Забур 80:1—19
Башчыга. Лилиялар+. Эске салуу. Асаптын забуру+. Ыр.
80 Жусупту отордой кылып жетектеп жүргөндүн Өзү+,Ысрайылдын Койчусу, кулак сал+.Керуптардын+ үстүндө отургандын Өзү, жаркыра+.
2 Эпрайымдын, Бенжеминдин, Менашенин алдында кудуретиңди көрсөт+,Бизди куткарганы кел+.
3 Оо, Кудай, бизди кайтарып кел+,Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.
4 Оо, Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы, элиңдин тиленүүсүнө качанга чейин кыжырлана бересиң?+
5 Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң+,Көз жашын көл кылып, аларга жаш артынан жаш жуткуздуң+.
6 Бизди коңшуларыбыздын талашына айланттың+,Душмандарыбыз да каалашынча шылдыңдап жатышат+.
7 Асман аскерлеринин Кудайы, бизди кайрып кел+,Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.
8 Сен Мисирден жүзүм сабагын алып келдиң+,Аны отургузуш үчүн элдерди кууп чыктың+,
9 Ал тамыр байлап, жайыла өсүшү үчүн+, жерди тазаладың+.
10 Анын көлөкөсү тоолорго түштү,Бутактары Кудайдын бал карагайларын жаап калды+.
11 Ал бутактарын деңизге чейин+,Жаш бутактарын дарыяга* чейин жайды+.
12 Анын таш дубалдарын эмне үчүн ураттың+,Жанынан өтүп бараткандардын баары анын мөмөлөрүн эмнеге үзүп кетишти?+
13 Аны токойдогу каман кемирип+,Талаа жаныбарлары талап жеп жатат+.
14 Асман аскерлеринин Кудайы, кайтып келе көр+.Асмандан көз чаптыр, бул жүзүм сабагына кам көр+.
15 Оң колуң отургузган сабакты бак+,Өзүң үчүн өстүргөн уулуңа көз кырыңды сал+.
16 Жүзүм сабагы өрттөлүп, кыйылды+,Эл жүзүңдүн сүрүнөн жок болду+.
17 Сенин колуң оң тарабыңдагы кишинин үстүндө+,Өзүң үчүн күчтүү кылган адам уулунун үстүндө болсун+.
18 Биз сенден баш тартпайбыз+,Сенин ысмыңды чакырышыбыз үчүн, бизди сактап кал+.
19 Оо, Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы, бизди кайрып кел+,Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.
Шилтемелер
^ Евфратка.