди+.
26 Алар ого бетер таң калып: «Анда ким куткарыла алат?» — дешти+.
27 Иса аларды карап: «Бул адамдардын колунан келбейт, ал эми Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок. Анткени Кудай баарын кыла алат»,— деди+.
28 Ошондо Петир ага: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчип жүрөбүз»,— деп айтты+.
29 Буга Иса: «Ишенип койгула, ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, энесин же атасын, балдарын же жерин калтырса+,
30 ал азыр, ушул убакта, куугунтуктоолор+ менен бирге жүз эсе+ көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, энеге, балага жана жерге, ал эми келечектеги дүйнө түзүлүшүндө түбөлүк өмүргө ээ болот.
31 Биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот»,— деди+.
32 Алар Иерусалимди көздөй жол тартышты. Иса алдыда бара жатты. Шакирттери таң калып, алардын артындагылар болсо коркуп баратышты. Иса кайрадан он эки шакиртин өзүнчө бөлүп алып, аларга өзүн эмнелер күтүп турганын айта баштады да+:
33 «Мына, биз Иерусалимге баратабыз. Ал жерден адам Уулун жогорку дин кызматчылар менен китепчилердин колуна салып беришет. Алар болсо аны өлтүрүүгө өкүм чыгарып, бутпарастарга өткөрүп беришет+.
34 Алар ага түкүрүшөт, аны шылдыңдашат, сабашат, анан өлтүрүшөт. Бирок ал үчүнчү күнү* тирилет»,— деди+.
35 Зебедейдин эки уулу Жакып менен Жакан+ ага келип: «Устат, бир өтүнүчүбүз бар, орундатып берчи»,— дешти+.
36 Ал: «Каалаганыңар эмне?» — деп сурады.
37 «Даңкка бөлөнгөнүңдө, бирибизди оң жагыңа, экинчибизди сол жагыңа отургуза көр»,— дешти алар+.
38 Иса: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы же мен чөмүлтүлө турган чөмүлтүлүү менен чөмүлтүлө аласыңарбы?» — деп сурады+.
39 Алар: «Ооба»,— дешти. Ошондо Иса: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, мен чөмүлтүлө турган чөмүлтүлүү менен чөмүлтүлөсүңөр+.
40 Бирок оң жана сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм+. Ал орундар кимдерге даярдалса, ошолор отурат»,— деди.
41 Муну укканда берки он шакирт Жакып менен Жаканга ачуулана башташты+.
42 Иса аларды чакырып алып, мындай деди: «Башкаруучу деп эсептелгендердин элге үстөмдүк кыларын, аттуу-баштуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер+.
43 Бирок силердин араңарда андай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун+.
44 Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун+.
45 Анткени адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес+, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн+ жанын кун катары бериш үчүн келген»+.
46 Иса менен шакирттери Жерихого келишти. Кийин ал шаардан көп эл менен чыгып баратышканда, жол боюнда Тимейдин уулу Бартимей деген сокур кайырчы отурган эле+.
47 Назареттик Исанын өтүп баратканын укканда ал: «Дөөтүнүн Уулу+ Иса, мага кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкыра баштады+.
48 Көптөр аны тыйып жатышты. Ал болсо: «Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр!» — деп ого бетер катуу кыйкырып кирди+.
49 Иса токтоп: «Бери чакыргыла»,— деди. Ошондо сокур кишиге: «Кайраттуу бол! Ордуңан тур, сени чакырып жатат»,— дешти+.
50 Ал сырт кийимин чечип ыргытты да, ордунан секирип туруп, Исага барды.
51 Иса андан: «Эмне кылып берейин?» — деп сурады+. Сокур киши: «Раббуни*, көзүм көрсүнчү»,— деди+.
52 Иса ага: «Бара бер. Сени ишенимиң айыктырды»,— деп айтты+. Ошол замат анын көзү көрүп калды+. Анан ал Исанын артынан жөнөдү+.