Забур 78:1—72
Маскил. Асаптын забуру+.
78 Оо, элим, менин мыйзамыма кулак сал+,Оозуман чыккан сөздөргө кулак төшө+.
2 Менин оозуман накыл сөздөр чыгат+,Байыркы табышмактар куюлат+.
3 Ошол уккан-билгендерибизди+,Ата-бабаларыбыздын айтып бергендерин баяндайм+.
4 Биз аларды урпактарынан жашырбайбыз+,Келерки муунга айтып беребиз+,Жахабанын даңкын, күчүн+,Жасаган ажайып иштерин жарыялайбыз+.
5 Ал Жакыпка насаат+,Ысрайылга мыйзам берген+,Балдарына үйрөтүүнү осуят кылып+,Ата-бабаларыбызга буйруктарын берген+.
6 Аларды келерки муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн+,Алар да өз балдарына айтып бериши үчүн+,
7 Алар Кудайга таянышы үчүн+,Анын иштерин унутпай+, осуяттарын сакташы үчүн+,
8 Өздөрүнүн ата-бабаларындай болбошу үчүн, буйруктарын берген+.Алардын мууну өжөр, козголоңчул+,Руху менен Кудайга берилбеген+,Жүрөгүн даярдабаган муун болгон+.
9 Эпрайым уулдары куралданып, жаа тартышса да+,Салгылаш күнү артын көздөй качышкан+.
10 Алар Кудайдын келишимин сакташкан эмес+,Анын мыйзамы боюнча жашашкан эмес+.
11 Ошондой эле анын эмнелерди кылганын+,Көрсөткөн ажайып иштерин унута башташкан+.
12 Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында+Мисир жеринде+, Соан талаасында+ кереметтерди көрсөткөн.
13 Ал деңизди экиге бөлүп, аларды өткөргөн+,Сууларды тосмодой кылып тургузган+.
14 Күндүз аларды булут менен+,Түнкүсүн оттун жарыгы менен жетектеп жүргөн+.
15 Чөлдөн аскаларды жарып+,Суу туңгуюктарынан ичиргендей алардын суусунун кандырган+.
16 Ал зоокадан суу агымдарын чыгарган+,Сууну дайрадай агызган+.
17 Бирок алар какшыган жерде Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып+,Анын алдында ого бетер күнөөгө бата беришкен+,
18 Өздөрүнүн жанына жаккан тамакты сурап+,Жүрөктөрүндө Кудайды сынашкан+.
19 Алар Кудайга каршы сүйлөй башташкан+,«Кудай чөлдө дасторкон жая алабы?» — дешкен+.
20 Ал асканы чапканда+,Суулар агып, суу агымдары оргуштаган+.Алар болсо: «Ал нан да бере алабы+,Элине тамак камдай алабы?» — дешкен+.
21 Муну Жахаба угуп, катуу каарданган+,Жакыпка от түшүргөн+,Ысрайылга ачууланган+.
22 Анткени алар Кудайга ишеним артышкан эмес+,Анын куткарарына ишенишкен эмес+.
23 Ал булуттуу асманга буйрук берип,Асман эшиктерин ачкан+.
24 Элине жегенге манна жаадырган+,Асмандан азык берген+.
25 Адамдар кубаттуулардын* нанын жешкен+,Кудай аларга тоюшунча тамак берген+.
26 Асманда чыгыш шамалын соктурган+,Күчү менен түштүк шамалын үйлөгөн+.
27 Аларга тамакты чаңдай+,Канаттууларды деңиз кумундай жаадырган+.
28 Аларды өз конушунун ортосуна+,Чатырларынын айланасына түшүргөн+.
29 Алар жеп, аябай тоюшкан+,Кудай аларга каалаганын берген+.
30 Бирок ооздорундагы тамагын жута электе+Андан да көптү көксөшкөн.
31 Ошондо Кудай аларга каарданып+,Күчтүүлөрүн өлтүрө баштаган+,Ысрайылдын жигиттерин сулаткан.
32 Ошонун баарына карабай, алар күнөө кыла беришкен+,Анын ажайып иштерине ишенишкен эмес+.
33 Андыктан Кудай алардын өмүр жылдарын коркунуч менен өткөзгөн,Алардын күндөрү дем сыяктуу түгөнгөн+.
34 Кудай аларды өлтүргөндө, ага кайрадан кайрылышкан+,Кайрылып келип, Кудайды издешкен+.
35 Кудайдын өздөрүнүн Аска-зоосу экенин+,Эң Жогорку Кудайдын өздөрү үчүн өч аларын эстешкен+.
36 Алар аны ооздору менен алдоого+,Ага тилдери менен калп айтууга аракет кылышкан+.
37 Жүрөктөрү анын алдында туруктуу болгон эмес+,Анын келишимине ишенимдүү бойдон калышкан эмес+.
38 Бирок ал кайрымдуулук кылган+, алардын күнөөлөрүн кечирген+, аларды кырып таштаган эмес+,Көп жолу каарын кайт кылган+,Бүт жаалын чачкан эмес.
39 Кудай алардын тек гана пенде экенин+,Алардын руху* чыгып, кайрылып келбей турганын унуткан эмес+.
40 Алар чөлдө ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан+,Ээн талаада канча жолу көңүлүн оорутушкан!+
41 Кудайды кайра-кайра сынашкан+,Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен+.
42 Алар анын күчтүү колун+,Душмандан куткарган күнүн унутуп коюшкан+.
43 Мисирде көрсөткөн жышаандарын+,Соан талаасындагы кереметтерин+,
44 Алар суу иче албай калышы үчүн+,Нил дарыясынын чоң арыктарын канга айлантканын унутуп коюшкан+.
45 Кудай аларды чактырыш үчүн көгөөндөрдү+,Ойрон кылыш үчүн бакаларды жиберген+.
46 Түшүмдөрүн коңуздарга,Мээнетин чегирткелерге жедирген+.
47 Алардын жүзүм сабактарын мөндүр менен+,Анжир дарактарын добул менен талкалаган+.
48 Жүк ташыган жаныбарларын мөндүр менен+,Малын катуу оору менен кырган.
49 Аларга кайнаган каарын төккөн+,Жаалын, өкүмүн, алааматын көрсөткөн+,Баарын кыйратууга периштелеринин кошуундарын жиберген+.
50 Ал өзүнүн каарына жол даярдаган+,Алардын жанын өлүмдөн сактаган эмес,Жугуштуу ооруга чалдыктырган+.
51 Акырында Мисирдеги бардык тун балдарды+,Хам чатырларындагы тукум улоочу күчтүн башталышын кырган+.
52 Анан өз элин койлордой кылып алып чыккан+,Аларды чөлдө отордой кылып жетектеген+,
53 Коопсуз алып жүргөн, алар эч нерседен коркушкан эмес+,Душмандары болсо деңизге көмүлгөн+.
54 Аларды өзүнүн ыйык жерине+,Оң колу менен ээ болгон ушул тоолуу аймакка алып келген+.
55 Башка элдерди алардын алдынан бара-бара кууп чыккан+,Аларга ченегич жип менен мурас бөлүп берген+,Ысрайыл урууларын үйлүү-жайлуу кылган+.
56 Бирок алар Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып, аны сынай башташкан+,Анын насааттарына карманышкан эмес+.
57 Ата-бабаларына окшоп, артына кетишкен, ишенимсиздик кылышкан+,Тээги бош жаадай бузулушкан+.
58 Бийик жерлери менен Кудайга акарат кылышкан+,Аны оюп жасалган буркандары менен кызгантышкан+.
59 Кудай көрүп+, катуу каарданган+,Ысрайылдан жийиркенип калган+.
60 Акырында Шилодогу ыйык чатырды+,Пенделердин арасындагы чатырын таштап кеткен+.
61 Ал өзүнүн күчүн туткунга+,Көркүн душмандын колуна салып берген+.
62 Элин кылыч мизине алдырган+,Мурасына каарданган+.
63 Жигиттерин от жалмаган,Кыздары нике ырын укпай калышкан+.
64 Дин кызматчылары кылычтан кырылышкан+,Алардын жесирлери ыйлашкан эмес+.
65 Ошондо Жахаба уйкудан ойгонгондой ойгонгон+,Шараптан соолуккан жоокердей ойгонгон+.
66 Ал качып бараткан душмандарына сокку урган+,Аларды түбөлүккө маскара кылган+.
67 Жусуптун чатырын четке каккан+.Ал Эпрайым уруусун тандаган эмес+,
68 Жүйүт уруусун+,Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алган+.
69 Ыйык жайын бийик чокулардай+,Түбөлүккө түптөлгөн жердей кылып тургузган+.
70 Кызматчысы Дөөтүнү тандап+,Аны кой короолордон алып чыккан+.
71 Козулуу койлордун артынан жүргөндө+,Аны эли Жакыпты+,Мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келген+.
72 Дөөтү аларды таза жүрөк менен кайтарган+,Жөндөмдүү колу менен жетектеп жүргөн+.